Батыш

​Трамп-Путин жолугушуусу. АКШ медиасы: Бул мамлекттик чыккынчылык

17 июля 2018 г. 17:05 3296

CNBC: Путин менен кезиккен Трамп мамлекеттин эмес, өз кызыкчылыктарын көздөдү

АКШ президенти менен орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусун Дональд Трамптын “Кошмо Штаттарынын эмес, өз кызыкчылыктарын жылдыруусу” деп баалаганда гана түшүнсө болот дейт CNBC үчүн жорум жазган Жон Харвуд. Ал Вашингтондо Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен биргеликте аракет кылганы тууралуу тергөө жүрүп жатканын эске сала кеткен.

АКШнын шайлоосуна кийлигишти кинеси коюлган орусиялык Башкы чалгындоо башкармалыгынын 12 кызматкерин сурака алуу боюнча Путиндин сунушун ал сонун деген, анткени “Трамптын АКШнын Федералдык тергөө бюросунун аброюна шек келтирүүсүн орустар колдошот”. Трамп “америкалык укук-соттук системасын 2016-жылкы шайлообузга кийлигишүү кылмышынан сырткары Крымды басып алган жана британ жергесинде нервди сенейткен газ менен киши өлтүргөн мыйзамсыз автократия менен теңеди” деп жазат жорумдун автору.

The New Yorker: Трамп менен Путиндин Хельсинкидеги жолугушуусу

The New Yorker басылмасында Жошуа Яффа Хельсинкидеги сүйлөшүүлөрдөн кийинки Путин менен Трамптын пресс-конференциясын көргөндө “шокко түшсө да таң калбаганын” жазган.

“Таң калбадым. Анткени бир нече убактан бери Трамптын Путинге, эң бери дегенде, автократиялык кызганычы бар экени ачык билинди”, - деп белгилейт Яффа. Анын ою боюнча, андан сырткары Трамп өзүн “Путинге же орусия мамлекетине карыздар сезиши” мүмкүн. Ошол эле убакта АКШнын президенттик шайлоосуна Москванын кийлигишүүсү маселесинде америкалык президенттин өзүнүн чалгындоо кызматы эмес орусиялык лидерге ишенгенинен журналист “шок” болгон. “Путин Москвага бактылуу учуп кетти окшойт. Хельсинкиде өзгөчө гениалдуу нерсе кылганы үчүн эмес, жайма-жай олтуруп, кайра-кайра утуп жатканына акылы жеткени үчүн”, - делет The New Yorkerдеги макалада.

The Atlantic: Бардык кыялдын ойрон болушу

The Atlanticкте чыккан макалада Куинта Юречич “Орусия анын шайлоолоруна кийлигишкен эмес деп ишендирип”, “мыйыгынан күлгөн Путиндин” жанында турган Трапмтын көрүнүшүн “дендиретүүчү” деп баалаган. Тармптын жообу “америка калкынын демократиялык турмушуна президентинин үрөй учурган кайдыгерлигин” толук тастыктап, “анын өз макамынын талаптарына жооп бере албашын” ачык көрсөттү дейт басылма. “Трамптын президенттиги дүйнө аренасында кооптуу экенин Хельсинкиде дүйнөнүн негизги ЖМКларынын кабарчылары, балким, баамдай алышты”, - делет макалада.

Time: Трамп Путин алдында кантип алсыз көрүндү

Time Magazine басылмасында Брайан Беннет Трамп өмүр бою биринин алдына басылып калбаш үчүн алсыз көрүнбөгөнгө аракеттенет. “Бирок орусиялык лидер Владимир Путин менен жолугушуусунда бул эки пастыкты бирдей жашады”, - деп жазат Беннет.

Ал Орусия менен АКШ лидерлери нейтралдуу Финляндиянын аймагында жолугушса да “Путин тосуп алаган тарап сыяктанып, жолугушуудан кийинки пресс-конференцияны башкарып алган”. “Орусиялык лидер биринчи сөздү өзү алып сүйлөп, суроо берчү биринчи журналистти да өзү тандап алды. Путин баарлашууну багыттап жатканда, бөлмөгө кайра-кайра көкүрөгүн керип кирген Трамп, селдейип туруп берди”, - деп жыйынтыктайт Time Magazine.

The Globe and Mail: Бул Дональд Трамптын мамлекеттик чыккынчылыгы болду. Биз муну баарыбыз көрдүк

Профессор жана саясий комментатор Жаред Секстон The Globe and Mail басылмасына жазган жорумунда Путин менен Трамптын жолугушуусун “америка тарыхынын караң күнү” деп атады. “Америкалыктарга көзгө көрсөткүс эң жаман окуянын бирин көрсөтүштү: АКШнын жетекчиси канкор диктатордун өтүгүн жалады”, - деп жазат Секстон.

Америкалыктар президентинен буга окшогон нерселерди көрүүгө “көнүп калышкан”, бирок дүйшөмбүдөгү пресс-конференция “өзгөчө бир нерсе болду” деп белгилейт профессор. Макаланын автору Трамп өз мамлекеттик чалгынынын корутундусун “элдин көзүнчө четке кагып”, орусиялык президенттин сөзүн кайталады. “Ал дүйнөнүн саясий сахнасына чыгып, бир нече жолу саясий качкындарды өлтүрүп, глобалдык демократияга кийлигишкен киши менен макул болду... Дональд Трамп чет өлкөлүк каршылашына жардам берди”, - деп корутундулаган автор.

The Star: Дональд Трамп эл аралык ээн башка айланды

The Starдын редакциялык макаласында саммиттин натыйжасы тууралуу Трамп буга чейин “эл аралык эрежелердин пайдубалын ургулап келсе, дүйшөмбүдө “аны акыры талкалап тынды” деп айтылган.

“Өзү жетектеген америкалык чалгындоо агенттиктеринеби же атаандаш мамлекеттин таасирлүү жеке бийликчил жетекчисинеби, кимисине ишенет деген тикелей суроого Трамп жооп берүүдөн качып, бирок акыры өз мамлекетинин эзелки душманына ишенээрин айтты”, - дейт The Star. Макаланын авторлорунун ою боюнча, Трамп “АКШныны салтуу алакалары менен эл аралык уюмдарды туруксуздаштырып талкалоо” кампаниясын жүргүзүп келет.

The New York Times: Өз партиялаштары Путинге жардам берди деп айтууда

Өзүнүн республикачыл партиялаштары да Трамп дүйшөмбүдө аша чаап кетти дешти. Хельсинкидеги Трамп менен Путиндин бир кызык пресс-конференциясы республикачылдар менен партиясынын саясий аппаратынын шаабайын суутту. Президенти өзүнүн улуттук чалгындоо кызматынын башчысын калпычы дегенсип, Орусия менен алакасы солгундаганга Кошмо Штаттарын күнөөлөп, Путиндин атайын прокурор Роберт С. Мюллер Орусия менен кызматташы керек, деген сөзү менен макул экенин партиялаштары ачыктаганга мажбур.

Республикачыл сенатор Жон Маккейн “бир да мурунку президент заалым алдында мынча кемсинген эмес” деди. Өкүлдөр палатасынын мурунку спикери жана Трамптын кеңешчиси пресс-конференцияны “анын президенттигинин эң олуттуу катасы” деп жарыялады. 2012-жылы республикалык партиядан ажоолукка аттанган, Юта штатынан Сенатка талапкер Митт Ромни аны “Биздин демократиялык принциптер үчүн абийирсиз жана курутуучу” деген.

The Washington Post: Путин менен жолушууунун өзү Американы коргоого үндөп турса, Трамп ийилип берүүнү чечти

2018-жылдын 16-июлу америкалык президенттен күч менен чечкиндүүлүк көрсөтүүнү талап кылып жатса да Трамп анын ордуна урмат кылып, коргонууну, жооптон качууну жана унчукпоону тандады.

Иштин каалаган нугуна бурулганына Путиндин сүйүнгөнүн элестетсе болот. Анын өлкөсүнүн америкалык демократияга кол салуусу ички араздашууга жол ачып, америкалыктарга америкалыктарды каршы кылды. Ал АКШ президентинин Европалык биримдикти душман дегенинен америка-европалык альянстын оор абалда калганын көрдү.

Дүйшөмбүдө түз так сүйлөшүүнүн ордуна Трамп ага жүгүнүп, эл алдында мактап-жактаганын Путин көрдү... Бул күн Трамптын Путин койгон эрежелер менен ойноп, мүмкүнчүлүгү болоору менен АКШнын Европадагы өнөктөштөрүн алсыратуусунун туу чокусуна чыккан күн болду.