Борбор Азия

Доллардын көтөрүлүүсү кыргыздарга кандай таасир этет

16 августа 2018 г. 11:22 1954

Кыргыз Республикасында долларга көп нерсе байланып турат. Өлкө бул валютага түркүн товар жана күйүүчү май сатып алып, карызын да төлөйт. Доллардын кунунун артуусу ар бир кыргызга кандай таасир берет деген суроо күндемде

Өткөн аптада доллар Орусия, Казакстан, Кыргыз Республикасында жана Түркияда кымбаттай баштады. Мунун себеби эмнеде экенин жана америкалык валютанын жогорулоосу эмнеге алып келээрин эксперттер түшүндүрдү.

Сом эмне болду?

Улуттук валютабыздын куну тартыла баштаганга чейин доллар 68,25тен сатылып, 68,07ден алынып турган. Кечээ Бишкектин акча алмаштыруу жайларында аны 69,5дөн сатып, 69,2дан алып жатышты. Башкача айтканда доллар бир нече күндө бир сомдон ашык кымбаттаган.

Доллар эмнеге өсүп баштады?

Орусияда доллардын курсу 64,5 рублдан 68,2ге чейин көтөрүлгөн. 14-августта америкалык валюта бир аз чегинип, 67 рублге токтогонсуду. РИА Новости жазгандай, ага Орусияга каршы АКШ киргизген жаңы экономикалык санкциялар түрткү болгон.

Казакстанда доллар бир аптада 14 теңгеге өстү. Кечээ бир америкалык долларга 363,5 теңге берип жатышты. Ага рублдун алсыраганы жана мунайдын арзандаганы түрткү берген.

Түрк лирасы да кунун жоготуп, 5,75тен 7,20га кулап түшкөн, деп билдирет РИА Новости. Буга эки түрк министрине коюлган санкция жана Түркиядан АКШга кирген болот менен алюминийден алынган төлөмдүн эки эсе артуусу себеп болгон.

Бул мигранттарга кандай таасир этет?

Түрдүү маалыматтар боюнча чет жакта миллионго чейин кыргыз (Кыргыз Республикасында өзбек, орус, уйгур, дунган жана башка элдер кыргыз жарандык улутунун (буга чейинки кытай, сарт, калмак уруулары сыяктуу эле) уруулары болуп калат – Саресеп) иштейт. Алардын көпчүлүгү Орусияда болгону менен бир топ кыргыз Казакстан менен Түркияда эмгектенет. Алардын мекенибизге которгон акчалары жылына эки миллиард долларга жетип, ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) үчтөн бирин түзүп келет.

Базарлар, соода ишканалары менен кызмат сунуу тармактары боюнча ассоциациянын президенти Сергей Пономарёв рублдун алсыраганы биздин бул өлкөдөгү мигранттарыбыздын кирешесин азайтып, акча которууларга да кедергисин тийгизет деген ойдо.

“Сүйүнүчтүүсү, бүгүн 2014-2015-жылдагы доллар менен теңгенин төмөндөөсүнөн улам акча которуулар азайган сценарий кайталанбайт. Буга экономикалык себептер жок. Глобалдуу күчтөрдүн саясий оюндары гана таасир бериши мүмкүн”, - дейт эксперт.

Түркияда иштеген кыргыздын көбү лира менен маяна алат, кээси гана доллар табышат. Учурда экөөсү тең чочуп турган чак. Мисалы, мекендешибиз Инаш Азим мигранттын көбү лираны долларга айлантып, анан КРдеги туугандарына жөнөтүп турчу деп билдирди. “Эми доллар мынча өсүп кеткен соң которуу азаят же таптакыр токтойт. Биздин жарандар Түркиядан чыгып кетүүнү ойлоно башташты, маяна азайды, жашоо болсо мурунтан эле кымбат болчу”, - деди Азим.

Сергей Пономарёвдун баамында жогоруда айтылган мамлекеттердин бийлиги улуттук валютасынын кунун сактап калганга аракеттенет, бирок жарандарынын нааразылыгы пайда болушу мүмкүн. Ал валюта базарындагы дүрбөлөң улуттук валюталардын түшүүсүнө алып келип, бирок кийин алар кайра “оорлошуп” алат деген ойдо. Бирок, кандай болбосун, августтун башындагы деңгээлге рубль, теңге жана лира жакын арада кайтып келе албайт деп ишенет Пономарёв.

Абал сомго кандай таасир берет?

Ата-мекендик экономика Орусияныкы менен тыгыз байланышта болгондуктан сомдун куну төмөндөйт деп эсептейт Пономарёв. “Улуттук банк (УБ) тез түшүп кетүүсүнө жол бербейт, анткени калк нааразы болуп, активдүү аракетке өтүүсү мүмкүн. УБнын долларды сатуу (интервенция) жана экономикадан сомду чыгарып кетүү сыяктуу куралдары бар. Экинчи вариантынын минусу – сомдун тартыштыгынан ишкердик басаңдайт. Бирок плюс жагы – финансчылар кызыл кулактык кылбастан, валютасын сомго алмаштырганга аргасыз болушат”, - деп түшүндүрөт ассоциациянын башчысы.

Акырында Пономарёв жарандарга дүрбөлөңгө түшпөөнү, курстун өйдө-ылдый болуусунан пайда табам деп “ойнобоону” сунуштады. “Мындан уттурабыз, сиз финансчыларды эч качан ута албайсыз. Эң жакшысы, каражатыңызды сом, доллар жана евродо сактай берүүнү улантуу керек. Мындан утпасаң да, уттурбайсың. Андан башка вариант да бар. Улуттук банктын алтын куймаларын сатып алса болот. Алтындан буга чейин эч ким күйө элек”, - деп кошумчалады ал.

Товарлардын баасына кандай таасир этет?

Камсыздоочулар ассоциациясынын президенти Гүлнара Үскөнбаева доллардын өсүүсү инфляцияга алып келет деген ишенимде.

“Көп товарлар чет өлкөдөн алып келинип, келишимдин көбү долларга бекитилген. Күздө гана, анча тез болбосо да, баалардын өсүүсүн күтүү керек. Анткени жөнөтүүчүлөр товардын үстүнө кошкон кирешесин (маржа) азайтууда. Алар башка аргасы түгөнгөндө гана бааларды көтөрүшөт”, - дейт Үскөнбаева.

Күйүүчү майлардын баасы эмне болот?

КРдин мунай трейдерлеринин аткаруучу мүдүрү Улан Кулов күйүүчү-майлоочу материалдарынын 90%ы долларга импорттолорун эскертти. Анын айтымында валютанын курсу күйүүчү майдын баасын бычуудагы эң маанилүү факторлордон.

“Азыр абал туруктуураак. Июлда баалар өзгөргөн эмес, августта да күтүлбөйт. Доллар бир аз өстү. Албетте, өсүүсүн улантса, бааларга таасир этет, бирок канчалык өзгөртөөрү сентябрга жакын билинет”, - деп түшүндүрдү Кулов.

Мамлекеттик карыздарды төлөөгө канчалык таасири бар?

Мамлекеттик карыздар көбүнчөсүн доллар менен кайтарылаарын эскерте кетели. Каржы министрлиги алар 71,6 курсу менен бычылган деди. Бул реалдуу курска байланышы жок эсептик көрсөткүч. Министрлик тынчсызданууга жүйө жок деп ишендирди.

Бакыт Толканов, Спутник-Кыргыз Республикасы