Борбор Азия

​Монгол ишмери: “Түрк элчиси мектеп жабууга чоң акча сунуштады”

30 июля 2018 г. 2:24 8072

Түрк бийлиги дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө билим берүү кызматын сунган “Сапат” үлгүсүндөгү мектептердин ишин токтотуу аракетинде. Бир өлкөдө мугалим уурдап качууда, экинчисинде мамлекеттик кризиске жол ачууда, үчүнчүсүндө мафиялык куралдуу топтордун жардамы менен ондогон интеллигентти туткунга алып жатат. Кыргызстанда мындай сценарийдин кайсынысы иштеп кетиши мүмкүн?

Монголдор укук үстөмдүгүн коргой алышты

Өткөн аптанын жумасы 27-июлда Монголияда 24 жылдан бери жашап, учурда “Эмпати” билим берүү мекемесинин мүдүрлүгүн аркалаган Вейсел Акчай уурдалган. Белгисиз бирилери анын колун кайрып унаага салып кеткени видеого түшүп калган. Кийин монгол полистери тарабынан бошотулган Акчай, аны уурдаган кишилер унааны тоо-ташты аралатып айдатып жүрө беришкенин айткан.

Жакындары мектеп бирикмесинин мүдүрүн издеп жүргөн чакта Монголиянын борбору Улан-Батордун абаа майданына түрк менчик учагы келип конгон. Мындай учак буга чейин түрк мугалимдери уурдалган өлкөлөрдө колдонулганы маалым. Монгол ата-энелер, окуучулар, монгол-түрк мектептеринин бүтүрүүчүлөрү жана журналисттер түрк элчилиги менен учак майданын курчап алышкан. Түрк учагы бу сапар өлкөсүнө жүргүнчүсү жок кайткан.

Монголиянын Тышкы иштер министрлиги бул инцидентти өлкөсүнүн көз-карандысыздыгын олуттуу бузуу деп баалаган. Түрк бийлиги Вейсел Акчайды уурдоо аракетине тиешебиз жок деген. Бирок түрктөрдүн бул жалганы да адытынча суу кечпей калды.

Көрүнүктүү монгол журналисти жана коомдук ишмер Баабар Нийитлелч твиттерине: “Түркиянын мурунку элчиси мени элчиликке чакырып мекетептердин жабылуусуна, мүдүрүнүн алардын колуна салып берүүсүнө жардамдашсам аз эмес суммадагы акча беребиз деп сунуштаган. Калктын мээсин жууп бер дешкен”, - деп жазган.

Журналистке пара сунуштаган киши Түркиянын Монголиядагы мурунку элчиси Мурат Карагөз экени айтылууда.

Косованын премьерин урушкан Эрдоган

Үстүбүздөгү жылдын март айында түрк чалгындоо кызматы (MIT) Косовадан «Мехмет Акиф» колледжинин 6 түрк мугалимин уурдап качкан. Дүйнөлүк медиада кеңири чагылдырылган бул мамлекеттик скандалдан кийин өлкөнүн премьер-министри Харадинай ИИМдин министри Флямура Сефай менен Косово чалгындоо агенттигинин мүдүрү Дритон Гашини кызматтан алган.

31-марта түрк президенти Тайып Эрдоган Косованын премьер-министрин “сени менен эсептешчүү күн келет” деп коркуткан. Ал кездеги Түркиянын вице-премьери Бекир Боздаг: MITке чет өлкөлөрдө иш кылууга ыйгарым укуктар берилди. Косовадагыдай операциялар уланат, ушул күнгө чейин 18 өлкөдөн 80 түрк жараны кармалып, алынып келинди, - деген.

Куралдуу топтор тартып алган афган мекептери

Афганистанда түрк консулдары куралдуу кишилер менен афган-түрк мектептерин басып кирип, жетекчилигин алмаштырган окуялар катталган. 28-июлда Шибирган провинциясындагы афган-түрк мектебин тартып алуу учурунда ондогон афган мугалими, окуучулар, ата-эне жана бүтүрүүчүлөр жаракат алып, жүзгө жакын митингчини куралдуу кишилер кармап кеткен.

Мектепти түрк бийлигине жакын “Маариф” фондуна тартып берүүгө афган полиси жана аскерлери менен бирге “Рашид Дустум жакындары” деген куралдуу топ активдүү катышкан. Афган прокуратурасы мындай аракеттерди мыйзамга коошпойт деп баалаган.

Кыргызстанда кандай сценарий иштеши мүмкүн

Түрк бийлиги киши уурдаган 18 мамлекеттин көбү коррупцияга кокосунан баткан Африка өлкөлөрү. Андан башкалары Азербайжан, Түркмөнстан сыяктанып түрк бийлигиндей диктаторлукка жакын авторитардык башкаруу алдында же Косованын президенти Хашим Тачидей болуп түрк ажосу Тайып Эрдоган менен терең коммерциялык алакасы бар. Ошондуктан бул мамлекеттердеги сенарийдин бири да Кыргыз Республикасында так ошондой иштеп бербейт.

НАТОнун мүчөсү Түркия ШОС, ОДКБ жана КМШ сыяктуу уюмдарга кирген Кыргыз Республикасынан өз жаранын болсо да уурдап качууга даай албайт. Эгер уурдаса, анда буга кыргыз аткаминерлери гана кол кабыш кылбастан, мисалы, Орусиянын атайын кызматтары да аралашкан болот.

Түрк бийлигинин “Сапат” мектептерин мыйзамдуу жол менен “Маариф” фондуна тартып алуусу мүмкүн эмес. Демек бул жерде “серый” схемалар иштеп кетиши мүмкүн. Буга чейин белгилүү болгондой, түрк элчилери түрдүү макамдагы аткаминерлер, коомдук ишмерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен журналисттерге пара берип, коомчулукту мектептерди тартып алууга кайдыгер карагандай кылышы ыктымал. Албетте, мындай терс аракеттер ишке ашуусу үчүн кыргыздын жогорку бийлиги да “кызыктырылып”, мыйзамсыз аракеттерге көзү-оозу-кулагын жабуусу мүмкүн.