Ислам дүйнөсү

“Кызмат” (Ф.Гүлен) кыймылынын өтмүшү, бүгүнү жана келечеги жөнүндө кыскача

3 августа 2018 г. 14:09 3330

“Кызмат” кыймылынын бүгүн, 2018де кайсыл жерде экенин баамдаш үчүн анын тарыхына көз салып, он жылдык периоддорго бөлүп карап чыкса туура болот.

2008-жылдары өз тагдырын Түркиянын тагдырынан айра албаган “кызмат” кыймылы бар болчу. Түрктөрдүн экономикасы, коому, тышкы жана ички саясаты менен тыгыз байланышкан, Түркиянын бейрасмий элчилиги сымал желегин желбиреткен жамаат эле. Жүздөн ашык башка улутка кирип, транс-улуттук мүнөзгө жетсе да өз маданиятына байлануу бойдон калган кыймылды көрөбүз.

Бул “кызматка” гана тиешелүү өзгөчөлүк эмес. Мисалы, Пакистандан чыккан “таблиг” жамааты да транс-улуттук исламий кыймыл катары каралат, бирок ушуга чейин пакистан маданиятын ала жүргөнү даана көрүнүп турат. Сауд Аравиясынан чыккан ваххабизм менен салафизм да араб маданиятына байлануу бойдон калууда.

“Кызмат” түркчүлүккө байланганынан сырткары, өлкөсүнө тиешелүү өзгөчө абалда калыптанган кыймыл. Дин, диний турмуш өтө чектелген коомдо түптөлгөндүктөн, кайсыл болбосун жамаат Түркияда өзүн толук мыйзамдаштыра алган эмес. Журнал, мечит, фонд, маданий жана окуу борбору, мектеп, телеканалдын тиги же бул жамаатка тиешелүү экенин баары билет, бирок баланча жамааттыкы деп айта алышкан эмес. Түркияда диний уюмдашуу кылмыш катары каралгандыктан, кандай болбосун жамааттын эки тарабы болгон: биринчиси – чыныгы жүзү, экинчиси – мыйзам уруксат бергенчелик жүзү.

Мындай аномалияны эки тараптуу никеде да байкаса болот. Мусулмандар сөзсүз имамга нике кыйдырышат. Андан мурун же андан кийин расмий никеге да турушат. Жамааттын уюмдары да бир жагынан чогуу көрүнгөнү менен экинчи тарабынан караганда, бирге эмес сыяктуу, анормал абалда иш жүргүзүүгө мажбурланган.

Түркияда ийгиликке жеткирген система ушундай эле деп, “кызмат” кыймылы аны ошол бойдон Англия же Германияга көчүргөндө кызык нерселер башталган. Анткени бул өлкөлөрдө диний жамаат катары уюмдашууга толук уруксат берилген. Бул өлкөлөрдө: “Биз ушул жамаатпыз, бул демөөрчүлөрүбүз, чечим кабыл алуу механизмибиз ушундай, бул иштерди мындай кылабыз деп эмнеге ачык-айкын айтпайсыңар”, - деген суроо берилгени нормалдуу.

Айрыкча Түркияда өзүн коргоп калуу максатында “кызмат” кыймылынын адамдарынын укук коргоо органдарына киргени түрдүү пикир тарашына себеп болгон. “Кызмат” жаңы башталганда бул маселенин анча мааниси жок болгон. Бирок көзгө көрүнчү абалга келген 1980-жылдарда укук коргоо органдарындагы жамаатка жакын кишилердин пайдасы тийип, бул кесиптер “кызмат” ичинде престиждүү каралып калган.

Түркиянын укук-коргоо органдарында “кызматка” жакын канча киши болгон дегенде, апыртылган маалыматтар көп. Чыныгы статистикага караганда, өтө эле аз сандарды көрөсүз. 80 миллиндон ашкан, 90%ы мусулман болгон өлкөдө армияда 1-2% кишилери болгону ооз толтуруп апыртылчуу нерсе эмес.

1990-жылдары өлкөнүн сыртына чыга баштап, 2000-жылдардын башында сөзгө алаарлык цифраларга жеткен “Кызмат” кыймылы Тайып Эрдогандын партиясы 2001-2002-жылдары биликке келгенден тартып кайра Түркияга кайта баштаганын байкайбыз. Түркияда орто билим берүү окуу жайларын, университеттерди ачып, чет өлкөдөгү кадрларын өлкөсүнө кайтарып, мекенинин ийгилигине ортоктош болуу аракетин көрүүгө болот. “Кызмат” жаңы түптөлгөн кездеги жеке демилге руху басаңдап, жүз миңдеген кишини камтый алган мектеп, окуу курстары менен университет бюрократиясы калыптанып, далай кишини чочутуп, сүйүнтүп, чоңойткон кез башталган.

2008-жылдары “кызматтын” билим берүү бюрократиясы эбегейсиз чоңоюп, Түркияда Фетхуллах Гүлендин стратегиясы да ишке ашырылбай, кээ бир пикирлери цензурага кабылганын, өзгөртүлүп колдонулганын көрүүгө болот. Мисалы, жамаат ичинде үлгү боло албаган мугалимдер менен бюрократтардын каржы жагында, стратегиялык чечимдерди чыгарууда маанилүү жерлерге келгени байкалат. Бул кишилер Фетхуллах Гүленге кимдер кирип-чыгаарын, Түркияда “кызмат” кандай болоорун да чуктап башташкан. Мисалы, жамааттын бир миллион кишиси чет элдерде жайгашканы жакшы деп Гүлендин 2008-жылы айтканын “кызматтын” ички бюрократиясы тескерисинче ишке ашырып, чет өлкөдөгү кадрларын 2013-жылга чейин өз мамлекетине кайтара берген.

Муну менен бирге 1990-жылдардагы коомдун бардык тарабына кирип үмүт берип, көйгөйлөргө жооп таап, жардам берүү иштери азайып, жамаатка тиешелүү кишилер убактысынын 80%ын өзү сыяктуу ойлонгондор менен өткөрө баштаган. “Кызматтын” чечим чыгаруучу макамдарына жеткен киши өз жамаатындагылардан башка кимдир-бирөө менен бир-эки айлап көрүшпөй калган. Бүгүн да башка себептерден улам ушундай аквариумдун ичинен чыга албай келишет. Мындай коомдон ажыроо, коомдогу өзгөрүүлөрдү, көйгөйлөрдү көрбөө, жаңы көйгөйлөрдү байкап, жаңы жоопторду таба албоо оорусу уланууда. Бардык жерде ынтымак аралдарын куруу идеалы менен жолго чыгып, бирок көп жерде кичине түркияларды, түрк геттолорун куруп алган. Албетте, бир да түрк жок жерлерде “кызмат” кыймылынын кишилери жергиликтүү тилди үйрөнүп жакшы адаптация болуп, ал жердин инсандары менен камыр-жумур болуп кеткен. Бирок Германия, Голландия, Бельгия сыяктуу түрктөр көп жашаган өлкөлөрдө көбүнчөсүн түрктөргө кызмат сунган уюмга айланган.

2008-жылдарда 1990-жылдары калыптаган көчмөн маданиятына жамаат өзү чоочундашканын байкоого болот. Бул жылдардан баштап чет жакка чыгып, ислам чакырыгын жеткирүү аракети күндемден түшүп, негизги маселе болбой калган. Фетхуллах Гүленден кийин эле “кызмат” кыймылындагы эң таанымал киши – Хажи Кемаль Эримез Тажикстанда мектептерди ачып, ошол жактан дүйнөдөн өткөнүнө салыштырсак, 2008ден кийин “кызматтын” эң күчтүү кишилеринин көбү Түркиядан чыкпай калганын көрөсүз.

Он жыл мурун “кызмат” кыймылы кандай эле дегенди корутундуласак, ал 160 мамлекетте билим берүү очокторун ачканы менен жакынкы жалдарга чейин дүйнөдө анча таанылбаган кыймыл экенин айтсак болот. Айрыкча “кызматтын” аскер жана укук-коргоо органдарына өзгөчө көңүл буруусу эң түшүнүксүз нерселерден эле. Диалог, билим берүү, жакырлыкты жоюу деген кыймылдын аскерлик менен полисттикте эмне иши бар деген суроолор бар болчу. Айрыкча Эрдоган жана партиялаштары аскер мафиясы менен кармаша баштаганда бул суроолор ого бетер күч алган.

Чечим чыгаруу механизми да сырттан караганда түшүнүксүз болчу. Мисалы Германия сыяктуу мамлекеттерде жамаат чечимдерин кайдан чыгарат, аны менен мамиле курууда ким менен сүйлөшүп келишсе болот деген суроолорго так жооп алынбай келген. 2013-2014-жылы түрк бийлиги менен тиреши башталганда гана кайсы өлкөдө, ким жооптуу деген суроолордун жобу алына баштады. Учурда кимдир бириси бул же тигил жерге дайындалса, түрк бийлигине жакын ЖМКлар кыйкырып чыккандыктан баары ачык, кээде бул кишилердин өзү жана үй-бүлөөсүнө коркунуч пайда болгончолук айкын абалга келди.

Бүгүн эски, классикалык “кызмат” бюрократиясы алсырап, мурункудай иштебес болуп, кээ бир жерлерде толугу менен жоюлуп калганын көрөсүз. Ошондуктан жаңы стратегияларды иштеп чыгууга сонун мезгил келди.

(Уландысы эмки жумада...)

Исмаил Сезгин, “Кызмат” кыймылын изилдөө борборунун мүдүрү (Британия), VideonTR