Ислам дүйнөсү

Сауд Аравиянын Канада менен эки жүздүү тиреши

8 августа 2018 г. 10:17 1373

Канадалыктар жарандык активисттерди камаганы үчүн жумшак сындаса, Сауд Аравиянын өкмөтү жиндеп кетти.

Канада жарандык коом жана аялзатынын укугу үчүн күрөшкөн сауд активисттердин камалышына “олуттуу тынчсызданганын” билдирген. Дүйшөмбүдө Эр-Рияд канада элчисин өлкөсүнөн чыгарууга буйрук берип, эки өлкө ортосундагы бардык соода жана инвестициялык келишимдер токтотулаарын жарыялады.

Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри Канаданын элчиси Деннис Характы персона нон-грата деп, 24 саат ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү буюрду. Министрлик Канададагы элчисин консультацияга чакыртып алып, “кийин кандай кадамдарга бараарын” өздөрү чечээрин айткан.

Сауд бийлигинин ашкере дүрбөшү бизге акыркы үч жылда таанышкан Эр-Рияддын чабал, башаламан жана жаалданган сырткы саясатынын кезектеги үлгүсү болуп калды.

Канаданын жемелөөсү сауд өкмөтүнүн реформалар үчүн күрөшкөн демилгечилерди темир тор аркасына салганынын эң жумшак жообу болчу. Мындан да жаманын күтсө болот эле. Анткени сауд бийлиги ошол активисттер колдогон реформалар аркылуу дүйнөдөгү аброюн түзөп келе жаткан. Бул окуя тактыга талапкер ханзааданын “реформалары” канчалык эки жүздүү мүнөздө экенине дагы бир жолу көңүл бурдурду.

Мухаммад бин Салман анча маанисиз бир нече реформаларга жол бергени менен сын көз-карашы барларга куугунтук күчөтүп, мамлекеттик бийликти өз колуна жыйнады. Тышкы саясатта болсо өзү жеңе албачу кымбатка турган мушташтарга кирип кетүүдө. Мунусу менен башка өлкөлөргө жана чет элдик инвесторлорго өз мүмкүнчүлүктөрүн баамдай албаган, болбогон жетекчи экенин көрсөтүп жатат.

Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) күтүлгөндөй эле бул араздашууда сауддар тарапка өттү.

Дүйшөмбүдө тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Анвар Гаргаш, көз карандысыздыгын коргоодо БАЭ Канада менен жаңы соода жана инвестициялык келишимдерин тоңдурган Сауд Арвиянын жанында деп Твиттеринде жазган.

Ички иштерин сындаганды авторитардык режимдер көтөрө албаганына таң калбай эле коюш керек. Бирок БАЭ менен Сауд Аравиясы көз карандысыздыгына жашынып, ошол эле учурда Йемендин суверинитетин тепсеп, жарандарын бомбалап, ракеталар менен атып, миллиондогон кишинин ач калуусуна себеп болгону өтө уяттуу жана жагымсыз жорук. Эгер сауддар өздөрүнө эң көп курал саткан Канада жана башка батыш мамлекеттери менен болбогон жерден бардык байланышын үзгүсү келсе, демек Эр-Рияд алар менен мамилесин анча баалуу жана бекем деп эсептебейт деп кабыл алуу керек.

ДАНИЕЛ ЛАРИСОН, The Amerikan Conservative, АКШ