Ара жолдогу мамлекет

Башар Асад өзүнүн генералдарын өлтүртө баштады

15 августа 2018 г. 15:22 2413

Асад режиминин жакшыларын козголоңчулар өлтүргөн жок. Согуш учурундагы кылмыш, адам укугун бузуу жана Эл аралык кылмыш-жаза соту куугунтуктаган жогорку макамдагы сириялыктардын жанын алмай акыркы жети жылда айрыкча күчөдү. Жакында эле Хама аймагынын Масьяф шаарындагы илимий-изилдөө борборунун башчысы доктор Азиз Асбар өлтүрүлдү.

Мурунку премьер-министр Махмуд аз-Зуби менен ички иштер министри Гази Канаандын өлүмү “өз жанын кыюу” деп бааланды. Эксперттердин айтымында режимдин кылмыштарын ашкере кылчу башка далилдер буга чейин эле жок кылынган. Аскерлердин арасындагы кылмышкерлер менен эл аралык соттон акыйкат издегендер аскердик операциялар учурунда жок кылынып жатат. Генералдар Жаме Жаме, Иссам Захреддин жана Махмуд Ахмед Маатуктар дал ушундай операциялардын учурунда өлтүрүлгөн. Жакында “чыккынчылар өлтүрдү” деген шылтоо менен Азиз Асбар жана Асаддын шиит милистеринин бир нече офицери жок кылынган. Бул кылмыштар Асад режимине болгон ишенимди жоюп, акылда өлүмдөрдүн чыныгы себептери эмнеде деген суроо пайда кылып жатат.

Кылмышты тергөөнү бурмалоо

Аналитик, аскер эксперти жана генерал Ахмед Рахалдын айтымында, бул жан таслимдердин баарынын аркасында Асад режими бар. “Асад режими акыркы жылдары сириялыктарга каршы кылынган кылмыштардын күбөлөрүн жок кылуу үчүн аткаминерлер менен офицерлердин көзүн тазалап жатат. Алардын кылмыштары үчүн суракка тартылуусун каалабайт, анткени алар режимдин кылмыштары тууралуу маалымат берип кутулганга аракет кылуулары мүмкүн”, - дейт ал.

“Хак” маалымат агенттигинин башчысы Абдул Разак Султан да аткаминерлердин өлүмүнөн режимди күнөөлөйт. “Асаддын режими аткаминерлер менен офицерлердин колу менен сириялыктарды өлтүрүүнү токтоткондон кийин ыңкылапты колдон келген бардык нерселер менен басууга киришти. Ал кылмыштарынын, айрыкча аскердик кылмыштарынын изин өчүрүү үчүн, анын ичинде карапайым жарандарга химиялык курал колдонгонуна күбөлүккө өтө алчу кишилерден кутула баштады. Асбар Сирияда химиялык курал өндүрүүдө иштеген өтө маанилүү киши болчу”, - деп айтып берген Султан Orient Net агенттигине.

Адам акысы менен эл аралык укукту жактоо кыймылынын активисти, адвокат Мустафа Али бир нече укук коргоо уюму Асад режиминин жарандарга каршы кылмыштарын документтештирип жатканын тастыктайт. Ал кылмышка барган аткаминерлер менен офицерлердин жана алар өлтүргөн кишилердин тизмеси бар экенин айтат. Алардын арасында “Седная” түрмөсүнүн мүдүрү генерал Махмуд Маатук, генерал-майорлор Махмуд Хасан менен Жаме жана ондогон офицерлер менен чиновниктер бар. Өздөрү жактаган режими алардын жандарын алып, өлүмдөрү тууралуу жалган кептерди тараткан.

“Канаттарды кесүү”

Акыркы убакта Асад режими аткаминерлер менен офицерлердин көптүгүнөн запкы чеге баштаган. Асад алардан келүүчү коркунучту сезип, кол алдындагылары өзүн сатып кете электен мурун алардан арылуу аракетине өттү.

“Ыңкылап башталаар замат Асад режими кээ бир аткаминерлерге жеңилгис киши түрүн кийгизип, козголоңду басыш үчүн, аларга бийлик берди. Рустум Газали, Иссам Захреддин, генералдар Сухель аль-Хасан жана Мухаммед Хаддурлар ошондой түр жана бийлик берилген кишилерден болчу, - деген полковник Халед Хадами Orient Netке берген маегинде. – Режим мындай кишилерден коркуп, алар канкор режим менен диктаторлук башкарууга кооптуу деп эсептеди. Асад аларды өлтүрүү менен башкаларынын да “канаттарын кыркууну” чечти. Мисалы, генерал-майор Рафик Шехаде менен генерал Рустум Газали белгисиз жагдайда сириялык бетапканада жан беришти. Бул бейтапкана режимден жогору болом дегендердин мазары болуп калды. Жакында Сухель аль-Хасан сыяктуу башка кишилерди да өлгөндөрдүн катарында эскере баштайбыз”.

Жан алган эл аралык мамилелер

Өз кезегинде оппозициячы, инженер Яхья Наана кээ бир аткаминерлер менен офицерлердин өлүмүн Сирияда кызыкчылыгы бар өлкөлөр менен байланыштырган. Доктор Азиз Асбардын өлүмү жөнүндө: “Режимдин улуттук көрөңгөсү жок болгондуктан, ал Израиль, Орусия жана Ирандын куралы болуп калды. Мен Асбарды Иран менен тыгыз байланышы жана химиялык курал менен ракеталарды иштеп чыкканы үчүн Орусия жайлап салды деп эсептейм”, - деген.

Генерал Рахаль Асад режиминин кызыкчылыктарын Израилдики менен байланыштырып, Азиз Асбардын өлтүрүлүүсүн “Хезболланын” милистеринин башчысы Имад Мугнияны Израилдин чалгын кызматы өлтүргөнү менен салыштырган.

Умар хадж Ахмед, Orient.net, Сирия