Кытай/Индия

Кытай менен Орусия: Коркунучтуу байланыш

11 августа 2018 г. 0:59 1925

Москва менен Пекин калыптап келе жаткан альянска көңүл бурбоо Батышты кырсыкка учуратат.

Кансыз согуш учурунда Советтер Союзу менен Кытайдын ортосунда жарака кеткенин байкабай калганы Батыш чалгынынын тарыхындагы эң чоң каталарынан болгон. Американын Борбордук чалгындоо кызматынын (CIA) жектелген тобунун бири 1950-жылдары мындай чыңалуу бар экенин эскерткенине карабай, коммунисттик блоктун эң ири эки мүчөсү бири-бирин жек көрөөрүнө Вашингтон ишене албай койгон. 1969-жылы Сибирь менен Манжуриядагы совет-кытай чек арасында согуш чыгып кеткенде гана ишенбегендер да мындай жарака бар экенин көрүшкөн.

Эми Батыш мунун тетирисине кабылчудай болуп турат, анткени Москва менен Пекиндин батыш менен америкага каршы калыптанып жаткан альянсына кош көңүлдүк кылууда. Июнда Сингапурда өткөн конференцияда сүйлөгөн АКШнын коргоо министри Жим Метис Орусия менен Кытайдын “табиятынан ыкташпаган кызыкчылыктары” жөнүндө сөз кылып, алардын бири-бирине караганда Америка менен байланыштары олуттуураак деп ишендирди.

Орусия менен Кытай эч качан достошуп кете албайт деген пикир, кансыз согуш учурундагы, коммунисттик блок ажырагыс бирдик, деп эсептөө сыяктуу эле ката жана кооптуу көз-караш.

Батыштагы көпчүлүк эки өлкөнүн мамилесинин тез жумшарганын байкабай турган кезде, Си Цзинпин менен Владимир Путин бири-бирин мактап, ортолорунда жигиттик достук пайда болгонун жар салып келишет.

Путиндин айтымында, Си аны менен чөйчөк кагыштырып туулган күнүн бирге өткөргөн жападан жалгыз чет элдик лидер. Си болсо жакында орусиялык президентти “эң мыкты жана жакын досум” деп, аны кытай ордени менен сыйлады.

Диктаторлордун куруп чыккан системаларына өтө маанилүү болбогондо, мындай атайын уюштурулган нерселерге көңүл бурбай эле койсо болот эле. 2013-жылы Си Цзинпин КЭРдин жетекчиси болоору менен биринчи зыяратын Москвага кылды. Андан бери эки лидер 26 жолу жолугушкан.

Албетте, эки өлкө роль алмашып калгандыктан Орусиянын аброю аксап турат. Эгер Советтер Союзу Кытай үчүн “ага” болсо, учурда Орусия анын “карындашы” болуп калды. Бирок Кытай Москванын намысына шек келтирбей келет. Ал эки өлкө бирдей тең укуктуу экенин билдирип, Путиндин ишенимдүү кишилери менен кеңешчилерине майлуу-сүттүү контракттарды карматууда.

Эки өлкөнүн күчү теңешкис, себеби орусиялык экономика кытайлыктан 10 эсе кичине. Бирок андай болгону менен экономикалык мамилелер эки өлкө үчүн бирдей маанилүү. Кытай дүйнөдөгү эң ири мунай алуучу, Орусия былтыр ага негизги сатуучу болду. Мындан сырткары келечекте мунай-газды үзгүлтүксүз алып туруу үчүн Пекин Москвага он миллиарддаган насыя берди.

Орусиялык мунайды америкалык аскерлер жаап коë алчу, “бөтөлкөнүн” оозундай болгон Малак жана Аден деңиз кысыктарынан танкерлер менен ташып келүү керек эмес экени Кытай үчүн маанилүү.

Эки коңшунун аскердик мамилелери экономикалык кызматташуусунан да бир топ артыгыраак. Алгачкы чет элдик зыяратын Москвага кылган КЭРдин жаңы коргоо министри Вэй Фэнхэ так билдирүү жасады. “Кытай тарап америкалыктарга Кытай менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн биримдигин көрсөткөнө келди, - деди ал өзүнүн орусиялык макамдашына. - Биз сиздерди колдоп келдик”.

Муну да достук апыртмасы катары көрбөш керек. Кытайдын куралдуу деңиз күчтөрү жүздөгөн жылдары өз жээктеринен алыс кеткен эмес. Бирок бүгүн алар орусиялык куралдуу деңиз күчтөрү менен бирге Жапан жана Жерортолук деңиздерде токтобостон машыгып жатат. Орусия көптөгөн жылдар бою Кытайга заманбап курал сатпай келген, бирок учурда андай көз-караштан кайткан. Май айында Пекин орустардан алган эң жаңы согуштук учактарын демократиялык жана көз карандысыз Тайвандын асманынан учуруп, сес көргөздү.

Эки өлкөнү бириктирип турган идеология да эң маанилүү. Си менер Путин диктаторлук дымагы бар жеке башкарууну жактаган лидерлер. Экө тең ыйгарым укугу чектелген бийликти жек көрүп, АКШ колдогон түстүү ыңкылаптын кесепетинен бийликтен ажырап калам деп чочулашат. Алардын жакындашып, кучакташа кеткени АКШ менен Америка үстөмдүк кылган дүйнөлүк тартиптен жийиркенүү менен бирге, барган сайын бекемдеп бара жаткан, окшош кызыкчылыктарынын натыйжасы. Бул жагдай биримдиги анча бекемдей элек эки өлкөнүн ортосуна шынаа уруп коюуга Вашингтонго мүмкүндүк берет.

1960-жылдары Совет менен Кытайдын ортосунда жарака бар экенин Кошмо Штаттары түшүнбөй калган. Мындан улам коммунизм менен бардык жерде күрөшсө болот экендиги тууралуу “домино теориясы” Вашингтондо идеологиялык догмага айланган. Эгер Америка Никсондон он жыл мурун Кытай менен жакындашып кетсе, Вьетнамдагы үрөй учурган согуш менен кытайлык “маданий ыңкылабы” болбой калат беле.

Токтобой күчтөнүп, дүйнөдө АКШнын ордун ээлейм деген Кытай Америка үчүн Орусияга караганда олуттуураак жана узак мөөнөттүү көйгөй. 1972-жылы Кытай менен жарашуунун автору Генри Киссинжер Дональ Трампка “никсон стратегиясынын тескерисин”, б.а. Москва менен достошуп Кытайды жалгыздаштырууну сунуштаган.

Америкалык президерттин Орусия менен жең ичинен сүйлөшүп алганы тергелип жаткан учурда бул стратегияны ишке ашыруу мүмкүн болбой турат. Бирок калыптанып келе жаткан кытай-орусиялык альянс америкалык кызыкчылыктар менен учурдагы дүйнөлүк тартипке канчалык кооптуу экенин америкалык бийлик менен Трамптан кийинки президент түшүнүүсү керек.

Жамиль Андерлини, Financial Times, АКШ