Борбор Азия

​“Каспий бешилтиги” Каспий деңизин колдонуу макамын сүйлөшүп алды, бирок...

14 августа 2018 г. 14:09 1369

Каспий деңизин жээктеген беш өлкөнүн лидерлери 22 жылдан бери бүтпөй келген Каспий деңизинин укуктук макамына кол коюшту. Бирок көйгөйлөр дагы эле уланууда.

“Каспий бешилтиги” - Азербайжан, Иран, Казакстан, Орусия жана Түркмөнстандын президенттери 12-август жекшембиде 1996-жылдан бери иштелип келген Каспий деңизинин Укуктук макамы тууралуу конвенцияга Актауда кол коюшту.

Бул өлкөлөр үчүн Каспийди бөлүшүүдө 1982-жылкы БУУнун Деңиз укугу тууралуу конвенциясын колдонобузбу, же трансаймактык көлдөр ыкмасын колдонуу керекпи деген маселе негизги көйгөй болуп келген.

Натыйжада, суунун негизги бөлүгү деңиз деп эсептелип, аны беш өлкө бирдей колдонууга жана түбү менен кендерин эл аралык укуктун негизинде дүйнөдө иштеп жаткан келишимдерге жараша бөлүштүрүүгө макулдашышты.

Кол коюлган конвенция негизги жоболорду камтыган укуктук базадан турганы менен, ортодогу алакаларды толук камтыган эмес.

Бир пикирге келиштиби?

Казак президенти Нурсултан Назарбаев кол коюудан мурун журналисттерге: “Биз бүгүн Актауда биргелешип иштешкен соң, бир пикир менен бирдей түшүнүккө келгенибизди бүткүл дүйнө алдында айта алабыз”, - деп билдирди.

Бирок анын коллегасы, Ирандын президенти Хосан Роухани мындай ишеним билдирбей, “бөлүштүрүү боюнча сүйлөшүүлөр улантылуусу зарыл” деп баса белгиледи.

Анын айтымында, Каспийдин түбү менен кендерин бөлүштүрүүдө “чийип чыгуу усулдары менен баштапкы сызыктарды белгилөөдө” көбүрөөк ачыктык керек.

Бул көйгөй боюнча бир пикирге келиш үчүн беш өлкөнүн далдалчылары өзүнчө келишим түзүп чыгуулары зарыл деп баса белгиледи Роухани.

Беш тараптуу кеңешменин механизми

Кол коюлган конвенцияга жараша, кол койгон өлкөлөрдүн карамагына кирген суулар жээгинен 15 милден (28 чакырымга жакын), ага кошумча ажыратылган балык кармоо суулары болсо 10 милден (19 чакырымдын тегереги) ашпоосу керек.

Деңиз түбүндө болсо, ар бир өлкөгө тиешелүү аймактан 500 метрден көп эмес жер коопсуздук зонасы катары каралмакчы.

Бул секторлордун негиз катары алынчу жээгинин баштапкы сызыктары боюнча Каспийди жээктеген беш өлкө сүйлөшүүлөрүн улантуусу зарыл.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов бул маселеге байланыштуу тышкы иштер министрлеринин алдында беш тараптуу ырааттуу кеңешме (косультация) механизмин ишке киргизүүнү сунуштады.

Жакынкы мөөнөттө “каспий бешилтигинин” тышкы иштер мекемелери мындай кеңешмелерди баштоо маселесин карап чыгуулары керек дейт “Интерфакс” агенттиги.

Башка өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнө тыюу

Конвенцияга “Каспийге региондон сырткаркы дөөлөттөрдүн куралдуу күчтөрүн киргизүүгө жол бербөө” жобосу киргизилген. Бул деңиздин коопсуздугун Каспийди жээктеген беш мамлекет гана камсыздайт дегендик.

Бул маселе боюнча Ирандын президенти Роухани: “Каспийде чет мамлекеттик согуш кемелеринин болуусуна тыюу салынды”, - деп белгилей кетти.

"Документте Каспий өлкөсүнө каршы иш кылууга же кол салууга, Каспийди жээктеген мамлекеттердин жери чет өлкөлүктөргө колдонууга берилүүсүнө тыюу салынат" деп баса белгиледи ал.

Акыркы талап, кээ бир орусиялык ЖМКлардагы эксперттерге шилтеме берилип, казакстандык Актау менен Курык шаарларында АКШнын аскердик базалары жайгашуусу мүмкүн деген билдирүүлөргө карата айтылгандай. Учурда бул порттор аркылуу Казакстан америкалык согуштук эмес жүктөрдү Афганистанга өткөрүп жатат. Бирок Казакстандын тышкы иштер министрлиги бул кабарларды жалган деп төгүндөгөн.

Журналисттерге чыккан Орусия президенти Владимир Путин “бешилтиктеги” өнөктөштөрүнө бул өлкөлөрдүн аскердик деңиз флотторунун кеңешмелерин өткөрүп турууну сунуштады.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев сөз кезеги келгенде аскердик тармак боюнча ишеним чаралары тууралуу өзүнчө беш тараптуу келишимге кол коюу даярдалып жатат деп кошумчалады. Документ Каспийдеги куралдануу тең салмактыгын камсыздоого багытталат деп белгиледи ал.

Мөөнөтсүз конвенция

Мындан сырткары конвенция Каспийдеги кен чалгыны менен мунай-газ транзитиндеги тараптардын кызыкчылыктарын бекиткен. Ал балык уулоо менен деңизде жүрүүнүн да укуктук негиздерин тескейт.

Документ катышкан өлкөлөр тарабынан ратификациялангандан кийин күчүнө кирип, мөөнөтсүз мүнөзгө ээ.

Deutsche Welle, Борбор Азия