Борбор Азия

Түрк бийлиги таңуулап жаткан “Маариф” фондун жакшылап билип алыңыз

22 июля 2018 г. 11:48 8279

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Камил Женгиз Фырат кече жакында“Себат” же азыр “Сапат” деп аталган мектептер боюнча талаптарын кыргыз тарапка берип, кыргыз бийлигинин чечимин күтүп жатканын айтты. “Сапат” мектептеринин ордуна мамлекеттик “Маариф” аттуу фондун сунуштап, фонддун камкорчулар кеңешинин төрагасы – Түркиянын билим берүү министри экенин билдирди. Мына ошондуктан кыргыз коомчулугу көп биле бербеген, бирок жакындан бери атын тез-тез уга баштаган “Маариф” фонду тууралуу маалыматтарды талдап, бөлүшүүнү туура көрдүм.

"Маариф" билим берүү фонду 2016-жылы июнь айында курулган. Фонд жөнүндө мыйзам Түркияда талаш-тартыштар менен коштолгон.

Түрк Президенти Режеп Тайип Эрдоган бул фонд аркылуу дүйнөнүн 160дан ашык өлкөсүндө иш алып барган Фетхуллах Гүлендин жактоочуларына тийешелүү мектептерди “түрк мектеби” даңазасынан ажыратуу жана аларга альтернатива катары учурдагы түрк өкмөтүнө караштуу мектептерди ачуу максатын белгилеген.

Оппозициялык Республикалык Эл Партиясынын (CHP) ошол кездеги депутаты, профессор Гайе Услуэр: “Эгерде бул фонд мугалим даярдоону максат кылса, анда 1981-жылы түптөлгөн Билим берүү министрлигинин алдындагы Улуттук Билим берүү Фондун (MEB Vakfı) кайталаган дагы бир фонд ачуунун канчалык зарылчылыгы бар? Бул фонд аркылуу бийлик башка бир максаттарды көздөп жатканы айдан ачык”, - деген оюн билдирет. “Билим берүү министрлигининин чет мамлекеттеги ыйгарым укуктары бул фондко өткөрүлүп берилбеши керек. Бул фондду куруу менен бийлик өзүнүн жамаатын курууну пландаганы көрүнүп турат. Фонд жетекчилигине дайындалган адам 72 жашына чейин иштей алат деген беренеси көп нерсени билдирет. Бул мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдык принциптерге такыр туура келбейт. Мындай болбошу керек. Жарандардын салыгы менен каржыланган фонд саясий бийликтин диний көз-карашына кызмат кылмакчы, ага адистигине карабай бийликтеги партияга гана жакын адамдар дайындалганы бул фонддун бийликтин кол баласы болоорунан шек санатпайт" - дейт Гайе Услуэр.

Мугалимдиктен келген дагы бир депутат Хилми Йаражы: “Саясий бийлик сот жана прокуратура системасын өзүнө гана көз-каранды кылгандай, билим берүү тармагын да өзүнө каратып алуу аракетинде. Бардык мамлекеттик органдарга өздөрүнө жакын адамдарды жайгаштырып, эми Билим берүү министрлигине да ишенбей, бул фонд аркылуу башкарат. “Маариф” фонду Эрдоган айткандай чет мамлекеттердеги Фетхуллах Гүлендин мектептерине альтернатива катары мектептер ачууну же аларды фондко өткөрүп алуу максатын гана көздөгөн жок. “Маариф” аркылуу бийлик өзүнүн саясий диний жамаатын куруп, билим берүү мекемелерин текшерүү укугу бар министрликтин көзөмөлүнөн чыгарууну көздөп жатат. Бул фонд мамлекеттик органдарга параллель эмеспи?” - деп каршы чыккан.

Африка өлкөлөрүндө “ачылган” мектептер

“Маариф” фондунун камкорчулар кенешинин да, директорлор кеңешинин да төрагасы бир адам – Бирол Акгүн. Түрк элчиси Фырат Женгиз айткандай, камкорчулар кеңешинин төрагасы Билим берүү министри эмес. 12 кишилик комкорчулар кеңешинин экөөсү гана Билим берүү министрлигинин өкүлү. Фонд төрагасы Бирол Акгүндүн маалыматы боюнча, фонд курулгандан бери 83 өлкө менен мамиле түзүлүп, 40 өлкөгө филиал ачып, директор дайындаган. Ошондой эле 2 жылда 22 өлкөдө 108 “мектеп ачканга” жетишкен. 22 өлкөнүн көбүндө (Африка өлкөлөрү) Фетхуллах Гүленге тиешеси бар мектептерди “Маариф” фондуна “өткөрүү” аркылуу жетишкен. Алар Мавритания, Жибути, Мали, Сомали, Чад, Нигер, Жаңы Гвинея, Конго, Сенегал сыяктуу өлкөлөр. “Маариф” фонду өз каражатына мектеп сатып алган же курган жерлерди карай турган болсок, көбүнчө түрк диаспоралары жашаган АКШ (4 мектеп), Косово (6), Грузия (4), Босния (4), Македония (4) сыяктуу бир канча өлкөлөр экен. Түрк диаспоралары болбогон жерде өз каражатына мектеп ачышы күмөн жаратат. 108 мектептин 22си гана түрк диаспоралар жашаган жерлерде ачылып, калган 86 мектеп Африка өлкөлөрүндөгү Ф.Гүленге тиешелүү мектептерди тартып алуу менен “ачылган”.

Түркиянын өзүнүн элчилиги жок Африка өлкөлөрүндө Гүлен кыймылына тиешелүү жеке мектептер ачылган. Түркия мамлекети ал мектептерге финансылык жардам көрсөткөн эмес. Жеке менчик экенине карабай, мүлк ээлерине эч кандай компенсация төлөбөстөн, түрк бийлиги бул мектептерди жергиликтүү мамлекеттик жетекчилердин колу менен мыйзамсыз тартып алды.

“Маариф” фонду мектеп “ача албай” калган кээ бир өлкөлөр

- Малави өлкөсүнүн жетекчилери Түркия чындап Малави элине жардам бергиси келсе, Гүлен кыймылына тиешелүү мектептерди өткөрүп албай, өзүнчө мектеп куруу сунушун беришкен. Мектептерге сунушталган мугалимдеринин чет өлкөдө сабак өтүүгө жетиштүү квалификацияга ээ эмес экени маалым болгон. Ошондуктан “Маариф” фонду бул өлкөдө мектеп ача албай калган.

- Буркина Фасо өлкөсүнүн жетекчилери да “Маариф” фондунун жетекчилери менен жолугушууда жаңы мектеп салынчу жерди сунуштагандан кийин сүйлөшүүлөр токтотулган жана андан бери жылыш болгон эмес.

- Нигерде 10 мектепти фондго өткөрүп жатканда “окуу акысы төмөндөтүлөт жана мугалимдердин айлык маянасын көтөрөбүз” деген убадасы сөз бойдон калган. “Маариф” фонду мектептерди өз жетекчилигине алгандан бери мектептер тууралуу жаман кабарлар жайылып, аброю түшө баштаган.

- Малиде Гүлен кыймылынын мектептери “Маарифке” өткөрүлгөнү менен азыркы учурда соттук териштирүүлөр уланып жатат. Мектептердин мүлктөрү жеке менчик ээлерине таандык болгондуктан, бул өлкөдө укук иштеп иштебегенин убакыт көрсөтөт. Ал арада мектептеги билимдин деңгээли түшүп кеткенин жергиликтүү коомчулук айтып, нараазы боло баштаган. Парламенттеги жыйындагы талкууда билим министрине оппозициялык депутаттар “Канча жылдан бери бул мектептерде өзүңөрдүн балдарынар билим алып келишет. Анда башта өзүңөр жана балдарынар “террорист” экенин мойнуңарга алган болосунар”,- дегенде министр “Бул айыптоолор бизге эмес, Түркия президенти Эрдоган жана өкмөтүнө таандык”, - деп жооп берген.

- Афганистанда Түрк генконсулу менен бирге куралчан адамдар Кызмат кыймылына тиешелүү мектептерди басып алган учурда ата-энелер комитетинин башчысы Абдулшүкүр Дадрес катуу каршы чыгып, “Куралчан адамдар мектепти мафияларга окшоп басып алышса, алар кантип билим беришет? Биз ансыз деле согуштан араң кутулганы аракет кылып жатсак, булар дагы согуш чыгарабы?”, - деп нараазылыгын билдирген. Жалалабад шаарындагы лицейдин ата-энелер комитетинин башчысы Доктор Сейфеттин Хикмат: “Түркия эки жылдан бери Кызмат мектептери менен алектенбей, өздөрүнүн мектебин куруп, балдарды окутушса балким натыйжа чыкмак. Бирок Түркия “мөмө өстүргөн багбанды жазалоо” аракетинде. Чыныгы ниеттери – бул мектептерди жаап кетүү. Мунун башка өлкөлөрдө мисалдары толтура. Башка мамлекетте эмес, Афганистанда ачкан мектептерине эле карасак жетиштүү”, - дейт.

“Маариф” фонду жана Кыргызстан

“Маариф” фондунун сайты менен твиттерине караганда фонд төрагасы Бирол Акгүн 2018-жылдын февраль айында ЖК спикери, Билим берүү министри сыяктуу аткаминерлер менен жолуккан. Фонддун сайтына коюлган маалымат төмөндөгүдөй: “Бул (Сапат) мектептерде окуган окуучуларды, ата-энелерди жана мугалимдерди ыңгайсыз абалда калтырбай турган механизм иштеп чыгуубуз керек. Кыргызстандагы мектептерди “Маариф” фондуна өткөрүп берүүнү каалайбыз. Кыргыз тарап менен бул нерсени биргеликте сүйлөшүп, жол картасын иштеп чыксак болот. Саясий эрк болсо эле, эки тараптан мүчөлөр кирген комиссия куруп, орток бир формула табабыз”.

“Бир-тууганбыз” деген түрк бийлиги бир топтон бери кыргыз бийлигин кысымга алуудан чарчабады. Мурдагы президент Атамбаев бул боюнча так позициясын билдирип, түрк бийлиги түшүнө турган тилде жооп бергени маалым. Андан бери көп суу акты. Эми азыркы бийлик да позициясын так айтып, бул талкууга чекит коюу убактысы келгендей. Кыргыз өкмөтү дипломатиялык мамилени бузуп албайлы деп чочуласа да коомчулук кээ бир суроолорго так жана ачык жооп алышы улуттук кызыкчылыкка туура келет. Алар төмөндөгүдөй:

- Түрк бийлигинин саясий кызыкчылыгы үчүн “Сапат” мектептерин “Маариф” фондунуна өткөрүп берүү кыргыз өлкөсүнө пайда алып келээрине кепилдик барбы? Түрк бийлигинин кыргыз элине жардам берүү ниети чын болсо 7 облуста бирден жаңыдан мектеп же Бишкектеги 2 Анадолу лицейинин (бири математикалык, бири кесиптик) эле прототибинде облус борборлорунда лицей ача алабы?

- Кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюму кабыл алган Адам укугунун жалпы декларациясынын: “Ар бир адам жеке менчикке өзү, ошондой эле башкалар менен бирге мүлккө ээ болууга укуктуу. Эч ким өз мүлкүнөн ээнбаштык менен ажыратылууга тийиш эмес”, - деген 17-беренесин жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарын түрк бийлигинин кысымы менен бузууга барабы?

- Акыркы учурда Түркиядагы экономикалык кризисти эске алганда “Маариф” фондунун финансылык абалы кандай? Канчалык ачык айкын? Кыргызстанда мектеп ачып улантып кетүүгө чамасы жетеби?

- Өзүн мусулман-түрк дүйнөсүнүн лидери көргөн Түркиянын президенти Эрдоган “Маариф” мектептерин келечекте саясий максатта колдонбой койбойт деген кепилдик барбы?

- Өз өлкөсүндө билим берүү саясаты ийгиликтүү ишке ашпаган, өздөрүнүн мектептеринде мугалимдер жетишсиз учурда он миңдеген мугалимди түрмөгө камаган, мектептеринде түрдүү орунсуз нерселер күндө болуп жаткан, эл аралык PISA сынагында 50-орундагы өлкө кыргыздын баласына эл аралык деңгээлдеги билим бере алабы?

- Бул фонддун билим берүү программасы барбы? 26 жылдан бери өзүн тастыктаган “Сапаттын” ордуна курулганына 2 жыл араң болгон Түркия мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилсе билим берүү деңгээли төмөндөп кетпешине кепилдик барбы? Чет элде билим берүү тажрыйбасы болбогон бир фонд Кыргызстанга келип, алгылыктуу билим бере алабы?

- “Маариф” фонду атынан иштей турган мугалимдердин канча пайызы чет элде сабак берген, жетиштүү квалификациясы бар? “Маариф” фондунун мугалимдери Нарын же Баткен сыяктуу жерлерге барып иштей алышабы? Алардын канчасы англисче таза сүйлөп, эл аралык денгээлде билим бере алат?

- Кылдаттык талап кылган билим берүү тармагын алдыга жылдыруу аябай таатал жумуш, ал эксперимент өткөрө берчү лаборатория эмес. Билим алып, эрезеге жетип, моралдык жактан таза, иштин көзүн билген, ишенимге кирген 26 жаштагы адамга бир жумушту тапшырган жөндүүбү же бешиктен бели чыга элек 2 жашар балага тапшырган туурабы?