Батыш

Даркнет - кылмышкерлер өзүн коопсуз сезген интернет

11 августа 2018 г. 23:27 1048

ДАРЕКСИЗ ЖАНА ШИФРЛЕНГЕН ИНТЕРНЕТ

Даркнет - бул интернеттин Google сыяктуу издөө системасына баш ийбеген, дарексиз жана көзөмөлдөн сырткаркы тарабы. Ал бир борбордон тескелбей, ага Tor сыяктуу атайын браузерлер аркылуу кирилет. Алар маалыматты шифрленген бир нече серверден өткөрүп, колдонуучу аны кайсыл жерден жүктөгөнүн билгизбей салат. Мындан сырткары бир эмес, бир нече даркнет болушу да мүмкүн.

Булардан сырткары дагы башка тоскоолдор бар: жабык топтордун жаңы колдонуучусун “ишенимдүү” же өзгөчө статусу бар бири сунушташы шарт. Мунун баарынан улам укук коргоо органдарынын даркнетти көзөмөөсү бир топ татаалдашат.

БАҢГИ, КУРАЛ ЖАНА ХАКЕРЛЕРДИН КЫЗМАТЫ

Даркнетте биткоин сыяктуу криптовалюталар колдонулуп, анонимдүүлүктү ого бетер арттырат. Ошондуктан даркнет башка системалардан автономдуу иштей алат.

Заманбап технологиялардын коомго таасирин изилдеген дүйнөнүн алдынкы адистеринин бири Жейми Бартлетт даркнетти ийне-жибине чейин карап чыгып, аны желедеги соода аянтчаларына салыштырган. Бартлеттин айтымында, даркнет заманбап соода сайттарынан кем калышпай, толугу менен алуучулардын муктаждыктарына багыттанып, алардын сын пикирлеринен бери кабыл алат.

“Даркнеттеги аянтчалар баңги сатууда эң көп колдонулат. Жыл сайын мындай сайттарда жүз миңдеген соода-сатык жүрүп, биткоин менен эсептешишет. Андан кийин, Amazon менен Ebay интернет-соода тармагынан сатып алынган кадимки товар сыяктуу, көрсөтүлгөн дарекке жеткирилет. Болгон айырмасы анонимдүүлүгүндө”, - деп түшүндүрөт Бартлетт.

Көмүскө интернетте курал сатылып, түрдүү жашыруун кызматтан көрсөтүлөт. Мисалы ал жактан желедеги ботторду (компьютер башкарган программа-робот) же кибер чабуул үчүн адистешкен хакерлерди жалдаса болот. Эгер кимдир-бирөөгө мындай чабуулдун куралдары гана керек болсо, даркнетте “червь” же “троян” сыяктуу компьютердик вирустарды сатып алса болот.

ДАРКНЕТТИН ДАРЕКСИЗ АЗГЫРЫГЫ

Франкруфт шаарынын киберкылмыштар менен күрөшүү боюнча прокурору Георг Унгефуктун атымында көмүскө интернет кылмыш дүйнөсүн анча өзгөрткөн эмес, бирок мүмкүнчүлүгүн кеңейткен. “Бул кылмыш дүйнөсүнүн бардык тарабына тиешелүү”, - дейт Унгефук. Анонимдүүлүк жазадан качууга мүмкүндүк берет деп ойлошот.

Даркнетке алгач ирет кирген киши да аны оңой эле колдонуп кете алат. “Буга чейин даркнеттеги ар бир аянтчада “тех-көмөк” тармагы каралып, анда укук коргоо органдарынан кантип коргонуп, аларды жалган изге салып жиберүү, жашыруун бойдон калуу ыкмалары түшүндүрүлчү”, - дейт Георг Унгефук.

ДАРКНЕТТИН ЖАРКЫН ТАРАБЫ

Даркнетти кылмышкерлердин куралы жана кримдүйнөнүн соода аянтчасы деп гана түшүнүп албаш керек. Интернеттин анонимдүү тарабы саясий куугунтук бар жана сөз эркиндиги жок өлкөлөрдө жашаган кишилерге коопсуз баарлашууну камсыздайт. Эдвард Сноуден ашкере кылган атайын кызматтары толук жана көзөмөлсүз аңдыган мамлекеттерде анонимдүү сүйлөшкүсү келген кишилерге жардам берет.

Бүткүл дүйнөдөгү оппозициялык кыймылдар Tor браузеринин артыкчылыктарын колдонушат. 2011-жылы ушул эле аталыштагы браузердин иштөөсүн камсыздаган Tor Project долбору Эркин программалык камсыздоо фондунун 2010-жылкы премиясын утуп алган. “Tor дүйнөдө 36 млн кишиге өзүнүн жашыруун калуусун көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүк берген”, - деп жазылган премия берүү жүйөөсүндө.

2015-жылы болсо Tor Project Германиянын Тышкы иштер министрлигинин да колдоосун тапкан. Оңой эле жүктөлгөн Tor браузери аркылуу даркнетке гана эмес, адаттагы интернетке да анонимдүү кирсе болоорун айта кетүү керек. Коопсуздуктун, албетте, оор тарабы да бар, Tor-браузер колдонгондо маалыматтарды жиберүү бир топ жайлайт.

Deutsche Welle, Дүйнө