Ара жолдогу мамлекет

​Пашинян премьерлигинин 100-күнүн аянтта "белгилемекчи"

7 августа 2018 г. 13:43 1018

17-августа Никол Пашинян премьерлигинин 100 күндүгүн “Республика” аянтында митинг өткөрүү менен “белгилемей” болду. 100 күн боло элек өкмөттү сындоо адаттан сырткары, бирок бул мөөнөт өтөөрү менен ал жетишкендиктери менен пландары тууралуу өзү айтып бериши керек. Митингдин форматы жумшак ыңкылаптан кийинки бардык нерселердей эле өзгөчө.

Өзгөчөлүктү ички жана сырткы кадамдарынын баарынан байкаса болот.

Арменияда паракорлукка каршы катуу күрөш башталды, арам кекиртектик боюнча кеңири, эч кимди көзгө илбеген ызы-чуу менен коштолгон иштер ачылды. 2008-жылкы 1-марттагы кандуу иштер кайра козголуп, экинчи президент Роберт Кочерян камакка алынды, мурунку коргоо министри Микаэл Аратюнян менен ал кездеги генштабдын башчысы Юрий Хачатуровго айып тагылды.

Мунун баары эски системанын жапырт көтөрүлүүсүнө себеп болду, анткени арам кекиртектик менен Конституцияга каршы кылмыштар Кочарянга гана эмес, буга чейин калыптанган системага толугу менен тиешеси бар.

Сырткы саясатта да телегей тегиз эмес. жаңы өкмөт тең укуктуу өнөктөштүк маселесин көтөрдү, бирок ал сырткы күчтөргө өөн учурайт. Европалык да, орусиялык да багытта оркойгон көйгөйлөр чыга келди.

Кочарян менен Хачатуровго айып тагылгандан кийин Армения менен Орусия бир сыйра кайым айтышып алды. Орустардын нааразылыгы эски системага кирген мыктыларга дем берип, алар абалды колдонуп башташты.

Бул тараптан алганда, эгер Арменияда ачык экономика менен конституциялык тартипке каршы кылмыштарга казат башталса, анын учу Орусияга чейин жетээри анык. Армян-орусиялык мамиледеги буга чейин көмүскөдө сүйлөшүлгөн маселелер элге угуза талкуулана баштаганы да жаңылык.

Биринчи 100 күндүн кыскача мазмуну ушундай. Жогорудагы жараяндын баары мурунку бийлик системасы менен коррупциялык схемаларга, шайлоону бурмалоого катышкан кеңири тайпаларда нааразылык ойготкону шексиз, алар маанилүү нерселерден кол жууп калганы турушат.

Кадр саясаты менен стратегиялык көрүштө да көйгөйлөр бар. Көбу өкмөттүн кадамдары кыска мөөнөттүк жана келечектеги шайлоонун логикасына көз каранды деп жатышат.

Мындай жагдайда, айрыкча ыңкылапчыл күндемди эске алганда, отчёт үчүн митинг форматы эң ыңгайлуу. Мындан мурун Никол Пашинян биздин “чечимдерди аянттарга алып чыгуу тажрыйбабыз” бар деп айткан. Бул сөздү ички жана сырткы “контрреволюция” менен чакырыктарга жооп кайтаруу десе да болот. Никол элдин колдоосу менен калктын эркин гана аларга каршы коё алат. Системдүү өзгөрүүлөрдү улантууда дал ушул күчтөр ыңкылапчыл кубат болуп бере алчудай көрүнөт.

Редакциялык макала, Lragir, Армения