Батыш

Саясий реалдуулук Франция менен Орусияы жакындатууда

28 июля 2018 г. 16:13 1534

Париж менен Москванын биргелешип Сирияга гуманитардык жардам берүүсү эки анжы ойлорго жол ачып, Дамасктын согушта жеңип чыгуусун эки ооздон тастыктагансып турат.

Рулду толгой буруу эмес, узакка созулган кайрылышта туруктуу ылдамдык менен келип жай кайрылуу жөнүндө сөз болуп жатат. 2017-жылдын май айында Версалдагы алгачкы жолугушуу эки мамлекет арасындагы жылдар бою уюп жатан музду жарды. 2018-жылдын июнунда Эммануэль Макрон менен Владимир Путин Санкт-Петербургда орустардын Крымды тартып алуусу, Украинадагы согушка катышуусу жана европалык шайлоолорго кийлигишүүсү сыяктуу көлөкөлөр түшкөн мамилени бир топ жылытып алышты. Мурунку орус империясынын борборунда Франциянын президенти Орусиянын Жакынкы Чыгыш менен дүйнөдө өсүп бара жаткан ролун белгиледи. Өзү айткандай, ал орус өлкөсүнүн европалык мүнөзү менен тагдырына ишенет. Москвадагы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын финалында Макрон менен Путин Франция-Орусиялык байланышынын кайра жаңырганын чагылдырып турушкансыды.

Эммануэль Макрон Владимир Путинге жеке өзүнүн атынан кайрылып, орусиялык түрмөдө эки жарым айдан бери ачарчылык жарыялаган украин режиссёру Олег Сенцовду бошото албаса да, алар Сирияга гуманитардык жардамын бирге жеткире башташты. Жума күнү орусиялык Ан-124 учагы Шатордон алган француз гуманитардык жардамды орустардын Сириядагы генштабы жайгашкан Хмеймимге жеткирди. Бул жардам БУУнун көзөмөлү алдында Башар Асаддын аскерлери жазында басып алган Чыгыш Гутада таркатылмакчы. Бул алгачкы мындай жардам. Буга чейин бир да европалык борбор Москва менен кызматташып, Сирияга гуманитардык жардам жеткире элек болчу. Кандай болбосун, Жакынкы Чыгышта бардык жолдор учурда Москвага алып барууда. Орусиянын аскердик кийлигишүүсү сириялык режимди сактап калып, Кремль бул региондун негизги оюнчулары менен мамилелешип кеткенден бери ошондой болуп калды.

Буга чейинки француз президенти Франсуа Оланд Башар Асаддын бийликтен кетүүсүн сүйлөшүүлөр үчүн баштапкы талап катары айтып келген. Эммануэль Макрон калыптанып калган абалдан натыйжа чыгарып, бул талаптан баш тартты. Француз президентинин “саясий реалдуулугу” ушундай экен. Ал Сириядагы күчтөрдүн тең салмактуулугу Орусия менен сириялык режим тарапка ооп бара жатканын эсепке алды. Француздардын дипломатиялык таасири Сирияда тез солгундап бара жатканын көргөн Макрон баары менен, айрыкча региондо негизги күчкө айланган Орусия менен сүйлөшүп, Францияны ортомчулук кылган “тең салмактуулук дөөлөтүнө” айлантуу аракетинде. Мындай прагматикалык аракет карама-каршылыктарды жоё албайт, бирок Елисей сарайынын саясий чечим караштыруусун жеңилдетип жатат. Гуманитардык жардам жеткирүү Париж үчүн маанилүү. Буга чейин сириялык режим БУУнун жүктөрүнө бөгөт коюп келген, Франция болсо Орусиянын жардамы менен бул тоскоолдон ашып өтүү аракетинде.

Кандай болбосун, бул чечимди баары жактыра берген жок. Мурунку дипломат жана Париж институтунун саясий изилдөөлөр боюнча мугалими Жан-Пьер Филью өзүнүн интернет блогунда француз саясатынын Сириядагы “кайра тартуусун” сындап, аны гуманитардык пикир менен “акталышы ыңгайсыз” деп жазган. “Калкка франциялык жардамды эки президенттин атынан таркатуусу менен Франция орусиялык согуштук корпусту актагансып жатат”, - дейт ал. Франция мындай аракети менен 2015-жылдан бери бул өлкөнү бомбалаган Орусияга окшоп калды. Орустар жардам берген сириялык өнөктөштөрү бул жылдын апрель айында Гута калкына каршы химиялык курал колдонгон дейт мурунку дипломат. “Чыныгы реалдуулукту жактагандар үчүн, аскердик артыкчылыгын тынчтык жараянына киргизе албаган Орусиянын баскынчы операцияларын актаган Франция, Сириядагы ишеним кредитин талаага чача баштаганына өкүнүүдөн башка эч нерсе калбады”, - деп белгилейт эксперт.

Бул жерде куралдуу күчтөрүн режимди куткарууга жиберген Орусиянын гуманитардык шылтоолорго оролгон ийгиликтүү саясий демилгеси жөнүндө кеп болуп жатат. Күчкө таянган Владимир Путин Сириядагы согуштук ийгиликтеринен саясий киреше табуу үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн пайдаланууда. Ал үчүн АКШ менен Евробиримдиктин ортосундагы чыңалууну да колдонду.

Париж бул гуманитардык операциясы аркылуу Башар Асад менен Орусиянын Сириядагы согушта жеңип чыкканын тастыктады. Ыңкылапчылар жакында режимдин аскерлери тарабынан толук жайпалат. Бул факт. Бүгүн эч ким мындан башкача болот деп айта алабы? Кандай болбосун, Эммануэль Макрондун орустардын Сириядагы кылтагына илинип-илинбегени жакынкы айларда даана билинет.

Изабель Лассер, Le Figaro, Франция