Орусия

Сирияны калыбына келтирүүдө АКШ Орусияга жардам бербегени жакшы

6 августа 2018 г. 13:24 1005

АКШ Сирияны кайра куруп чыгууга Орусияны милдеттендириши керек. Орусия биздин ордубузда болсо дал ушундай кылмак экенине кимдин күмөнү бар?

Сириядагы жарандык согуш басаңдап калды. Президент Башар Асад менен өкмөтү бул согушту утаары бир нече айдан бери белгилүү болчу.

Түркия, Иордания жана Сауд Аравиясы сыяктуу куралдуу оппозицияны буга чейин колдоп келген мамлекеттер Сирияны Асаддын режими башкара берээрине көздөрү жетти.

Үч жылдык согуш аракетинен кийин Москва бул өлкөдө ортомчулук макамга жетип алды. Бирок Орусиянын президенти жаңы көйгөйлөргө капташты. Ал акыркы жети жылда өлкөсүнөн чыга качкан 6 миллион сириялыктарды кайра көчүрүп келип, Сирияны калыбына келтирүүгө каражат табуусу керек. Буга өтө көп каражат кетчүдөй көрүнөт.

Учурда Путиндин өкүлдөрү Сирияга кетчү чыгымдарды Вашингтон өзүнө алат деп үмүттөнүп, Евробиримдик жана АКШнын аткаминерлери менен сүйлөшүп жатат. Бирок Трамптын администрациясы мындан сылык-сыпаа баш тарканы жакшы. Эгер ал Орусияга жок дей албаса, Путиндин моюнунан опол тоодой жүк түшкөнү аз келгенсип, америкалык салык төлөөчүлөрдүн каражаты АКШнын Жакынкы Чыгыштагы саясаты үчүн маанисиз өлкөгө сарпталат.

Сирияны курууда Путинге жардам керек

Москванын батыш өлкөлөрдөн колдоо издегени табышмак эмес. Жарандык согушка чейинки баягы менменсинген улутчул Сирия жок. 2017-жылдын ноябрында БУУ Сирияны кайра мурунку калыбына келтирүү үчүн 250 млрд доллар керек экенин билдирген. Башка уюмдар андан да көп каражат керек дешүүдө. World Vision кайрымдуулук уюмунун баамдоосуна караганда, Сириядагы жарандык согуш 2020-жылга чейин созулса анда ал 1,3 триллион доллар жуткан болот. Ошондуктан өлкөнү кайра калыбына келтирүү үчүн узак мөөнөт бою эбегейсиз көп каражат сарптоо зарыл.

Асад жеңип чыкканы менен анын колунда тоодой урандылар, талкаланган саламаттык сактоо системасы, чабал экономика, Орусия жана Иранга толугу менен көз каранды армия менен ач-жылаңач үйсүз жарандар калды.

Шаарлар толугу менен урандыга айланган, асмандан тартылган сүрөттөрүн караганда Алеппонун чыгышы менен Дамасктын чет жакалары Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Дрезден, Берлин жана Токиого окшоп кетет. Москва буга өзү менен Асаддан башка эч кимди күнөөлөй албайт. Үч жылдык башаламан бомбалоо 21-кылымдын эң оор гуманитардык кризисин үрөй учурган кыйроого кептеп салды.

Өзүнүн айынан кыямат кайымдай кыйроо менен каражаттын тартыштыгына учураган Москва аткаминерлерин европалык борборлого аттантып, америкалыктарга чалып, БУУнун Коопсуздук кеңешинен акчалай жардам сурап баштады. Путин өз колу менен кыйраткан өлкөнү каржылай албайт да, каржылагысы да келбейт.

Президент Дональд Трамптын АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн Москва менен сүйлөшүү зарыл дегенинде калет жок. Ал мамилени оңдоо аракетинде Сирияны колдонгусу келиши мүмкүн. Бирок Сирияны кайра калыптоодо Орусия менен өнөктөштүккө барбаганы жакшы. Эгер Улуттук коопсуздук стратегиясы менен Улуттук коргонуу стратегиясында айтылгандай, учурда Москва АКШнын стратегиялык атаандашы болсо, Путиндин жонундагы үлкөн каржы жүгүн өзүнө алуу Вашингтон үчүн олуттуу ката болот.

АКШ Сирияны кайра куруп чыгууга Орусияны милдеттендиргени жакшы. Орусия биздин ордубузда болсо дал ушундай кылмак экенине кимдин күмөнү бар?

Сирия үчүн Америка эч кандай жопкер эмес

Американын Сирияны кайра куруп чыгууга катышпоосунун дагы бир себеби - АКШ үчүн эч кандай зарылчылыгынын жоктугу.

АКШ саясатынын Жакынкы Чыгышта америка эли менен Американын бул региондогу негизги кызыкчылыктарын коргоо деген бир гана максаты болушу керек. Мындай кызыкчылыктар төмөнкүдөй: америкалыктарды же америка шаарларына чабуул уюштурам деген эл аралык террордук топтордун ишине бөгөт коюу; системдүү көйгөйлөрдү чечүүнүн дипломатиялык жолдорун издөө жана региондун өкмөттөрүн өз милдеттери үчүн жоопкерчилик алууга мажбурлоо; Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана башка ири мунай чыгаруучулар менен биргеликте эл аралык энергетикалык базардын туруктуулугун кепилдөө. Вашингтон жогорудагы үч максаттан сырткары бир нерселерди көздөсө, утулуп, башына балээ үйүп алаарын акыркы 15 жылдагы каталары менен жаза басуулары көрсөттү.

Асад бийликте калыш үчүн өз жарандарын өлтүрүп, мамлекетин кыйраткан ырайымсыз заалым, бирок Америка ал үчүн жооптуу эмес. Андан сырткары, талкаланган, жаалданган, сенейген жана энерго-ресурстарга анча бай эмес Сирия Жакынкы Чыгыштын маанилүү жана таасирдүү мамлекети эмес. Эгер Сирияны калыбына келтирүүгө америкалык ресурстарды жумшасак, биз Орусия менен Ирандын көйгөйүн Американын башына үйүп алабыз.

Кимдир-бирөө Сирияга жардамдан баш тартуу бул талкаланган өлкөнүн калкын жазалоого тете болуп калат деши мүмкүн. Бирок мындай пикир сирия элин бул абалга жеткиргенине ким күнөөлүү, ким болсо ага жооптуу эмес экенин таптакыр эске албайт.

АКШ каражатын сарамжалдуу сарпташы керек. Сирия каржы жагынан да, геосаясий тарабынан да керексиз чыгымга кириптер кылат.

Дэниэл Депетрис, USA Today, АКШ