Кытай/Индия

​БРИКСтен кийинки маанай: Жөн эле өнөктөштөр

1 августа 2018 г. 14:03 487

2018-жылдын 28-июлунда Йоханесбургда өткөн БРИКСтин онунучу саммитинин корутундусу аты аталбаса да Дональд Трамптын дерегине багышталды. Анда дүйнө башкаруусу бир мамлекетке таандык болбошу керектиги жана тиешелүү араздашууларды чечүүдө Дүйнөлүк соода уюмнун орду эскертилген.

Ооба, бул жыйынды Кошмо Штаттарынын президентине каршы бекем туруу мүмкүндүгү катары колдонуу ниети бар экени алдын ала белгилүү болчу.

Өнүгүп бара жаткан беш өлкөнүн баш тамгаларынан турган БРИКСтин “К” тамгасы болгон кытай товарларынын өлкөсүнө кирүүсүн чектегенге Трамп болгон күчүн жумшап жатканы баарына маалым. Кытайдан сырткары аталган уюмга Бразилия, Орусия, Индия жана Түштүк Африка кирет.

Америка президенти Пекинге каршы соода согушун баштай элек кезде эле кытай лидери Си Цзиньпин атаандашынын өзүмчүл саясатын ашкерелеп, дүйнө коомчулугуна глобалдык экономиканы коргогон башчы катары чыга келди.

Бирок бул блокко кирген өлкөлөрдүн бири-бирине каршы көргөн чараларына үстүртөн көз жүгүрткөндө эле БРИКСтин биримдиги көз боёмочулук экени билинет.

Бразил өкмөтүнүн бул саммитте соя менен тоок экспортуна киргизген чектөөлөрүн алуу тууралуу Кытай менен сүйлөшүп жүргөнү мунун апачык мисалы.

Өткөн айдан тартып Бразилиядан бул товарларды алган кытай компаниялары сатып алуунун жалпы суммасынан 18,8%дан 34,4%га чейин салык төлөөөгө мажбур.

Буудайга келгенде, бразил президенти Мишель Темер Си Цзиньпинден май менен буудайдын сырты (отрубь) сыяктуу азык-түлүк товарлары үчүн квота карштырууну өтүндү. Кытайлар буга макул болушту.

Фитосанитардык себептерге шылтоо кылып, бразилияныкы сыяктуу атаандаш айыл-чарба базарлары үчүн чектөө кигизгенге Орусия да маш экенин унутпоо керек.

Буга БРИКСтин саясий же экономикалык жакындыктан улам пайда болбогонун кошумчалай кетүү зарыл. Бул терминди глобалдык экономика жаатында кеңири дымагы бар мамлекеттердин баш тамгаларынан курап, англис экономисти Жим О-Нил ойлоп чыгарган.

Бирок коюлган максаттарга жетүү үчүн расмий билдирүүлөр менен практикалык мамилелер арасындагы ажырымды азайтуу зарыл.

Редакциялык макала, Folha, Бразилия