Батыш

Немистер кытайларды бир аптада эки ирет колго чапты

2 августа 2018 г. 17:19 1164

Германия Федеративдүү Республикасы (ГФР) бул аптада экинчи жолу немис стратегиялык активдеринин кытайларга сатылып кетүүсүн токтотуп калды. Меркель Кытай Эл Республикасынын (КЭР) дымагын басаңдатууга аракеттенген Трамптан үлгү алып жатабы?

Биринчисинде Берлин амалкөй каржы операциясын жүргүздү, экинчисинде вето киргизүү каралып жаткандыгы тууралуу маалыматты сатып алуучу офертасын (коммерциялык сунушун) кайтарып алгандай кылып сыртка чыгарып жиберди. Натыйжада ГФР өкмөтү бир аптада эки ирет – жума 27-июлда жана шаршемби 1-августта кытай инвесторлорунун немис активдерин сатып алуусуна бөгөт койду. Канцлер Ангела Меркель менен анын министрлери КЭРдин компанияларына каршы мындай чечкиндүү жана катуу чараларды буга чейин көргөн эмес. Бул жөнөкөй кыр салуу чегинен өтүп, мамилени толук өзгөртүүгө окшоп кетип жатат.

Kuka окуясына чейин кытай капиталынын келүүсү кубатталган

Мындан бир аз убакыт мурун акчасы менен келген кытай фирмаларына башка чет элдик инвесторлордой эле жылуу каралган, анткени алар улуттук экономикага каражат чегерип, өлкө калкына жумуш орундарын түзүп, казнага салык төлөп жатышат делген. Богону немис фабрикаларын кытайдын мамлекеттик компаниялары же Пекиндеги бийликке жакын жеке менчик фирмалар сатып алып жатканы бир аз тынчсыздантчу.

Бирок жыл өткөн сайын кытай инвесторлору ГФРдин дүйнөлүк экономиканын келечектүү багыттары үчүн жаңы технология иштеп чыгарган күчтүү кесипкөйлөшкөн фирмаларын атайын сатып ала башташкан. Бул адаттагы бизнес чечимдер эмес эле Кытайдын стратегиялык мамлекеттик пландарын ырааттуу ишке ашыруу экени ачык билинди. Бийликтеги коммунисттик партия Кытайды 2025-жылга чейин негизги жогорку технологиялар тармагында дүйнө лидерлигине чыгаруу максатын жар салганы маалым.

Мисалы робототехникада. 2016-жылы жайында кытайдын үй тиричилик техникасын чыгарган Midea фирмасы өндүрүш роботторун өндүргөн Kuka компаниясын сатып алам дегенде Германияда биринчи жолу немис активдерин Кытайга сатуу боюнча тынчсыздануу пайда болду. Келишимге каршы чыккандар немис экономикасы үмүт байлаган “Индустрия 4.0” технологиясын ийгиликтүү иштеп чыккан компанияны Азиянын көзөмөлүнө берүүгө болбойт дешти. Пекиндин немис инвесторлорун КЭРде чектеп жатканы да катуу талкууланган.

Кытайдын ишкана алуу көпөстүгү барган сайын күчөгөн

Ошол эле убакта бул келишимди колдоп чыккандар да болгон. Алар Германияда эркин базар экономикасы бар, мамлекеттин кийлигишүүсү менен чет элдик инвесторлорду чочутпаш керек, немис инвесторлору иштеген башка мамлекеттердин өкмөттөрүнө терс үлгү болгон туура эмес, Kuka компаниясы кытайлыктарга өтсө Кытайдын кеңири базарында эркин иштөөсүнө жол ачылат дешкен.

Акыры ГФР өкмөтү келишимди токтоткон жок, бирок 2017-жылы жайында Евробиримдикке кирбегендерге стратегиялык мааниси бар фирмаларды сатып алууну оорлоштурган буйрутма чыгарган.

Буга карабастан былтыр кытай фирмалары 2016-жылкы көсөткүчтөрдү ашып өтүп, немис активдерди сатып алууда рекордго жетишип, Ernst & Young консалтинг компаниясынын эсеби боюнча буга 13,7 млрд доллар чегеришкен.

Ушул жайында болсо кытайлардын Германиядагы шопинг-туру капыстан токтоп калды. Баары кытайлык State Grid Corporation of China (SGCC) мамлекеттик компаниясынын немис электр чубалгыларынын ири оператору 50 Hertz фирмасынын кожоюндарынын бири болоюн дегенде башталды. Бул ишкананын ГФРдин 18 млн калкына электр кубатын жеткирген 10 миң чакырым чубалгысы бар. Жакында ал өлкөнүн түндүгүндө шамалдан иштелип чыккан “жашыл” электр кубатын түштүктөгү өндүрүштүк керектөөчүлөргө жеткирүүдө негизги орунду ээлемекчи.

50 Hertz фирмасынын акцияларын сатууга башкача мамиле

2017-жылы 50 Hertz компаниясынын акцияларынын 60 пайзы белгиялык Elia электр желе операторуна, 40%ы австралиялык IFM инвестициялык фондуна таандык болчу. Бул жылдын башында австралиялыктар 20 пайызын сатыкка чыгарып, кытайлык SGCC ошондо эле сатып алууга аракеттенгени менен ал пакетти белгиялыктар алып койгон. Жайында IFM калган 20 пайыз акцияны сатууну чечкен, кытайлыктар 1 миллиардга жакын евро сунуштап, Elia компаниясы каражат жыйнаганга үлгүрбөй калган.

Мына ушунда ГФР өкмөтү белгиялыктар менен бирге 27-июлда атайын мерчемделген ишке барышкан. Elia фонду бул активди сатып алуудагы артыкчылыгын колдонуп, 20 пайызды формалдуу алып, аны Берлиндин буйрутмасы менен немистердин мамлекеттин KfW банкына дароо сата салган.

Чындап келгенде 50 Hertz компаниясынын бир бөлүгү мамлекеттештирилди. Ошондуктан ишкерлердин кээ бир топтору өкмөттүн “бул убактылуу чечим, үлүш келечекте жеке инвесторго сатылат” дегенине карабай сындап кирди. Мисалы Stuttgarter Nachrichten гезити: “Германиядай экспортко көз-каранды мамлекет чектөө саясатынын азгырыгына алдырбашы керек эле”, - деп жазып чыкты.

Бирок ишкерлердин жоон тобу менен ЖМКлар өкмөттүн аракетин жапырт колдоп беришти. Die Welt 20 пайыздык пакет SGCC компаниясына 50 Hertz фирмасынын көзөмөл кеңешине киргенге шатр түзүп, кытайлыктар “өтө сезимталдуу маалымат” алууга укуктуу болуп калаарын эскертти. “Биз эмне немис электр желелери үзгүлтүктөн же сырттан кол салуудан кантип корголоорун, кандай кемчиликтери бар экенин кытай мамлекети билишин каалайбызбы?”, - деген суроо узаткан.

Вето жеп калуу коркунучу офертаны кайра чакыртты

Ошентип, немис технологияларын кытайлыктардын сатып алуусу гана эмес улуттук коопсуздук маселеси көтөрүлө баштады. Бул эки нерсе Берлинди кытайлыктар катышкан дагы бир келишимди токтотууга түрттү. Ален шаарындагы Leifeld Metal Spinning станок куруучу фирманы Yantai Taihai Group компаниясынын сатып алуусуна бөгөт коюлду. 1-август күнү эрте менен кытайлык инвестор офертасын кайра чакыртып алды.

Ага Германия өкмөтүнүн сыртка атайын чыгарып жиберген маалыматы себеп болду. Өкмөт чогулушунда 2017-жылы чыгарылган чет элдик экономикалык ишкердикти көзөмөлдөө буйрутмасын алгач ирет колдонуп, Leifeld фирмасын сатууга вето коюу чечими чыккан. Тийиштүү каналдар аркылуу бул маалыматты алган Yantai расмий “жок” деген жоопту албай туруп эле пландарынан кайтуу чечимин кабыл алган. Бирок ага карабастан немис өкмөтү, алда эмне болуп кетпесин деп, Leifeld компаниясын сатууга тыюу чыгарып койду.

Болгону 200 жумушчусу бар ишкана ГФРдин министрлер кабинетинде эмнеге каралды деген суроого жооп белгилүү. АКШ, Кытай жана Орусияда филиалдары бар Leifeld чың материалдар боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири. Алар болсо аэрокосмикалык тармактан сырткары өзөктүк өндүрүштө да колдонулат.

ГФРдин экономика министрлигинде Leifeld маселеси бир нече ай изилденген. Ошондуктан Ангела Меркель Бирлинде кытайлык Мамкеңештин премьерин 9-июлда кабыл алып жатканда бул келишимди бузуу чечими небак кабыл алынган деп божомолдосо болот. Кандай болбосун, келечек технологияларга тиешелүү 22 немис-кытайлык макулдашууга кол коюп жатканда, канцлер Кытайда жакшы жылыштар болгону менен немис ишкерлерине чектөөлөр бар экенин баса белгилей кеткен.

Кээ бир немис ЖМКлары Ангела Меркелдин өкмөтүнүн кытай инвесторлоруна каршы акыркы аракеттери менен Дональд Трамптын улуттук кызыкчылыкка каршы деп жүргүзгөн протекция саясатын салыштырып жиберишти. Ошол эле ЖМКлар жазында АКШ менен Кытай боюнча адистерге шилтеме берип, америкалык президенттин Пекинге каршы жар салган соода согушунун аркасында соода-сатык тең салмактуулугун гана сактоо эмес, кытай фирмаларынын жогорку технологияларга жетип, Кытайдын Батышты ашып өтүп, технологиялык дөөлөткө айлануусуна тоскоол кылуу да жатат деп жазып чыгышкан.

Балким Дональд Трамп менен бир нече жолу көзмө-көз сүйлөшкөндөн кийин Ангела Меркель батыш өлкөлөрдүн инвестицияга ачыктыгын коммунисттик Кытай одоно пайдаланып жатканына көңүл бура баштагандыр. Die Welt жазгандай ”базар экономикасын коргонууга ылайыктуу” кылуу зарыл деген окшойт.

Deutsche Welle, Дүйнө