Орусия

Сириянын Идлибиндеги орус-түрк тиреши жакындады

9 августа 2018 г. 23:15 1365

Мындан он жыл алды Башар Асад менен Режеп Тайып Эрдоган ажырагыс достой болчу. Бир жолу дамассктагы диктатор менен Түркиянын бүгүнкү президенти аялдары менен бирге Түркиянын түштүк-чыгышындагы Бодрумда бирге өргүшкөн. Андан кийин тыгыз сүйлөшүүлөр өтүп, экономикалык келишимдер түзүлгөн.

Азыр бул саясатчылар элдешкис душман - эки өлкөнүн мамилеси барган сайын начарлоодо. Себеби, жети жылдык жарандык согуштан кийин Алеппо, Хомс, Чыгыш Гута жана Дараадагы ийгиликтүү кармаштардан соң Асад өнөктөштөрү Орусия жана Ирандын жардамы менен Идлибге чабуулга өтмөкчү.

Учурда исламчылардын көзөмөлүндөгү козголондун акыркы чебин режим багындыргана турат. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Идлибде террорчуларга акыркы, жандарын сууруп алчу сокку урулат" деген үрөй учурган билдирүү кылды.

Мында Кремль жергиликтүү араб жыхадчыларды гана эмес, Орусиянын Кавказынан келип Идлибде жыйылган исламчы согушкерлерди да айтып жатат. Москвадагы стратегдер бул жарандарынын мекенине кайтып келүүсүнө кызыктар эмес. Путиндин армиясына аларды Орусиядан алыс ушул жерде талкалап салуу тапшырмасы берилген.

ТҮРКИЯНЫ КҮТҮП ТУРГАН ҮРӨЙ УЧУРГАН КОРКУНУЧ

Бирок бул өрөөнгө мерчемделген чабуулдун көп тобокелчилики бар. Анткени Түркия Сириянын түндүгүндө жайгашкан чек аралаш аймактагы Жараблус жана Африн шаарларынын тегерегиндеги кеңири жерлерди көзөмөлдөп турат. Президент Эрдоган мындай жагдайды Идлибдин да тегерегинде жайылтып, жарандык согушка кептелген коңшу өлкөдөгү таасирин күчөтөйүн десе эки көзү төрт.

Астанадагы сүйлөшүүлөр учурунда Анкара Орусия жана Иран менен Идлибде деэскалация аймактарын түзүүнү макулдашып койгон. Ал жерде түрк аскерлери бир нече көзөмөл пунктарын куруп алышкан. Алар козголоңчу топтору менен Асад режиминин аскерлери арасында кагылышуу болуп кетпесин деп көзөмөлдөп турушат. Түрк дипломаттарынын бири "Шпигель" журналына берген маегинде анын өкмөтү деэскалация аймактарын Идлибде түрк башкаруусун орнотуунун чордону катары карап жатканын айткан.

Ошондуктан учурда эки миллион ички качкын жашаган Идлибге Асаддын койгон чабуулу Эрдоганды үрөй учурган жагдайга кептеши мүмкүн:

- Биричиден, чабуул анын геосаясий дымагын толук суутат, анткени, НАТОнун мүчөсү болгон Түркия Идлибдин кандуу коргонуусуна аскерлерин салып жибериши мүмкүн эмес;

- Экинчиден, качкындарга байланыштуу ансыз деле оор абалды ого бетер курчутат.

Түркия буга чейин эле өз аймагына 3,5 млн сириялык качкынды кабыл алган. Бирок жакында Эрдоган Сириянын чегинде дубал уруп чыгууга буйрук берген. Мунун айынан Түркияда саналуу гана сириялык баш калкалай алат.

Согуш оту Идлибге жайылса, өлкөдөн калк кайра качып чыга баштайт. Түркия дагы бир топ качкынды кабыл алуга мажбур болот. Антпесе, чек арадагы дубалдын жанында коргоп калууну жалбарып суранган аялдар менен балдардын тасмасын көрө баштайт.

ПУТИН ЭКИ АНЖЫ АБАЛДА КАЛДЫ

Эрдоган Москваны Идлибге чабул коюудан баш тарттырууга колунан келишинче аракеттенип жатат. Анын айтымында, Асаддын режими Идлибге чабуул койсо, Астанадагы келишимдер "ойрон" болот. Бирок Путин да эки анжы абалда:

- Бир тараптан ал Асаддын чабуулун колдойт;

- Экинчи жагынан, айрыкча Эрдоган НАТОдон алыстай баштаган ушул тапта, Анкара менен мамилесин бекемдөөгө кызыктар.

Абал карама-каршы жана бүдөмүк. Сириялык режим менен Идлибдеги козголоңчу исламчыл топтордон жана Орусия менен Түркиядан сырткары кагылышууда күрддөр да өз ролун ойноп коюшу мүмкүн.

КҮРД МЕНЕН АСАДДЫН ЖАКЫНДООСУ

Күрддөр АКШ колдогон козголоңчу Эркин сириялык күчтөрдүн (ЭСК) эң ири тобу. ЖМКлардын билдирүүсүнө караганда, Асад режими бир нече күндөн бери күрд аймактарына кеңири автономия тааныгандыгы үчүн күрддөргө тиешелүү эмес шаарларды өткөрүп берүү тууралуу ЭСК менен сүйлөшүп жатат.

Мында сирия жериндеги түрк-орус тирешүүсү учурунда күрддөр Асад тарапта Идлибдеги исламчыл козголоңчуларга каршы аттанышы мүмкүн. Ошентип Анкара Сириядагы түрк башкаруусу алдындагы аймактар тууралуу кыялын жыйыштырса болот.

ДОМИНИК ПЕТЕРС, МАКСИМИЛИАН ПОПП, Der Spiegel, Германия