Орусия

29дагы Мария АКШ менен Орусиянын көмүскө байланышы үчүн айыпталууда

19 июля 2018 г. 13:23 1260

Мария Бутинаны АКШнын Адилет министрлиги Кошмо Штаттарында Орусиянын агенти катары иш алып барган деп айыптады. Ал Голливуддун тасмаларындагыдай жашыруун тыңчы болгон эмес. Курал көтөрүү укугун коргоо коомун түзгөн Бутина бир нече жылдан бери Вашингтондо жашап, Америкалык университетте илимий даража алууга аракеттенген. Муну жетиштүү шылтоо дей албайсың, бирок сотко тийген маалымат боюнча ал кармалып калуудан анча чочулаган эмес.

Дональд Трамп шайланган түнү Бутина уктабай, Орусиядагы кураторуна твиттер аркылуу билдирүү жиберип таң атырган. Бутинанын айтымында, алар телефондон сүйлөшүп, Трамп мамлекеттик катчы макамын кимге сунуштайт деп талкуулашкан. “Биздин телефон аркылуу сүйлөшүүбүздүн баары тыңшалып жатат!” - деген орусиялык Борбордук банктын башчысынын орун басары Александр Торшин. Бутина “О’кей” деп, анда вотсаптан сүйлөшсөк кандай болот деген.

Бутина АКШнын консервативдүү саясий топторуна тымызын таасир берүү аракетинен айыпталууда. Сотко келген документтерден анын Кошмо Штатынын жарандарынын жардамы менен курал ташып жүрүү укугун талашкан уюмдун кызматкерлери менен кантип мамилелешип, Улуттук дуба кылуу күнүнүн нанүштөсү деген иш-чараларды уюштурганы белгилүү болгон.

Ошону менен бирге ал эмнени максаттап жатканын анча жашырган эмес. 2015-жылы америкалык тааныштарынын бирине жазган электрондук катында ал Республикалык партиянын өкүлдөрүнө Орусиянын “бейформал дипломатиясынын өкүлү” катары тааныштырылганын жазган. 2016-жылы жазында болсо Бутина Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусун уюштурууга аракет кылган деген маалымат бар.

2014-жылы Индеанаполисте өткөн Улуттук аткычтар биримдигинин курултайында Пенсильваниянын мурунку сенатору Рик Санторум менен таанышкан. Кийинки жылы ошол эле уюмдун Негвилдеги жыйынында Висконсин штатынын губернатору Скот Уокер менен жолуккан. Бул тааныштары менен түшкөн сүрөттөрүн фейсбуктагы баракчасына койгон. Ошондуктан адвокаты анын орусиялык агент эмес экенин айтууда.

Бутина Орусияга каршы киргизилген санкцияларды жокко чыгаруусун Трамптан суранган алгачкы киши катары тарыхка кириши мүмкүн. Трамп президенттик шайлоого аттанам дегенден бир нече апта өткөндө, 2015-жылдын июлунда Лас-Вегастагы бир иш-чарасында Марияга капыстан жолугуп калганы тууралуу маалымат бар. “Сиз эки өлкөнүн тең экономикасына кедергисин тийгизген сакцияларды узатуу ниетиндесизби?”, - деп сураган ал. “Мен Путин менен тил табышып кетем деген ойломун, о’кей? - деп жооп берген Трамп. - Мен силерге бул санкциялардын кереги жок деген ойдомун”.

Майкл Изиков менен Дэвид Корн “Орус рулеткасы” деген китебинде жазгандай, Трамптын шайлоо штабынын өкүлдөрү Стив Беннон менен Райнс Прибус бул жолугушуудан чочуган.

Бул эпизод тууралуу китепте: “Лас-Вегастагы бул иш-чарада орус аял кандай пайда болуп калган? Трамп аны менен эмнеден жолугуп калган? Анан Трамптын жообу бар. Кызык, деп ойлоду, Бэннон, Трамп толугу менен даярдалган жооп кайтарды. Прибус да Бутинада кандайдыр бир сыр бар экенине макул болду. Консервативдүү уюмдун иш-чарасы кайда өтпөсүн ал дайыма катышып, дайыма бир жеринде орун алып калып жатат деди ал Бэннонго”.

Ошентип, Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин серверлерин бузуп кирүү, твиттердеги боттор, Майкл Флинн менен Пол Манафорддун кызыктай иштери сыяктуу орусиялык скандалдын бардык тарабы терең катылган сыр эмес эле, үстү бир аз кымтыланган тымызын иштер болуп чыкты. Бул скандалды талдоо факттардын көптүгүнөн гана эмес, ошол эле окуялар менен кишилер түрдүү өңүттө кайра-кайра оозго алынып, баары бир багытты көрсөтүп жатканынан да оңойго турбашы мүмкүн. Дүйшөмбүдө Бутинанын адвокаты анын бир нече ай мурун сенаттын Чалгындоо боюнча комитетине көрсөтмө бергенин федералдык сотко билдирди.

Журналисттер Бутинанын ишине өткөн жылдын жаз айларынан бери көңүл буруп келет. Трамптын эң жакын кеңешчилери шайлоо кампаниясы маалында эле бул айымга шектүү карай башташкан. Эми Бутинага федералдык деңгелде айып тагылганы турат. Калктын көңүлү атайын бурулууда.

Эрик Лэч, The New Yorker, АКШ