Ислам дүйнөсү

Түркия, тамашасы жок, кышында тезек тергени калды

13 августа 2018 г. 0:45 6979

Советтер Союзу тараганда биринчилерден болуп Түркияга окуганы барган жакын таанышым Стамбулду кышкысын кара түтүн каптап турчу деп айткан эле. Себеби көп кабаттуу үйлөрдө ар батир меш жакчу экен. Ооба, кадимки көмүр каланган мештердин кернейлери ар батирдин терезесинен сороюп, түтөп турчу деген.

Кыргыздарга таанымал болгон “тезек тергиле” деген сөздү өткөн аптада Нью-Йорктук түрк журналисттин оозунан угуп, "Аа, булар да тезекти тезек дейт турбайбы", - деп ойлонуп калдым.

Түрктөрдүн тезек маселеси да кыргыздыкына окшош жагдайда чыкты. Түркия быйыл оор экономикалык абалга кептелди.

НАТОнун эки ири мүчөсүнүн санкция кармашы бул аптада да уланды. Анкарада жүз кишиге жетпеген жамаатты жетектеген евангелист молдоке Эндрю Брансон эмитен эле “тарыхтагы эң кымбат туткун” аталды. Анын айынан АКШ Түркиянын ички иштер жана адилет министрлеринин мал-мүлкү менен акча-каражатын камакка алган.

Мунун кесепети кандай болот десеңиз, бул эки министр түрк лирасынан башка каражат иштете албай калат дегендик. Коррупциялашкан мамчиновниктин кимисинен сураба, бул оор жаза. Анткени алар ири суммадагы параны доллар/евро менен гана алат.

Түркия да АКШнын ошондой эле министрлерине ошондой эле жаза берди. Бирок анысынан эч майнап чыкпасы түшүнүктүү, анткени бул эки америкалык министр түрк лирасы кандай экенин деле билбейт болуш керек.

Түрк бийлиги Эндрю Брансонду бербейм дегенсиди эле, Вашингтон бул аптада Түркиядан АКШга кирген темирге койгон алымын 25%дан 50%га көтөрүп салды. Ансыз деле "Түрк мамлекеттик банктарга айып пул салынат, Түркияга абройлуу каржы булактары карызга каражат бербей калды" деп дүрбөп жаткан түрк валюта базары ого бетер дүрбөлөңгө түштү.

Аптанын башында долларга карата наркы 5,53 болгон түрк лирасы, айрыкча жума күнү 7 лирага чейин секирди. Стамбулда чекене соода менен алектенген таанышым “дүң саткандар товар бербей калды” деп ватсабына жазды. Акыры доллар 6,40ка токтоп, түрк лирасы бир аптада 15,38% кунун жоготту. Муну бир аптада сомдун 68ден 78ге секиргени менен салыштырса болот.

"Эми жагдай эмне болмокчу?" деген суроомо Стамбулдагы досум: “Эрдоган Трамптан кечирим сурайт окшойт” деп божомолдуу жооп айтты. Бирок түрк серепчилери эки президент элдешсе эле баары эски нукка түшөт деген ой ката дешет.

Каржы жана экономика илиминин доктору, журналист Атилла Йешилада "Түрк экономикасынын илгерилөөсүнө эмне тоскоол болуп жатат?" деген суроого эң так жооп бергендердин бири. Ал 11-августта ihvalnewstr.com сайтында “Жаңы экономикалык модель, эски мээ” деген макаласын жарыялаган.

Макаласынын башында президент Тайып Эрдоган баш болгон түрк өкмөтү туура экономикалык максаттарды койгонун белгилеген. Бирок экономика турмуштун башка тармактары менен тыгыз байланышта экенин айтып, өлкөнүн эң чоң маселеси - демократия деп, төмөнкүлөргө токтолгон:

- Дүйнөнүн кайсыл болбосун белгилүү экономисттеринен сураба, баары тең "Жарым-жартылай демократия менен түрк өкмөтү койгон каржы-экономикалык максаттарга жетүү мүмкүн" эмес дешмек.

- Түркия жаңы технология чыгара алабы? Жок! Анткени эркин ой жүгүртүүнү жазаладык, 7 миң академикти террорчу деп иштен айдадык, эркин ойлонуу менен жаңы технологияларды ойлоп табуу ажырагыс экенин түшүнбөйбүз, эркин ойлонуп, эркин жазгандын баары сыртка качып кетти.

- Түрк коому чоң кошумча нарк бере алган өндүрүш түптөй алабы? Жок! Анткени мындай товар узак мөөнөттүк инвестицияны талап кылат. Ал үчүн аткаруу бийлигинен көз-карандысыз арбитраж, мал-мүлк акысын коргогон укук системасы, ачык-айкын тескөө саясатын бекем туткан мамлекеттик түзүлүш керек. Microsoft, Google же Apple сыяктуу жаңы технология иштеп чыккан компаниялар Түркияга бир тыйындык да өндүрүш курбайт. Себеби эртең эле бирөө келип өндүрүшүн тартып алса, бир да сот анын акысын коргоп бербейт.

- Жогорудагыдай адилетсиз системаны парламентке да арыздана албайсың. Анткени бир да олуттуу маселе боюнча депутаттык комиссия түзүү мүмкүн эмес. Эсептөө палатасы өкмөттүн бир да ишин текшере албайт.

- Узак мөөнөттө болсо да өлкөнүн түзөлүп кетүүсүн камсыздаган билим берүү системасы да жок. Анткени Түркияда келечекте бир нерсеге жетишем деген окуучу имам-хатиб лицейине окуганга мажбур. Ал жерде бийлик өзүн колдой турган сунний-түрк согушкерлерди тарбиялап жатат. Түрк билим берүү системасы өзүнө окшобогондорду (түрк калкынын 50%дан жогорусун) жек көргөн, так жана гуманитардык илимдер менен иши жок, заманбап дүйнөдө ордун таба албаган жаштарды тарбиялап жатат.

Бирок, Атилла Йешилада жазгандай, бийлигин колдогон түрктөр “Батышка багынып бергенден көрө, ачка калганыбыз жакшы” деп күпүлдөп турат.

Түркиянын президенти Тайып Эрдоган эртеңин ойлобогон түрктөрдүн көңүлүн кантип алууну жакшы билет. Ошондуктан акыркы митингинде АКШнын дарегине: “Пайыз, жаза, санкция дешет. Эч бирин уруп ойнобойбуз!” деп кыйкырды.

Бирок мунун баары өткөн сабак. Учурда Түштүк Американын Венесуэла деген мамлекети мындай сабактын акыркы үлгүсүн сунуп отурат. Мадуро деген президенти жеке бийлигин орноткон бул өлкөдө инфляция жыл аягында 1 000 000%га (ооба, бир миллион!) жетмекчи. Акыркы эки жылда Колумбияга миллион, Эквадорго жарым миллион венесуэлалык качып чыкты.

Түркия Батышты, айрыкча Евробиримдикти эки анжы абалда калтырды. Түрк бийлиги адам акысын канча тебелесе да, АКШ менен европалыктар өз принциптеринен тайып, жеке бийлигин орноткон Эрдоган менен туткун соода-сатыгын жүргүзүп жатат. Бирок сириялык 3,5 млн качкын менен бирге бала-чакасынын келечегин ойлогон жүз миңдеген түрк мекенинен качып баштаса эмне кылаары белгисиз. Ансыз деле акыркы шайлоолордо орустар тымызын колдогон улутчул күчтөр батыштын ири өлкөлөрүндө бийликти алып коë жаздашты.

Энергетика жана энергетикалык коопсуздук илиминин доктору Түгже Варол: “Түркия Венесуэла да боло албайт. Ал жерде мунай мол чыгарылат. Турктөр болсо керек мунай-газдын баарын долларга сатып алат. Доллар кымбаттаганы аз келгенсип, жакында мунай да кымбаттай баштайт. Себеби АКШ Иранга каршы санкцияларды киргизип жатат. Түркия болсо жылдык мунайынын 30%ын Ирандан алат. Мунайдын кымбаттоосу башка бардык товардын кымбаттоосуна алып келет”, - деген Moonstar интернет телесине.

Беш жыл мурун түрк-ислам дүйнөсүнүн эң күчтүү мамлекети бир заматта кантип итке минип калса болоорун Түркия бизге көрсөтүп турат. Бул өлкө адам акысы (намысы, ишеними, акыл-эси, тукуму, мал-мүлкү) корголбогон жерде эч нерсени коргоп калуу мүмкүн эместигинин жаңы үлгүсү.

Нью-Йорктук эркин журналист Адем Явуз Аслан айткан, кыргызга да түшүнүктүү “тезек топлаяжас” (тезек жыябыз) сөзүн быйыл кышында түрк жергесинен өз көзүбүз менен көрчүдөй болуп калдык.