Орусия

​Өз адамдар. Үй-бүлөлүк бизнести кантип гүлдөтөбүз

4 августа 2018 г. 19:05 1384

Бизнестин өсүүсү кирешенин, штаттын же кардарлардын көбөйүүсү менен гана ченелбейт. Ишиңизди жакын туугандар менен да кеңейтсеңиз болот

Бизнеске жаңы кирген ишкер айым үчүн ишканасын түптөп жана “айлантып” кетүүдөн мурун аны кандай шекилде өнүктүрүү керек маселеси негизгирээк болуп калат. Баарын өзүм кылам деп эки тизгин бир чылбырды колдон чыгарбоо же ишке жакын туугандарды тартып, аны үй-бүлөлүк бизнеске айлантуу керекпи? Ооба, бизнести кардарлар, киреше жана жаңы кеңселерди ачуу менен гана эмес, жакын туугандарды ишке тартып да кеңейтсе болот.

Үй-бүлөлүк бизнес – натыйжалуулугу небактан бери далилденген ишкерликтин кеңири тараган үлгүсү. Үй-бүлөлүк гиганттардын эң жаркын үлгүлөрүн карап көрөлү. Түштүк корейлик Samsung Electronicsти Ли-Кун-Хи, уулу жана эки кызы башкарышат, Porsche, Audi жана Bentley бренддеринин ээси Volkswagen 80% акциясы бир үй-бүлөөгө таандык күчтүү корпорация. Facebook негизделип баштаган кезинде кичине карыз бергени үчүн Марк Цуккерберг атасына 2 млн акциясын белек кылган, корпорациянын негизги макамдарын болсо эжелери ээлейт. Мындай мисалдар көп. Акыйкатты тажрыйба менен гана ченесе болот. Эгер реалдуу турмушта тигил же бул тандоо жакшы натыйжа берип жатса, андай иште сөзсүз бир нерсе бар дегендик.

Статистика боюнча үй-бүлөлүк ишканалардын көбү чакан жана микро-бизнесте иштейт. Орусиянын мыйзамдары боюнча аларга 8 миллиондон 120 млн рублга чейин киреше тапкан жана 15тен 100гө чейин киши иштеткен уюмдар кирет. Мындай ишканалар өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу Орусияда азыраак болгону менен, “көмүскө” зонаны жана жеке өзү иш ачып алгандарды эсепке албаганда эле, расмий статистика боюнча алар аз эмес. 2018-жылы мындай ишканалардын саны 3 000 000ду чапчып, 12 000 000 киши иштетип, Ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) 20%ын камсыздашкан (мамлекет 40%ды максат кылып турат). Алардын баары үй-бүлөлүкпү? Даана айтуу кыйын, бирок эксперттик баамдоолор боюнча бул сектордо үй-бүлөөлүк фирмалардын үлүшү чоң. Мындай ишканалар 2 000 000го жакын дешет.

Үй-бүлөлүк бизнестин негиздери

Бир үй-бүлө ичинде бизнес-моделин түзүү үчүн эң биринчи нерсе – ишеним. Ал моралдык-этикалык эрежелер гана эмес, юридикалык документтер менен да бекемделүүсү шарт. ISSP сурамжылоо агенттигинин маалыматы боюнча 27% орусиялык башкаларга ишенсе болот деп жооп беришкен. Албетте, турмушу бир, кичине да болсо бейпилдикте жашаган үй-бүлө үчүн ишеним көйгөйү жокко эсе. Бирок бизнес ийгиликтүү иштеп кетиши үчүн, келечекте пайда болчу араздашуу менен түшүнбөстүктү алдын алууда макулдашуунун баары юристтин жардамы менен бекитилүүсү керек. Мында толук келишилген мамилелер менен үй-бүлөнүн ар мүчөсүнүн милдети такталуусу жакшы жардам берет. Мисалы Уолтондорго тиешелүү Walmart корпорациясынын мүдүрлөр кеңешине үй-бүлөнүн үч мүчөсү кирип, ар кимиси өз тармагында стратегиялык чечимдерди кабыл алышат. Корпорациянын ийгилиги менен бекемдиги үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн гонорарлар, төлөмдөрдүн өлчөмү жана компаниядагы үлүштөргө тиешелүү макулдашууларга кол коюсу менен камсыздалган. Ошондуктан кимдир бирөө көбүрөөк таап жатканы жана өзүнө тиешелүү эмес иш менен алек болгону тууралуу маселе пайда болбойт.

Эки тизгин бир чылбырды жалгыз колго топтоого караганда үй-бүлөлүк ишканалардын көп артыкчылыктары бар. PwCнын маалыматтарына таянып, кийинки артыкчылыктарды белгилесе болот:

- Жандуу корпоративдик маданият. Анткени үй-бүлө мүчөлөрү көбүнчөсүн бирдей баалуулуктарга ээ жана “бир толкунда” иш кылышат. Мисалы, жөтөлгө каршы сироптон баштаган Roche компаниясы бүгүн ракка каршы дары чыгарат. Алардын негизги корпоративдик максаты адамзаттын бейпилдиги үчүн бул оор илдет менен күрөшүү болуп калган;

- Чечимдерди татаалдаштырылбай кабыл алуу. Чакан жана орто бизнес менен алектенген үй-бүлөлүк ишканаларда маселелерди маакулдашуунун татаал системасы жок;

- Үй-бүлө мүчөлөрү өзү жана болочок муундары жөнүндө ойлонуп, келечек үчүн иштешет. Жакында Walmartтын жетекчилигин буга чейинки ээсинин күйө баласы ээлеп, муундар арасы байланышты улады;

- Киреше гана эмес, материалдыктан сырткаркы факторлор да эске алынып, иштен тажоо байкалбайт. Үй-бүлөлүк компаниялар жогорку мотивация, макулдашуу, биргеликте аракет кылуусу менен айырмаланып, керексиз чыгашадан кутулушат. Жогорудагы жагдайлар үй-бүлө мүчөлөрүн жапа тырмак бизнеске кирүүсүн шарттайт.

Ишке киришүү нускамасы

1. Үй-бүлөлүк байланышка эмес, натыйжалуу жана сапаттуу башкарууга негизделген ырааттуу мамилелерди түзүп чыгуу маанилүү. Үй-бүлө мүчөлөрү бул факторду канчалык жакшы аңдаса, өнүгүү ошончолук сапаттуу болот. Европалык “Эсте Лаудер” косметикалык компаниясы 1946-жылы Эсте атту чач тарач айымдын хоббиси катары түптөлгөн. Ал ишканасын көпкө чейин жеке башкарган, бирок бара-бара үй-бүлөсүн аралаштыра баштаган. Анын компаниясына жубайы менен балдары кошулган. Учурда бизнеси баласы менен келинине таандык.

2. Ишеним маанайынан ажырабай утушка жетиш үчүн материалдык кепилдиктерди карап, аларды юридикалык калыпка салыңыз. Эгер бизнес башталып жатканда үй-бүлө мүчөлөрү бирдей үлүш менен киришсе, жанталашып иштешет. Ошондуктан кирешенин да бирдей үлүшүн ойлонуп коюңуз.

3. Милдеттерди бөлүштүрүп анын жадыбалынан чыкпаңыз. Өнөктөш бир-туугандарыңызды ишке салуудан коркпоңуз. Иштер адилетүү бөлүштүрүлгөн жадыбал түзүү мунун эң сонун ыкмасы.

4. Балдарды ишке салыңыз. Мында, ишке тезирээк аралашып кетүүсүн шарттаган, кошумча билим жана бизнеске балдардын табитин калыптоо жөнүндө сөз болуп жатат. Сиз мунуңуз менен келечектеги ишкер жана жардамчыны тарбиялап, муундардын ырааттуу алмашуусун, бизнести мурастоо системасын камсыздайсыз. Жакында эле Nike компаниясынын мүдүрү жана ээси Фил Найт өзүнө катарлаш иштеп, стратегиялык чечим чыгаруу менен жаңы товарларды талкуулоого аралашып жүргөн уулуна башкарууну өткөрүп берди.

Үй-бүлөлүк компанияларга башка кишилерди жумушка алууда чоң көйгөйлөр бар экени маалым. Талапкерлер баардык нерсени үй-бүлөлүк байланышка жараша куруп алган ээлериндей “намаз окугусу келбейт”. Юридикалык укуктар менен милдеттер так аныкталбаганы да жоопкерчиликти моюндоодон алыстатып, бизнес абал объективдүү бааланбай калат. Мындай компанияларда “жеке” жана “жумуштуку” деген чек аралар сакталышы оор. Үй-бүлөдөгү мамилелер бизнеске балта чабышы мүмкүн. Бизнестеги мүчүлүштүктөр болсо үй-бүлөө ынтымагын аксатат. Бирок жогоруда тизмектелген принциптер туура колдонулуп, ресурстар жетиштүү болуп, кардарларга ишкананын пайдасы тийсе, үй-бүлөлүк бизнесиңиз гүлдөп өсөт. Сиздер он жылдык арыштар менен алдыны карай умтулган ишкананы түптөй аласыздар. Орусияда PWCнын маалыматы боюнча компаниялардын 5%ы гана үчүнчү муунга чейин жеткен. Бирок биз жолдун башында эле экенибизди унутпай, үмүттүү бололу.

Ольга Быкова Forbes Contributor, FORBES WOMAN