Ислам дүйнөсү

Түркиянын АКШ менен саясий соодасы ойрон болгондо

5 августа 2018 г. 18:09 1539

Дүйнөнүн демократия менен башкарылып жаткан өлкөлөрүнүн жетекчилиги диктаторлукка жакын жеке бийлик орногон мамлекеттин бийлиги менен мамилесин кааласа-каалабаса да өзгөртөт. Мындай өлкөдө укук системасынын сөлөкөтү гана калып, бардык чечимдер диктатор менен аны мактап-жактап курчап алган жакынкы чөйрөсүнөн чыгып калат.

Ошондуктан Рэжеп Тайып Эрдоган менен жакындары түзүп алган системага да Батыш буга чейин Түндүк Корей же Иран сыяктуу авторитардык башкаруу орногон мамлекеттердей мамиле кыла баштады. Анткени жакынкы жылдарда Түркиянын да тергөө, прокуратура, адвокатура жана соту шал абалга келип, бардык чечимдер эң жогорку саясий макамда кабыл алынып калган. Кыскасы, Батыш жетекчилери Түркияда камакка алынган жарандарын чыгарып кетүү үчүн Тайып Эрдоган менен соодалашууга мажбур.

Буга чейин эле Германиянын канцлери Ангела Меркель бул жылдын февраль айында Die Welt гезитинин Түркиядагы өкүлү Дениз Южелди түрктөрдүн капасынан чыгарып кеткен. Журналист террорду жактаган деп айыпталып, бирок расмий эч кандай айып тагылбастан бир жылдан ашык капаста кармалган. Южел Германиянын эң таасирлүү гезитинин кабарчысы болгондуктан бул окуя чоң ызы-чуу чыгарып, эки мамлекеттин мамилесине таасир бере баштаган. Немис канцлери менен Тайып Эрдоган бул тууралу сүйлөшкөндөн көп өтпөй Die Weltтин журналисти акталып, Германияга чыгып кетүүсү Ангела Меркель үчүн чоң саясий утуш болгон.

Америка-түрк тирешүүсүнө Анкарада 25 жылдан бери жүз кишиге жетпеген Евангелисттик чиркөөнү жетектеген Эндрю Брансон атту молдоке себеп болду. Ал Түркиядагы 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүү аракетинен кийин камакка алынган. Ушул күнгө чейин ага да так даана расмий айып тагылбастан, капастагы мөөнөтү узартылып келген.

Бийликке жакын ЖМКлар (90-95%) Брансонго акылга сыйбаган айыптарды тагып, анын темасын эрмектеп шимип-соруп келишет. Алардын эң башында, албетте, учурдагы Түркияда эң ыңгайлуу шылтоо болгон – "Фетхуллах Гүлендин террордук тобунун" мүчөсү деген айып келет. Мындай айыптоо Түркиядан сырткаркы бардык жерде күлкүнү келтиргендиктен гезит беттерине башка сенсациялык темалар да чыгып келет. Мисалы, Брансон Түркияга каршы аябай жакшы иштегендиктен АКШга кайтканда Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (CIA) мүдүрү болмок же бул евангелисттик молдоке Түркиянын күрддөрү менен биргеликте Христиан күрд мамлекетин түзмөк экен деген түрк улутчул-исламчы наадандарынын бүйүрүн кызыткан карандай калптар гезит беттерин ээлеген.

АКШнын Конгрессинде аябагандай күчтүү лоббиси бар евангелист чиркөөсүнүн өкүлдөрү Трамптын 2016-жылдын октябрь айынан бери камакта жаткан молдоке Брансонду түрк президенти Эрдоган менен сүйлөшүп, ушул аптада АКШга алып келип берем дегенине ишенишкен. Брансондун сот алдына чыкчу күнү жакындаганда АКШдан аны алып кетиш үчүн атайын учак да келип, күтүп турган. АКШнын журналисттери жазгандай, Брансон бошотулса, Иран эмбаргосун жарууга колдонулган түрктөрдүн “Халк” банкына “чендүү” айып пул салынмак. Саясий сооданын шарттары ушундай болчу. Бирок Батышта “килемчи көпөс” атаккан, саясий соодада такымын жеген Тайып Эрдоган сооданын кунун көтөрүп жиберген.

15-июлда түрк соту Эндрю Брансон капаста калуусу керек деген чечим чыгарган соң АКШда “араң турган көз” чыгып кеткен. Андан кийин “твитт дипломатиясы” деп аталган жазышмалар башталган. АКШ президенти Дональд Трамп Эрдоганга карата жазган твиттинде түрк президентинин кылыгын “шермендечилик” деп атады. 28-июлда кайра чакырылган ошол эле сот Брансонду үй камагына чыгарды. Буга АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпео “жетиштүү дей албайбыз”деген твитт жазды. АКШнын мамкатчысынын жардамчысы евангелист Майк Пенс дипломатиялык уят-сыйытты жыйыштырып: “Түрк өкүмөтүнө айтаарым, же дароо бошотосуңар, же аркасынан келчү нерселерге даяр тургула”, - деген ормон-опуза билдирүү кылган.

Бул абалды Нью-Йорктук эркин журналист Адем Явуз Аслан: “Молдоке Эндрю Брансондун ордуна Түркиянын бир нерсе талап кылгандай алы жок. Тескерисинче Түркиянын өзүнө, банктарына, аткаминерлерине, бийликке жакын байларына эмбарго кириши мүмкүн”, - деп жоруган.

Айтканындай эле 1-августта, адам укугун бузган мамлекеттерге каршы АКШда 2012-жылы кабыл алынган “Магнитский мыйзамынын” негизинде, Эрдогандын жасоолчуларына айланган ички иштер министри Сулейман Сойлу менен адилет министри Абдулхамид Гүлдү АКШ тарап “бул расмий аткаминерлер Түркиядагы адам укугунун тебеленишине жооптуу” деп айыптап, АКШдагы мал-мүлкү менен банктык эсептерин камакка алды.

Буга жооп катары Түркиянын президенти Эрдоган АКШнын юстиция жана ички иштер министрлеринин Түркиядагы активдерин тоңдураарын жар салып: “АКШнын, айрыкча Брансон молдоке боюнча, мындай кылганы Түркия менен стратегиялык өнөктөштүк маанайына жарашпайт”, - деген соң, “Түркия коркутуулардан жана санкциялар тууралуу болбогон чечимдерден кетенчиктейт деп эсептегендер, бул өлкө менен элин билбептир” деп каңкуулаган. Түркиянын НАТОнун мүчөсү экенине ишарат кылып: “Биз АКШга байланып калган жокпуз, муну унутушпасын, мындай мамилелерин уланта берсе, алар күчтүү жана ыкластуу өнөктөшүнөн кол жууйт”, - деп коркутту.

Мындай саясий тиреште кимдин колунда кандай көзүрлөр бар экени маанилүү. Ушул күнгө чейин ачылгандарына карасак Түркиянын колунда айыбы далилденбеген евангелист молдоке Брансон менен НАТОдон чыгып кетем деген коркутуусу бар.

АКШнын колунда долларга байланган дүйнөлүк экономикалык система турат. Анысы менен инфляцияга батып, лирасы жыл башынан бери 30%га чейин түшүп кеткен Түркияга каалаганчалык экономикалык чара көрө алат. Бул күнгө чейин: БУУ менен АКШнын Иранга каршы эмбаргосун жарып өткөнү үчүн Түркиянын мамлекеттик банктарына миллиарддаган айып пул салуу, бул ишке катышкан (Эрдоган менен уулдары да бар) аткаминерлердин чет өлкөлөрдө катып жаткан жүз миллиарддаган долларлык банктык эсептерин жабуу, Түркия ортоктош болуп иштеп чыккан F-35 учагын бербей коюу айтылды.

Түрк бийлиги үчүн эң жаманы, жакында Тайып Эрдоган менен жакын аткаминерлеринин жана туугандарынын кайсыл банкта канча акчасы жатканы чекесинен билине башташы мүмкүн. Анткени дүйнөнүн кайсыл жеринде доллар менен иш кылсаң, ал операция АКШнын борбордук банкы аркылуу өтөт.

АКШ менен Түркиянын кризиси тутанып кете берсе, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин орногон дүйнөлүк системанын тең салмагы бузулуп, геосаясий мамилелер толугу менен кайра каралуусу мүмкүн.