Батыш

Футбол - француз биримдигинин эң ийгиликтүү куралы

20 июля 2018 г. 13:15 1430

Мен Парижде турам, бирок балдарым футбол ойноп баштаганга чейин анын чет жагына көп чыкчуу эмесмин. Эми футбол мезгилинин дем алыш күндөрүнүн көбүн шаардын четинде өткөрөм. “Гуглдун” карталары бизди көбүнчөсүн күңүрт көп кабаттуу үйлөр менен курчалган футбол талааларына алып келет. Балдары кийим алмаштырганча ата-энелер кофе ичкен жерди караштырат. Андан кийин акжуумал, ындыкара жана мусулмандардан куралган командалар мамлекет каржылаган жасалма газонго чыгышат.

Адатта сууккта, футбол талаасынан бир топ эле алыс жайгашкан, зым тор менен тосулган трибунада калган ата-энелеринин бакырыктары балдарга араң эле жетип турат. Англосаксон өлкөлөрдө падышалык ата-энеге тиешелүү болсо, Францияда ал машыктыруучуларга берилген. Француз футбол системасынын дипломдуу бул өкүлдөрү бизди максаттан обочо тутулчу тоскоол катары көрөт. Кээде биз шумдук матчтарга күбө болобуз. Оюн бүткөндө баары кол кармашып коштошуп, жылуу үйлөрүбүзгө кайтабыз.

Мен жакында “Файнэншл таймзга” француз курама командасынын Москвадагы триумфу жөнүндө жаздым. Ал жерде көргөнүм шаар четиндеги балдардын футболунун рухуна дал келип турду.

Француз турмушунун эң өзөктүү бириктирүүчү тетиги футбол болуп калгандай. Бул биздин коомдун бардык топторуна үлгү болуп бере алчу нерсе. Ал биздин өтүгүшүп кеткен улуттук үмүтсүздүгүбүзгө карабастан сонун иштеп кеткен мисалдын бири.

Кулак жарган ийгилик

Француз футболу Париж менен анын чеке-белин бириктирген сейрек көрүнүш болгону үчүн ушунча ийгиликтүү. Париждин командалары футбол талааласынын көбү чет жакта жайгашкандыктан сыртка чыгышат.

Мындан сырткары футболдо Париж менен анын чет конуштарынын тургундары бирдей жогорку сапаттагы жабдык менен даярдоо кызматын ала алышат. Иль-де-Франс - бул футбол таланттарына дүйнөдөгү эң бай аймак. Ал акыркы беш Дүйнө чемпионатына катышкан 60 оюнчу менен машыктыруучу чыгарды. Серб социологу Дарко Митичтин санаганы боюнча бул дүйнөнүн башка бардык жеринен көбүрөөк дегендик.

Француз системасынын кулак тунжураткан ийгилиги дал ушуга негизделген. “Көк түстүүлөрдүн” көбү мамлекет каржылаган шаардын четиндеги клубдардан чыккан. Шаардын чекесиндеги стадиондон бала-бакчаларга чейин, келечекте шаар четинде курулчу автобекеттердин жарнактарынан бери мамлекеттин күчү көрүнүп турат.

Париж - түрдүүлүктүн бейиши

Француз футболу расалык жектөө толугу менен жоюлган француз турмушун бир бөлүгүн чагылдырат. 2015-жылдагы “Шарль Абдодогу” кыргындан кийинки балдарымдын биринчи машыгуусу эске келет. Анда расалык коркуулар туу чокусуна жетип турган. Бирок түрдүү улуттагы тренер менен балдар ал күнкү футболун өмүрүнүн эң маанилүү иши катары ойношту. Алардын көбү үчүн бул ошондой болгон чыгар.

Аларга Париждин мультимаданияттуу бейишин шекилдентип жатасыңар десе аябай таң калышмактыр. Анткени алар үчүн жеңиш гана маанилүү болчу. Жакшы аба ырайы менен коштолгон футбол бардык терс сезимдерди жууп кеткенсийт.

Дүйнө чемпионаты башталаарда Дариэль Кон-Бендит кичинекей мусулман француздар ”...футболго барыш үчүн же эшигинин алдында көк түстүү футболка кийбей, Алжир, Марокко, Тунистин жана париж клубу Катар (катарлыктар сатып алган) болгондуктан ПСЖныкын кийип калышты” - деп жазган.

Маданияттардын күн санап аралашуусу

Менде башка сезим пайда болду. Менин оюмча мындай футболка кийген балдар үчүн ПСЖ - бул Париж, өздүгүнүн бир тарабы болгон Париж. Мына, бул айда шаардын чекесиндеги жаштардын дээрлик баарысы көк түстүү футболкачан жүрүштү.

Албетте, мындан улам Франция алардын өздүгүн калыптаган жалгыз нерсе дей албайсың. Мисалы - Поль Погба - бул ындыкара, гвинеялык, мусулман, шаар четинин тургуну, париждик, миллионер, бала, ага, эркек, африкалык, европалык ж.б.у.с. Бирок ал баары бир француз. Менин балдарым сымал.

Алардын ата-энеси балким французча шар сүйлөй алышпайттыр, бирок Франция Аргентинанын кашаасына төртүнчү голду киргизгенде, менин балдарым менен достору беттерине шыбаган үч түздүү боëк тамган биздин полдо үйүбүздү үч көтөрүп кыйкырып жүрүштү. Мбаппе жашаган Париждин чет-шаары Бондинин борбор аянтында орнотулуп, футбол берүүсү жүрүп жаткан ири экрандын жанында деле ошол көрүнүш.

Кичине француздар үчүн кайсыл этноско таандык экени ата-энелериникиндей маанилүү эмес. Аралашуу аларлын бала-бакчадан бери келе жаткан абалы. Кайсыл жактан болбосун, аларга француз эмессиң десең катуу таң калышат. Анан ким болушмак эле? Анткени жаш футболчулар үчүн баарынан мурун француз болуу маанилүү.

Саймон Купер, Le monde, Франция