Кытай/Индия

​Кытай менен АКШнын соода согушунда Борбор Азия ута баштады

27 июля 2018 г. 22:10 1481

Азырынча кытай-америкалык соода-сатык араздашуусунан борборазиялык фермерлер пайда таап жатышат.

Вашингтон менен Пекин ортосунда тутанып бара жаткан соода-сатык согушунда Борбор Азия утушка ээ болушу мүмкүн. Региондогу өлкөлөрдө Кытай адатта АКШдан сатып алган товарлар кеңири өндүрүлөт, тактап айтканда, сөз айыл-чарба азыктары жөнүндө болуп жатат. Кытайдын “Бир кырчоо – бир жол” мегадолборунун алкагында КЭР (Кытай Эл Республикасы) менен Борбор Азия ортосундагы транспорттук байланыштардын жакшырганы да буга кошумча өбөлгө түзүп, товарларды жеткирүүнү жакшыртты.

Январдан тартып АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдан импорттолгон товарларга жаңы тарифтерди киргизмекчи. 5-июлдан баштап кытай импортуна 37 млрд долларлык төлөм киргизилгенде, Пекин жооп катары америкалык экспорттоочуларга сокку узатып, төө бурчактардан баштап электрокара сыяктуу товарларга жаңы тарифтерди киргизди.

Мындан улам Борбор Азиядан Кытайга бир нече түр айыл-чарба азыктары кире баштады. Тактап айтканда, Казакстан былтыркыга караганда (март айынын статистикасы боюнча) КЭРге буудай сатуусун 50%га арттырды. Июнда РКнын (Республика Казакстан) айыл-чарба министри 2016-жылга салыштырмалуу 2020-жылы Кытайга буудай сатуу үч эсе артат деп билдирди.

АКШ менен Кытайдын төлөмдөр боюнча араздашуусунун натыйжасында Борбор Азия менен соода-сатык эбегейсиз артат деп айтуу али эрте, бирок кытай алуучулары альтернативасы бар экенине кубанычта.

Биз Казакстандан буудай гана сатып ала баштадык, - деген америкалык Си-Эн-Би-Си каналына кытай трейдери. – Азырынча бир нече миң тонна гана буйрутма кылдык. Аны канчалык ийгиликтүү сатып, канча киреше табаарыбызга карайбыз. Товар жакшы болсо, биз, албетте, сатып алууну арттырабыз. Мунун баары учурдагы соода-сатык согушуна байланыштуу”.

Казакстан, буга чейин КЭРге сатылган эң ири экспорттук товар болгон, соя төө буурчагын да Кытайга сатууну арттыргысы келип турат. Былтыр күздө Кытайга казакстандык 8,4 миң тонна соя төө бурчагы жиберилген. Андан бери сатып алууну токтотуп турган Пекин бул жылдын май айында Казакстандын түндүгү менен келишимге кол койгон. Казакстандан импорттолгон соя төө бурчагы Кытайдын 100 млн тонналык жылдык муктаждыгынын бир кичине бөлүгүнө гана түткөнү менен сатып алуу тез артып бара жатканы даана көрүнүп турат.

Кытай лидери 2013-жылы Астанага келип, “Бир кырчоо – бир жолду” башташканын жар салгандан бери Казакстан бул долбор алкагында эң ири инвестицияларды тартып келет. Мисалы бул демилге боюнча бөлүнгөн каражатка салынган кытай-казакстандык логистикалык түйүн аркылуу 13,5 миң тонна казак буудайы жеткирилген.

Жаңы инфраструктуралык долборлорду ишке ашыруу боюнча былтыр эле Кытай менен 20 млрд долларлык келишимге кол койгон Өзбекстан да ири утушка ээ болушу мүмкүн.

Вашингтондун терс кадамдарынан улам, Пекин төлөмдөргө тиешеси жок бир нече чарага барды. Тактап айтканда, Саут чайна морнинг пост басылмасы билдиргендей, америкалык товарларды бажыдан өткөрүү жайлап баштады.

Натыйжада кытай сатып алуучулары альтернатива караштыра башташты. Кээси алыска барбай эле коңшуларга кайрылууну чечти. Мисалы бир кытайлык жер-жемиш импорттоочусу АКШдан сатып алууну токтотуп, Өзбекстан менен Кыргызстандан ала баштаганын айткан, анткени “кытайлардын “Бир кырчоо – бир жол” демилгеси камтыган өтмөктөрдө бажы иштери менен карантин көзөмөлү бир топ эле жеңил”.

Сэм Рейнольдс, EurasiaNet, АКШ