Ара жолдогу мамлекет

Чырымга каршы чырым: Украиндер чиркөөсүн орустан бөлмөкчү

30 июля 2018 г. 22:44 759

Бирдиктүү православ чиркөөсүн түзүү украин православдарынын бөлүнүп-жарылуусун токтотуп, Орус православ чиркөөсүнүн таасирин азайтмакчы

Киевдик Рустун чокунуу мааракесине арналган жөө жүрүш православ дининдегилерди адатынча экиге бөлдү. Биринчилери Москва патриархатынын Украин православ чиркөөсүнүн (МП УПЧ) чакырыгы менен чыгышты, экинчилери Киев патриархатынын туусу алдына биригишти (КП УПЧ). Бирок бул акыркы жолку бөлүнүү сыяктанат. Православ мыктыларынын Ааламдык собору (Стамбул) украиндерге бирдиктүү чиркөө түзүү укугун карап жатат. Эмдиги жылы Киевдин көчөлөрүнө Украин православ чиркөөсүнүн бирдиктүү кошууну чыкчудай болуп турат.

ТОМОСТУ КҮТҮҮ

2018-жылдын 28-июлун украин православдары чыдамсыздык менен күтүшкөн. Себеби президенти Пëтр Порошенко Ааламдык собор бул күнү Украинада бирдиктүү православ чиркөөсү түзүлөөрүн жар салышы мүмкүн деп бир нече жолу билдирген. Бирок быйылча болбой калды. Константинопол чиркөөсү эркин украин чиркөөсүн калыбына келтирүү ниетин тастыктаганы менен, аалам патриархы Варфоломейдин Киевге келген өкүлдөрү бул ниеттин качан ишке ашаарын такташкан жок.

Украин чиркөөсүнө томосту (патриархтын токтому) тапшыруу руханий эмес, саясий маселеге айланды. Анткени мындай чечимдин кабыл алынуусу Орус православ чиркөөсүнө да көз каранды. Бул православ “армиясы” болсо азыркыга чейин Москвага баш ийген 11 миң чиркөө, 85 епископ, 10 миңге жакын молдоке менен 5000 кечилди камтыйт. Жөө жүрүшкө орусиячыл саясатчылардын ачык эле катышканы жана Русту чокунтуунун 1030-жылдыгына Киев-Печëр лаврасынын Путиндин сүрөтү менен Кремлге ыраазычылык билдирилген альбомду чыгаруусу МП УПЧнын орустарга байланган бойдон турганын дагы бир ирет тастыктады.

Ооба, Орус православ чиркөөсү МП УПЧны көз карандысыз деп жатат. Ооба, православ динин чектөө керек эмес. Ооба, жүз миңдеген украин христианы Москва патриархатын жактайт. Бирок мунун баары Кремль үчүн православ чиркөөсү коңшу мамлекеттин жарандарынын аң-сезимине таасир берүү аспабы экенин жокко чыгарбайт. Орусия Украинага каршы согушуп жаткан ушул учурда бул аспап күчтүү куралга айланды. Бул жагдайды түшүнгөн Киев бирдиктүү православ чиркөөсүн түзүү максатында аалам патриархы менен Соборго кайрылууга мажбур.

СОЛ АЯК

МП УПЧнын Киевдин көчөөлөрүн таптаганы небак эле күч көрсөтүү жүрүшүнө айланган. Чиркөө менен украин ЖМКларына таасирин сактап калган мурунку президент Виктор Януковичти жактагандар муну колдонуп жатышат. Теледен биринин үстүнө бирин сала эскертүүсүнүн, атайын долборлордун, телекөрсөтүүлөрдүн, диний аса менен коомдук пикирди такылдатуунун бир гана максаты бар - МП УПЧ мурункусунан да күчтүү экенин көрсөтүү. Айрыкча украин жарандары жөө жүрүштө эмес капаста көргүсү келген саясатчылар диндарлардын кошуунун чырым менен икона көтөрүп баштап алганы кыжырлантат.

Региондор партиясынын өкүлдөрүнүн МП УПЧ үчүн күрөшкөнү, өз саясий келечеги үчүн күрөшүүсү менен барабар. Алдыда президенттик жана парламенттик шайлоолор турат. Ошондуктан Януковичтин доорунда кудай менен иши жок саясатчылар учурда чокунуунун чемпиону болуп чыга келишти. Украинада саясатчы уурдаганына жараша жер сүзгүлөп, күнөөсүн актап жүрөт. Албетте, эңкейип-тоңкоюп жатканда койнунан бултак этип крести чыгып кетсе, ого бетер жакшы.

МП УПЧнын саясий “имамдары” өтө коопту оюн ойноп жатышат. Согушуп жаткан өлкөдө коомдун бир бөлүгү кабыл албаган жөө жүрүштүн баары кайгылуу аякташы мүмкүн. Муну Януковичтин мурунку табакташтары жакшы түшүнүп турат. Алардын жөө жүрүштү баштап алуусу украиндерди МП УПЧга каршы кыжырлантып, тынч жүрүштү кутумга айлантууда. Учурда муну бензин куюучу станцияны факелдер менен тегеренген акмактардын тобуна салыштырса болот. Бир туура эмес кадам от апаатына алып келиши мүмкүн.

БИРДИКТҮҮ УКРАИН ЧИРКӨӨСҮ ЭМНЕНИ ЧЕЧЕТ?

Украиндерге эркин православ чиркөөсүн түзүү укугу жакында берилчүүдөй болуп турат. Ага МП УПЧ катышабы, али белгисиз. Москва патриархатынын 10 иерархы украин православ чиркөөсүнө эркиндик берүүгө кол койгону белгилүү болгон.

Украинада бирдиктүү чиркөөнү негиздеп баштоо украин православдарынын бөлүнүүсүн токтотуп, МП УПЧнын таасирин азайтат. Анысы менен сырткы чабуулга кабылган украин мамлекетин бекемдейт. Бирдиктүү чиркөө учурдун гана эмес, келечектин талабы.

Киев бирдиктүү православ чиркөсүнө даяр. Москванын буга даяр экени же даяр болбогону анча маанилүү эмес. Анткени украин православдарынын башка жолу жок. Муну Стамбул менен Киев даана түшүнүп турушат.

Сергей Руденко, Дойче Велле, Дүйнө