Батыш

Кыргызстан-Грузия саякаты – 2: бир-тууган, дос жана душман

15 июля 2018 г. 14:17 1619

Грузияга сапарга Алматыдан казак бир-туугандардын учагына минип аттанмак болдук. Түндө Ак-Жол чек-ара өткмөгүнө барсак 150-200дөй киши кептелип, эки терезеден текшерилип өткөрүлүп жатыптыр. Казактын чек-арачыларына кошулуп, бир эки курсактуу агайың “сен орус катын, мен казак эркекмин” деп чогулган элди “ары тур-бери тур, ары чык-бери кир” кылып зээнин кейитип жүрөт.

Алматынын аба майданында мамиле арыдан бери. Болгону нараак же берээк камерага кара деп, маанчыркап жай кыймылдаган мамкызматкерлери. Аба майданы биздикинен кененирээк сыяктуу, бирок ажаатканалары эки гана кишилик экени таң калтырды. Мындан улам автократия менен демократиянын айырмасын ажаатканасынын ыңгайлуулугунан да билсе болот деген гипотезаны анализдеш керекпи деген ой да кетти.

Тбилисинин абаа майданында кудум биздин эски аэропорттогудай имарат сакталып калыптыр, анын жанына өзгөчө дизайндагы кеңири курулуш тургузулуптур. Айта кетчү нерсе, Грузияда мамлекет да, жеке сектор да салып жаткан имараттын ар бири өзгөчө дизайн менен курулуп жатыптыр. Алар тууралуу кийин сөз кылмакчыбыз.

Учактан чыгып, кеңири галереялар аркылуу учак имаратына кирип бараарыбыз менен атайын униформачан мамкызматкер кирип келген кишини бош же улам бошоп жаткан он чакты терезенин бирине кол сунуп багыттап турат. Өзүңдү дароо дарбазадан күтүп алынган меймандай сезе баштайт экенсиң. Казак менен кыргызда мамкызматкер олтурган кабинканын жогору жагында жайгашкан камера грузиндерде кирип келе жаткан галереяда эле орнотулганды, айтоор паспортумдун бир эки барагын карап туруп штамп коюп, “Грузияга биринчи ирет келдиңизби?” дейт, мен ооба дээрим менен “Грузияга кош келипсиз!” деп жылмайып паспортту бере салды.

Грузиндерде биздеги “Канча бут кирсе, ошончо кут кирет” деген макал коммерциялык нукта да иштейт экен. Ар бир грузиндин канына меймандостук пайдалуу деген сезим сиңип калгандай. Он кыргыз менен атайын жолугууга келген туризм министринин орун басарынан баштап, бардык жерде жайгашкан тыкан жайма базарда соода кылган карапайып картвели (грузиндердин өздүк аталышы) каадасынан жазбаган кичи пейилдиги менен “Сакартвелого (Грузиянын грузинче аталышы) кош келдиңиз!” дегенсип турат.

Калкы төрт миллиондук Грузияга былтыр жети миллион турист келип-кетиптир. Туризм сектору өлкө бюджетинин эң негизги кирешеси экен. Конок тосуп-узатуу жеке сектордун эң биринчи киреше булагы экени бир караганда эле көзгө урунуп турат. Биринчи бөлүмдө айтканыбыздай, бир тойканада жүздөгөн поляк, латыш жана украиндер менен бирге чер жазып конок болдук.

Грузияга аттанаар алдында Жанна Немцованын Вахтанг Кикабидзеден алган маегинин бир үзүндүсү эске түштү. Союз учурунда ар кимиси өз улуттук кийими менен меймандос грузин дасторконунда олтурган кишилерди ишарат кылып Фрунзик Мктчтяндын “Бул кимдер?” деген суроосуна Кикабидзе досунун: “Алар биздин дасторконубузга чакырылган соң, жакшы кишилер да!”, - дегенин эстедим.

Мындан улам өзүм пир туткан ислам жаш аалымдын Орусияга барып келгендеги нааразылыгы эсиме түштү. Ал мубарек: “Эсен байке, минтип адам катары санабагандай болсо эмнеге киргизишет өлкөлөрүнө! Киргизбей эле коюшпайт беле!”, - деп ызаланганы көз алдыма келди.

Орустарды картвелилердин көбү “оккупант” дешет экен. Бул 2008-жылы Михаил Саакашвилинин грузиндердин аймагы болуп эсептелген Түнтүк Осетия менен Абхазияны кайтарып алам деп, грузин куралынын мизин кайтарган орустун Грузиянын азыркы чектеринен бери кирип келген опузасынан улам пайда болгон душмандык. Албетте ал эки аймакта да орустар Крымдагыдай шапа-шуп референдум өткөрүп, орусиялык паспортторду байма-бай бере салган.

Грузиянын эң ири медиа-холдингине бардык. Орустар “окуупация кылып алган” аймактан качып келип, журналисттигин уланткан алтымышка чамалап калган Коба мырза ишканасы менен тааныштырып жүрдү. Биз Кыргыз Республикасында кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий деген статуска ээ, эң күчтүү сайт орус тилинде дегенде, Коба кадимкидей эки айланып кетти. Бир топко чейин эсин жыйа албай туруп анан: “Силердин келечегиңер кандай болот? Илимиңер кайсыл тилде жазылып, өнүгөт?”, - деп сурады. Мындай суроо күтпөгөн биз, жооп бере албай туруп калдык. Кобанын биз менен сүрөткө да моюнунан байланган иттей түшүп жатканы байкалып турду.

Өткөн бөлүмдө сөз кылган Тамара айым маанилүү маалымат берди. Ал: “Бир да грузин жазуучусу эч качан башка тилде китеп жазган эмес. Мен аябай сүйүп, чыгармаларын жата калып окуган кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов орусча жазган”, -деп жылмайды. Демек биздин 1990-жылдардан берки кыргыз адабиятындагы аксообузду бул улут жашабаптыр. Союзга чейин өз тилинде жазып келген адабиятчылар Союз тарагандан кийин деле жазуусун уланткан. Бүт дүйнө адабияты грузинчеге которулуп, картвелилер аны өз тилинде окушат экен.

Сыртка чыкканда бизди коноктоп жүргөн Виолета айымдан грузин алфавити менен тили тууралуу дагы маалымат алдык. XIX менен XX кылымдын чегинде орус колониалдык күчтөрү грузин алфавити менен тилин жок кылуу аракеттерин көрүптүр. Ошондо грузин ак сөөктөрү, байлары менен адабиятчылары грузин мектептерин сактап калууга катуу жан үрөптүр. Өз мекенине берилгенинен улам өлтүрүлгөндөн кийин “Ата-мекендин атасы” деп аталып, Грузин православ чиркөөсү тарабынан “Акыйкатчыл Илия” деп ыйыкташтырылган ак-сөөк бай жана жазуучу Илья Чавчавадзе бул мекенчил кыймылдын башында турган экен. Бул максатта ал бардык күчүн, аброюн жана байлыгын жумшап, жакырдын кейпин кийип калганга ыраазы болгон. Ошентип грузиндер орус падыша доорунда да, андан кийинки совет мезгилинде да алфавити менен тилин аксатышкан эмес.

“Андан эмне майнап?” дегендерге заманбап бир мисал. АКШдагы акыркы президенттик шайлоолорго орус хакерлери ачкан фейк-аккаунттар аркылуу тараган жалган маалыматтар катуу таасир берген. Алар француздар менен немистердин шайлоосуна да аракет кылгандары менен олутту таасир бере алышкан эмес. Себеби французча жана немисче билген орус троллдор жокко эсе болгон. Ошондуктан орус бийлиги бул өлкөлөргө немис же француз саясатчыларынын ортомчулугу менен гана кийлигишип келет.

Кыргыз Республикасына да, казактардын айрыкча батыш Казакстанына да орус медиасы кандай таасир берип жатканын адистер менен тиешелүү маалыматы барлар жакшы билишет. Өзбек тили менен саясий маданияты биздин түштүк менталитетибизге берген таасири орустар айтмакчы “чоңойтуучу айнектин жардамысыз” эле байкалып турат.

Мындан улам бир-тууган же бөтөн элдин тилин билүү туура эмес деген ой кетпесин. Болгону кээде ниети бузук саясатчылар тилди кыянатчылык менен пайдаланып коё алаарын эстен чыгарбоо керек демекчибиз.

Уландысы болмокчу...