Орусия

​Жашарып-жашара албай жаткан Москва

25 июля 2018 г. 17:43 1522

Жеке бийликчил лидерлер шаарларды өзүнүн билермандыгы менен кең пейилдигин даңазалаган сахнага айлантканы көп болду. Иосиф Сталин Москванын метросунунун курулушун жетектеп, ал ушул күнгө чейин дүйнөнүн эң кызыктуу ишке ашкан долбору бойдон калууда. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казактын кең талаасында үстү жабык пляжы бар жаңы астана куруп чыкты. Белорусиянын президенти Александр Лукашенко өз ой-пикири барларды куугунтуктоосу менен гана эмес, Минск шаарын мизилдетип таза кармагандыгы менен да белгилүү.

Бирок Москва акыркы жылдары өтө эле башка деңгээлге чыкты. Мен бул шаарда 1993-2003-жылдар арасы жашап кеткендигимен, азыркы көчөлөрүн кыдырганда мурунку элестерим менен аларды айкалыштыра албай турам. Ал кезде киосктор жана бир унаалык гараждар өтмөктөр менен короолорду бөгөп турчу. Унаалар көчөө менен киши баскан жердин баарын бийлеп алган. Коомдук транспорт колунда жоктордун улоосуна айланган. Эң жөнөкөй уруксат алуу аракети аягы жок бюрократиялык жандырмакты чечүүгө айланып кетчү. Кеңири өнүгүү пландарынын баары буга чейинкилериндей эле аягына чыкпай, коомдун нааразылыгына көмүлүп кетет деген ой кетчү.

Жаңылыпмын. Орусиянын президенти Владимир Путин тандап алган мэр Сергей Собянин багыттуу администрация менен мунайдан түшкөн ири каражат, айрыкча футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат үчүн кантип иштеп берээрин көрсөттү. Албетте ысыраптан, май кармаган бармагын жалайттан же мажбурлоодон арыла алган жок. Шаар киоскилерди жыйнатып, жүз миңдеген кишини 1950-жылдагы үйлөрдөн күч менен көчүрүп чыкты. Бирок анын аркасы менен көрсөтчү нерселер да пайда болду.

Москва иштеп кирди. Транспорттук системасы башка бир топ шаарга шоона эштирбей калды: 2011-жылдан бери шаарда 30 метро-бекети, трамвай үчүн жаңы кырчоо жолу, чакырымдарга созулган сапет (велосипед) жолчолору пайда болду. Жолдун боюндагы камералар айдоочуларды жөө жүргүнчү өтмөктөрүнүн алдында чындап эле токтото алды. Кишилер таза абадагы оюн аянтчалар, скамейкалар, жашыл аймактар сыяктуу коомдук жайларга умтула баштады. «Diller Scofidio + Renfro» архитектуралык бюросу иштеп чыккан Москва дайрасынын үстүнөн калкыган көпүрөсү бар “Зарядье” паркы өзүнчө эле керемет. Смартфондун тиркемелери менен универсалдык дүкөндөр бюрократия менен алакаларды жөнөкөйлөштүрдү.

Шаардын батыш тарабында “Сколково” инновациялык борбору жайгашкан. Ал Дмитрий Медведевдин АКШнын Кремний чөлкөмүнө жооп катары болуп, ишенбестик жана баштапкы жемкордук скандалына карабай өсүп-өнүгүп барат. Анда тиркемелерге багытталган илимий изилдөөлөр; кеңселери, лабораториялары, жана баштапкы үлгү иштеп чыгууга мүмкүндүк берген жабдыктары бар кеңири технопарктар; төлөө системаларынан баштап учкан мотоциклдердин үстүнөн иштеген компаниялар сыяктуу технологиялык хабдын бардык элементтери бар. “Сколковонун” стартаптарынын жалпы кирешеси 2017-жылы 50 млрд рублга жеткени билдирилди. Ал жалпы орусиялык ички дүң өндүрүм менен салыштырганда эч нерсеге татыбайт, бирок сөзгө аларлык экени шексиз.

Анан эмнеси жакпайт? Орусиялык лидерлердин шаарчылыкка берилгенинин тымызын сыры бар. Ал 2011-2012-жылдары парламенттик жана президенттик шайлоолордо тандоо жоктугуна нааразы болуп, он миңдеп көчөгө чыккан орто турган москвалыктарды тынчтандыруу аракети. Бул таттуу токочтун ичине узун шапалагы бар алаксытуучу стратегия катылган. Ага нааразылык акцияларына каршы кабыл алынган мыйзамдар, нааразы болгондор менен алардын лидерлерин сабап, капаска тыгуу кирет. Мунун баарын билген кишиге 2015-жылы Борис Немцов атылып өлтүрүлгөн Кремлдин жанындагы көпүрөдөн шаардын кооздуктарына таңыркоо оңтойсуз сезилет.

Муну менен гана бүтпөйт. Өзгөртүүгө катышкандардын көбү үчүн Москва башкача келечекке умтулуунун, Орусия кандай боло алмак дегендин символу. Бул сыйкырдуу падышалыкта кийинки муун Орусиянын коому менен экономикасын өзгөрткөн ишкана менен уюмдарды калыптоого багытталган инфраструктураны колдонуп, кирешени бөлүштүрүүдөн кошумча нарк жараткан моделге өтмөк. Мүмкүнчүлүктү качырбаган Владимир Путин урбандаштырууга арналган москвалык форумда: “Бул биздин жарандардын сапаттуу жашоосуна, ар бир кишинин каалаганын аткара алуусуна кеңири мүмкүндүк түзүп берүүгө каражат чегерүү”, - деп сүйүнчүлөдү.

Өлкөнү мындай заманбап башкаруу аракети турмушка кантип ашып жатканын эстегенде, бул көйгөй ого бетер оркоюп көрүнүп турат. Путин баш болгон бийлер жеке менчик менен эркиндикке кайдыгер экенин бир канча жолу көрсөтүшкөн. Арзыматтардын жолун кесип өткөндөр дайыма бизнесинен ажырап тим болбой, андан да жаман абалга түшүп калып жатат. Мыкты, эң акылдуу россиялыктар оюн ишке ашыра албагандыктан жана өз лидерлерин тандай албагандыктан, курган нерсесинен кол жууп калышы мүмкүн болгондуктан Москванын кереметтерине карабай өлкөнү таштап кетүү ниетинен баш тарта албай келишет. Ири мамлекеттик долборлордон сырткары инвестиция кирбей жатканына батыштык санкциялар гана күнөөлүү эмес.

Кызматынын баасына караганда, Москва кыялдарды закымдарга качанкыга чейин жеткире берээрин бир сурап коюу зарыл. Божомолдор боюнча жылына эки пайыз өскөн экономика муну камсыздай алабы? Орто эсеп менен алганда 2016-жылы Москванын бир тургунуна кетирген чыгымдары башка шаарлар менен салыштырганда эки эседен да көп болуп чыккан. Өлкөнүн башка региондорунан сорулуп чыккан ресурстардын т-жылы огуз миллиард доллары Москванын транспорттук долборлоруна гана чегерилген. Көк алып кетүүнү каалабаган “Зарядьени” жашылдандырууга канчалаган жашыл квадраттар кайра-кайра төшөлүп жатат. Каражат түгөнсө эмне болот?

Кандай болбосун жаман натыйжа бербеши керек. Укук үстөмдүгү менен жеке эркиндиктерге жол берген режимде жогорудагы кыялдын баары ишке ашуусу мүмкүн. Ошондо гана учурдагы жасалмалуулук кеңири жанданууга жол чаап бере алмак. Орусиянын тарыхы менен Путиндин бийликти тынч өткөрүп берүү механизмдерин жок кылганын карап туруп бала кыялга берилбейли десе болот. Бирок менин кыялымдын кимдир-бирөөнө залакасы тийип жатабы...

Марк Уайтхаус, Bloomberg, АКШ