Жорум

​Уланды мендеги мерестик өлтүрүптүр

24 июля 2018 г. 18:09 16996

Бүгүн Улан Эгизбаевди мекенинин, Кочкордун Көк-Жар айылынын топурагына жашырып келдик.

Жаназасы жуулуп жатканда чакан сөз сүйлөнүп, аны жакындан таанып сүйүп, алыстан көз салып сыймыктанган кишилер чыгып оюн айтып жатышты.

Дин аалымы “Жакыныраак келгиле, сөз сүйлөнөт” дегенде маңдайдагы биринчи катарга барып туруп алыпмын. Кабыргалары кайышып, көкүрөктөрү кысылып, үн чыгарып ыйлаган жакындарын көрүп, өзүмдү Уландан эң алыс киши катары сездим. Анын өлүмүнө менин чоочундугум, мерестигим, кенебестигим, кайдыгерлигим күнөөлү турбайбы деген ой кетти.

Мурунку президент айым, “Азаттыктын” Прагадан келген жетекчи айымы сүйлөп жатканда элдин баары жаш алды. Аларды карап, угуп туруп өзүмдү аябай ыңгайсыз сездим. Көзүм кургак кала берди.

Бишкектеги адам укугу менен абийирин талашкан иш-чараларда чыркырап катышып жүргөн карапайым жарандык активист агай чыгып сүйлөп баштаганда көңүлдүн түпкүрүнөн боздоо калкып келип кекиртегиме кептеле түштү. Чын эле, депутат досу айткандай, Улан карапайым элдин, бул дүйнөдө таянычы жоктордун үнү болгонун түшүндүм.

Дин аалымдары, кесиптештери, үмүт арткан саясатчылар, урук-тууганы Уландын кыргызга канчалык зарыл экенин айтып жатышканда анын кайталангыс экенин элдин баары аңдап турду. Сөз алгандардын кээси мындай жигит дагы бир келээринен үмүтсүз экенин айтып жиберди.

Сөз баштаган дин аалымынын кыргыз коому татыктуу болбогондуктан, балким, Жараткан Уланды бизден алып кеткендир, деген жоромолу эстен чыкпай туруп алды.

Чын эле Улан тунук булактай жигит экен. Пейили оңолгон эл жашаган тоолордо булактар жылоолойт деген пикир бар. Илгери Бишкектин Боз-Бөлтөгүнүн кокту-колотунун баарынан булак чыгып турчу деген да кеп айтылып жүрөт.

Улан кыргыз элинин кайгыдан карарган көөдөнүндөгү булактай бүгүн көмүлдү. Бирок биз мындай булакка татыктуу болсок, Улан карманган принциптер, анын ойлогон ойлору, бапестеген пикирели бир күнү мөлтүр булактай сызылып чыгып кыргыз жеринин көркүн ачат. Бизден мындай үмүттү эч ким тартып ала албайт, үмүттү көөмп салуу эч кимдин колунан келбейт. Бир ардактуу апа айткандай – Эл болгон соң, чыгат!!!