Ара жолдогу мамлекет

Украин мигранттарын Польша сүйбөй баштады

26 июля 2018 г. 22:14 971

Жүз миңдеген украиналык жумушчуларга кызмат сунган бирикмелер мамлекеттик жардамдан кол жууй баштаганына нааразы.

Мирослава Керик эс алуу жана бош калуу дегенден үрөйү учкан жупуну жана аябай шашкалактаган орто жаштагы айым. “Биздин тандоо” фондунун имаратында жайгашкан ал жетектеген Украин үйүнүн кеңсесинин ар жеринде үймөлөктөшкөн кагаздар менен кутулар анын жан тынбастыгын чагылдырып турат. Бирок долборлорду каржылоо арыздары салынган бир дубалды бүтүндөй ээлеген папкалар мындай башаламандыктын аркасында натыйжалуу башкаруу бар экенине ишарат берип турат.

Варшавадагы Украин үйү украиналык мигранттардын Польшадагы жаңы турмушуна ыкташып кетүүсүнө жардамдашат. Өзү жайгашкан 200 чарчы метрде маданий жолугушуудан тартып юридикалык кеңеш берүү, балдарды бирге кароодон баштап тил жана башка курстар сыяктуу иш-чараларды уюштуруп келет. “Биз айрыкча 2014-жылкы Майдандагы окуялардан кийинки миграциялык дүңдөн бери жакшы жардам берип жатканыбызды сезебиз, - деп сүйүнөт Мирослава Керик. – Анда Укаринада экономикалык абал начарлап, Польша украиндер үчүн таяныч жана достук мекени болуп берген”.

Бирок андан бери көп нерсе өзгөрдү. Украиндердин Польшадагы талаптары барган сайын өскөнү менен бийликтеги ашкере улутчул “Укук жана адилеттүүлүк” партиясынын саясаты Украин үйү үчүн кооптуу боло баштады. “Ички иштер министрлиги азчылыктарды интеграциялоо долборлорун каржылоо конкурсун кайра чакыртып алды. Өкмөт болсо биз муктаж болгон, бул максатка атайын бөлүнгөн европалык каржылоодон баш тартып салды, - деп кейийт Мирослава. – Бул украиндерге байланыштуу миграциялык кризистин кесепети”. Украин үйү мындан нары өз арбайын өзү тартмай болуп турат.

Жумушчулардын жетишсиздиги

Маселеге кылдат карагандын баарына акыркы үч жылда Польшада украиндердин көбөйгөнү даана байкалып турат. Тилдердин жакындыгы миграцияны жеңилдетип, украиндердин поляк коомуна ыкташып кетүүсүнө негизги шарт болуп берүүдө. Варшавада украин акценти кафелердеги официанттарда, супермаркеттердин кассирлеринде, тез татымканаларда жана университеттерде кеңири таркаган. Мындай жагдай өндүрүштө, логистикада, курулушта, айыл чарбасында жана жогорку технология тармагында да байкалат.

Польша баарын жумуш менен камсыздап, экономикасы жылда 4%га өсүп жатат. Украиндер канча көчүп келсе да өлкөдө жумуш колдору тартыш. Айрыкча кара жумушка миллион чамасында киши жетишпегендиги айтылат. Поляктардын Батыш Европадан жумуш таап чыгып кетүүсүнөн улам пайда болгон боштукту украиндер толтуруп жатат. Алар орто эсеп менен 2500-3000 злотых (600-700 евро) иштеп табышат.

Алардын канча экенин так айтуу кыйын. Поляктардын ашкере улутчул өкмөтү болсо “2 миллион украиналык качкынды батырып алдык” деп украин диаспора башчыларынын кыжырына тие баштады.

Бирок чыныгы абал мындан бир топ эле башкача. 2016-жылы поляк бийлиги украиндерге 1,2 млн виза берген, анын 700 миңинде иштөө уруксаты каралган. 2016-жылдын этегинде Польшада 400 миң украиндин жашоого уруксаты бар болчу, анын ичинде 50 миң студент жана 15 миң отурукташып калгандар бар. 2014-жылдан бери өкмөт 74 украинге гана качкын статусун берген.

Чектүү ксенофобия

Польшадагы украин иммиграциясы убактылуу мүнөздө. Украин изилдөөсү боюнча 80% жумушчу бул өлкөдө жарым жылга жетпеген мөөнөткө гана калат. “Жалпысынан Польшага жыл сайын 1,5 млн украин кирет, бирок анын баары тең бул жакта калат дегендик эмес”, - дейт Мирослава Керик айым.

Мариуш Маркевич 2007-жылдан бери украин жумуш күчүнө адистешкен кадр агенттигин жетектейт. Анын Польшада үч, Украинада төрт кеңсеси бар. Аны менен көбүнчөсүн логистика жана өндүрүш менен алектенген эки миңдей украин кызматташат. “Жумуш шарттары өтө оор, маянасы аз жана тымызын иштетүүсү көп болгондуктан мен айыл-чарбасы менен кызматташуудан баш тарттым. Ошол эле себептерден улам, курулуштан да алыстадым”, - дейт ал.

Түшүм жыйналып жатканда украиндер 12-18 кишилик барактарда жашап, жемиш кили үчүн 50 цент алганга макул. “Алар барак менен жыкынкы арзан дүкөндөн башка эч жерге барбай, айына 150 еврого жашашат. Калган тапканынын баарын үнөмдөп калып, кийин үйлөрүнө кете беришет”, - деп баяндайт Маркевич.

“Жалпысынан алганда поляктар бизди жакшы эле кабылдашат, - деп эсептейт Мирослава Керик. – Ксенофобия анча деле байкалбайт”. Кандай болгондо да жакында өткөрүлгөн изилдөө боюнча 2013-жылдан бери поляктардын украиндерди кабыл алуу ниети 20 пайызга төмөндөгөн. Кээ бир саясатчылардын украиндерге каршы тукуруу сөздөрү, ашкере улутчул өкмөттүн миграцияга терс өңүттө караганы жана Кремлдин маалыматты бурмалоо аракеттери кырдаалды солгундата баштады. Экономикалык абал тез начарлап кетсе, абал курчуп кетүүсү ыктымал.

Якуб Иванюк, Le Monde, Франция