Кытай/Индия

​CIA: Кытай АКШны басып өтүп, ири дөөлөткө айлануу ниети бар

23 июля 2018 г. 12:22 2327

Өткөн жумада АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (CIA) Чыгыш Азия бөлүмүнүн жетекчилеринин бири Майкл Коллинз Кытайдын күчтөнүү аракеттеринин максаты Кошмо Штаттарын лидерлик макамдан четтетүү деди.

Аспен шаарындагы коопсуздук боюнча форумда сүйлөгөн Коллинз кытай лидери Си Цзиньпин менен анын режими АКШга каршы “кансыз согуш” жүргүзүүдө деп билдирди.

“Колдонгон терминдери менен Синин айткандарына караганда, алардын бизге каршы жүргүзгөн иштерин мен кансыз согуш дейт элем. СССР доорундагы кансыз согуш эмес, анын классикалык түрүн көрүп турабыз. Ачык кагалышка барбастан, өзүнүн каршылашынын абалын начарлатуучу мыйзамдуу жана мыйзамсыз, мамлекеттик жана жеке, экономикалык жана аскердик бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонгон өлкө бар. Кытайлыктар араздашууну каалабайт, - деген Коллинз, оюн улап. – Натыйжада алар дүйнөнүн кандай болбосун мамлекети саясий чечимин АКШга эмес Кытайга жаккандай кабылдоосун каалашат. Анткени кытайлар АКШ менен араздашуу мүнөзүн барган сайын эки системанын араздашуусу катары карай башташты”, - деди.

Жакында дүйнө таанымы конституциясында бекитилген Синин эмгектерин талдаганда, Коллинздин айтымында, Кытай учурда АКШнын эң кооптуу коркунучу экени билинет.

“Ал бизге жана биз коргогон нерсенин баарына атаандаштык жаратууда. Орустар таңуулаган атаандаштыктан да олуттуураак тирешүүнү таңуулоодо”, - деди Коллинз.

Коллинздин билдирүүлөрү ФБРдин мүдүрү Кристофер Рей менен Улуттук чалгындоонун мүдүрү Дэн Коутстут айткандары менен үндөшүп турат. Алар да Кытайды учурда АКШ үчүн эң олуттуу коркунуч деп эсептешет.

“Мен, контрчалгын өңүтүнөн алганда, учурда Кытай көп тарбынан АКШнын эң ири, эң татаал, эң олуттуу коркунучу деп эсептейм”, - деди Рей өткөн шаршемби 18-июлда. – Бул алардын мамлекеттик масштабдагы иши болуп калды. Алар экономикалык да, салтуу да тыңчылык кылып, маалыматты салттуу чалгынчылар аркылуу да, салттан сырткаркы каналдардан да чогултуп жатышат, алар киши ресурсу менен бирге кибер-ресурстарды да колдонушууда”.

Бейшемби 19-июлда Коутс Кытайдын “чыныгы каршылаш же легитимдүү атаандаш” экенин АКШ аныктоого тийиш экенин баса белгиледи. Ал кытай мамлекетинин өндүрүштүк сырлар менен илимий изилдөөлөрдү уурдап алуу аракеттерин сынга алды. “Мен дал ушул жерден баштап сызык чие башташыбыз керек деген ойдомун”, - деп кошумчалады ал.

Кытайдын коргонуу структурасынын жакшыруусу

Коргоо министринин чалгындоо боюнча мурунку орун басары Марсель Леттренин айтымында, жакынкы региондогу өлкөлөрдө жана алардан сырткары жерде калуусун түптөп бекемдегени – Кытайдын Коммунисттик партиясынын бүткүл дүйнө боюнча күчү менен таасирин арттыруусунун бир эле тарабы.

“Бул согуштук бюджети боюнча дүйнөдөгү экинчи мамлекет, анын эң ири кургактагы регулярдык армиясы бар, ал абаа күчтөрү боюнча үчүнчү орунду ээлейт, 300, анын ичинде 60 суу алдында жүрүүчү кеме кирген күчтүү флоту бар. Ушунун баары жаңыланып, жакшыртылып жатат”, - деген соң Леттре, бул жаңылоонун баары “АКШ акыркы жыйырма жылда киргизген жаңылыктардын нугунда жүргүзүлүүдө” деп кошумчалады.

Май айында Кытай 50 тонналык биринчи учак ташуучу кемесин сууга салды. Ошол эле убакта Кытай Индия мухити боюнча Африкага чейин портторун куруп чыкты. Жибутидеги биринчи чет өлкөлүк согуштук базасына өткөн жылы эки согуш кемеси менен белгисиз сандагы аскер жайгаштырды.

Америкалык администрацияда мамкатчынын Чыгыш Азия жана Тынч мухит региону боюнча жардамчысы Сьюзен Торнтон Түштүк-Кытай деңизиндеги оор абалды белгиледи. АКШнын бул региондо болуусу Пекинди талаш аймактарга талапкер өлкөлөр менен сүйлөшүүгө түртөөрүн белгиледи.

Акыркы жылдары кытай тарап Түштүк-Кытай деңизинде бир нече жасалма арал куруп, аларга радиокөзөмөл жабдуулары менен учак майдандары сыяктуу согуштук объекттерди жайгаштырды. Пекин Түштүк-Кытай деңизинин басымдуу аймагын өзүнүн карамагында деп эсептейт. Эл аралык коомчулук мындай дооматтарды негизсиз деп келет.

“Кытай эрежелерди сактап, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери менен сүйлөшүүгө барабы? Же ал баары менен бир-бирден сүйлөшүп, өз таасирин күчөтөбү?”, - деген суроолор бар дейт ал.

“Биздин жумшак күч алардыкынан кубуттуураак”

Трамптын декабрда сунган жаңы улуттук коопсуздук стратегиясы Кытай менен технологиялык жана кибернетикалык тирешүүнү талап кылат. Ошол эле убакта бүткүл дүйнөдөгү өнөктөштөрү менен бирге кытайлардын аракеттерин чектеп, Пекинди эл аралык келишимдер менен стандарттарды сактоого макул кылууну да көздөйт.

Дүйнө коомчулугунун көңүлү бир кризистер экинчисине алаксып турган чакта Кытай көп жылдан бери бир максатты тутунуп келе берген.

“Кытайларды эч ким колго какпагандыктан, күчтүүрөөк, дымактуураак жана мурункудан да касыраак богонду үйрөнүп жатышат, - дейт CIAдин кызматкери Коллинз. – 11-сентябрдагы терракттар дүйнө көңүлүн алаксыткан бир эле көйгөй. Кытай болсо бул он жылдыкта тез өнүгүп, азыркы шекилин алды. Дүйнөлүк системанын мүчүлүштүктөрү Кытайдын тез жана кубаттуу өнүгүүсүн шарттап жатат десе болот”.

Торнтон да өткөн он жылдыкта Кытайдын өнүгүүсүн шарттаган окуялар болгонуна макул.

“Кытайлар мүмкүнчүлүктү жакшы колдонушат. Андай жагдайлар көп эле болду. Анткени 2000-жылдын башында биз толугу менен Жакынкы Чыгышка, андан кийин каржы кризисине үңүлдүк, - деп түшүндүрөт Торнтон. – Биз жакшы өздөштүргөн нерсебизге кайтуубуз керек. Биздин жумшак күч алардыкынан кубаттуураак. Аларда американын түзүлүшүндөй өзүнө тарткан нерселери жок. Дүйнөдөгү өнөктөштөрүбүз алар тарапта экенибизди, өз эркибизди аларга таңуулабаганыбызды, алар менен бирге иштээрибизди жакшы билишет деп ойлойм”.

Коллинздин айтымында, Кытайдын өнөктөштөрү да анын жашоо таризин көчүрүп алууну каалашпайт.

“Мен да бул көңүл көтөргөн көз-караштамын. Жүрүм-турум эрежелери менен стандарттардын күрөшүндө либералдык тартип, Кытай түрткөн мажбурлоочу стандарттардан күчтүүрөөк келет, - дейт ал. – Башкалар аны көчүрүүнү каалабасына ишенем”.

Жейми Тарабей, CNN, АКШ