Ислам дүйнөсү

​Эрдогандын жаңы Түркиясы менен Евробиримдик кандай мамиледе болот

13 июля 2018 г. 16:35 1613

Түркиянын Евробиримдикке кирүүсү тууралуу кеп кылуу мүмкүн болбой калды. Берлин, Париж, Гаага жана Вена буга эч качан барбайт. Ошондуктан виза режимин жеңилдетүү, бажы биримдигин жаңылоо, качкындар жана террор менен күрөшүү сыяктуу шайлоого чейинки бир нече маселе гана калат

Түркияда 24-июнда өткөн президенттик-парламенттик кош шайлоо канчалык бурмаланганы али белгисиз, бирок Режеп Тайып Эрдоган ыйгарым укуктары чектелбеген президент болгону анык. Жакынкы беш жылда ал эбегейсз жеке бийликке ээ болот.

Евробиримдиктин лидерлери болсо Түркия жана анын президентине карата жаңы жамааттык стратегия иштеп чыгуулары керек. Анда төмөнкү төрт жагдай эске алынуусу зарыл:

Биринчиден – Түркиянын шайлоо компаниясында акылга келип-келбеген бардык укук бузуулар болду. Бул капмания добуш берүү жараянына жана натыйжаларды эсептөөдө жергиликтүү акимдердин кеңири кийлигишүүсүнө жол ачкан өзгөчө кырдаал маалы менен шайлоо боюнча жаңы мыйзамынын алкагында өттү. Административдик ресурсту колдонуп, Эрдоган телеэфирде 181 саат, анын беш атаандашы биригип 22 саат алды. Эрдоган жана анын АКП партиясы колго алып койгон негизги каналдарда оппозициянын шайлоо алдындагы иш-чаралары чыккан жок.

Экинчиден – добуш берүү менен аларды саноо да акыйкат болгон жок. Урналарга бюллетендер тутамы менен салынып, добуштар саналган протоколдор чапталган конверттер алмаштырылып, оппозициянын өкүлдөрүн шайлоо участокторунан кубалап чыгып жатышты (180 миң участоктун 50 миңин оппозиция көзөмөлдөй алган эмес - Саресеп). Жайдын күнүндө 87% пайыз шайлоочунун катышканы да шектүү.

Шашкалактап жеңишин жар салган президент эки нерсе менен кайрылды. Өз элине - кампанияны унутуп жаңы Түркия менен келечекке жол алалы деди. Башкача айтканда шайлоонун жыйынтыгын тартышам деп ойлобогула. Чет өлкөгө болсо - биз дүйнөгө демократия сабагын өттүк – деген опуза-чакырык менен кайрылды.

Үчүнчүдөн – Түркия чечимдерди кеңешүү жана бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоо системасы иштебеген толук автократияга айланды. Президентке премьер-министрдин кереги жок, өзү дайындаган бир же бир нече вице-президент менен министрлерди парламент бекитпейт. Сотторду дайындоодо да президент кеңири укуктарга ээ.

Мындан кийин Түркия менен Евробиримдик (ЕБ) эки башка орбитага түшөт. Түркиянын мамлекеттик башкаруусунун жаңы усулдарын ЕБдин стандарттары менен айкалыштыруу мүмкүн эмес. Анкаранын да бул стандарттарды эске алган саясий түзүмгө кайтууга кыпындай ниети жок.

Төтүнчүдөн – Анкара өзүмчүл улутчул тышкы саясат жүргүзмөкчү. Айрыкча улутчул МХП партиясы парламентте олуттуу орун алгандыктан бийликтеги АКП анын колдоосусуз колу кыска болуп калды. Президенттик шайлоодо Эрдоганды колдогондордун жоон бобу парламенттик шайлоодо улутчул МХП партиясын колдогону айдан ачык болуп турат.

Мындай ашкере улутчулдуктун акыбетин эсептеп чыгуу оор эмес. Батыш менен буга чейин эле араздашууга алып келип жаткан маселелер боюнча Түркия ого бетер жаалданган сөздөргө өтөт. Анкара исламофобия менен качкындар, виза менен бажы биримдиги боюнча Евробиримдикти сындаганын улантат.

Эрдогандын кайра шайлануусу Евробиримдикте качкындарга башпаанек берүү боюнча тартышууларга да дал келип калды. ЕБдин 28 мамлекетинин бул маселе боюнча ар тараптуу макулдашуусу жок болгондуктан, Брюссель менен Анкара ортосундагы келишим үлгү катары карала баштайт.

ЕБдин Түркиядагы шайлоолорго биринчи реакциясы белгилүү болду. Өз арбайын ойлогон Брюссель добуш берүү натыйжаларын таанып, бирок Түркиядагы мыйзам үстөмдүгү менен негизги адам укуктары эбегейсиз бузулгандыгы тез арада каралып чыгуусу керек деди. ЕБдин лидерлери Эрдоган менен кандай маанайда сүйлөшөөрү өтө кызык болуп турат. Европалык саясатчылар Түркия менен мамилени улантышат, бирок анын президенти менен эч кимиси бекем кучакташкысы келбечүдөй көрүнөт. Түрктөрдүн ЕБдин ички иштерине кийлигишкенин эч ким унутпайт.

Түркияда жакын арада бийликтин жаңы түзүмү калыптанып чыгат. Экономика менен каржыдагы абал чеке жылытаарлык эмес. Ал эки цифралуу инфляция, эбегейсиз карыз, валюталык кризис, инвесторлордун качуусу менен мүнөздөлөт.

Жеңишин майрамдаган Эрдоган менен ЕБдин лидерлери канча жолу жолугаары али белгисиз. Европанын көйгөйлөрүн эске алганда бул сукпаттар жеңил болбочудай көрүнөт. ЕБдин лидерлери качкындар менен экономикалык кызыкчылыктарды гана эмес, террор менен күрөшүүнү да эстеринен чыгарбоолору зарыл. Учурда Бельгия, Франция менен Германиянын эки миңге жакын жыхадчы жарандары Түркияда жыйналып, Европага кайтууга даяр турушат. Ошондуктан Евробиримдик Түркия менен кызматташуудан баш тарта албайт.

ЕБ Түркия менен узун мөөнөттүк саясатын кайра бир сыйра карап чыгуусу абзел. Түркиянын Евробиримдикке кирүүсү тууралуу кеп кылуу мүмкүн болбой калды. Берлин, Париж, Гаага жана Вена буга эч качан барбайт. Ошондуктан виза режимин жеңилдетүү, бажы биримдигин жаңылоо, качкындар жана террор менен күрөшүү сыяктуу шайлоого чейин эле козголуп келген бир нече маселе калат. Мунун баары оңой-олтоң маселе эмес. Ошондой болсо да ЕБ түрк укук коргоочулары, көз-карандысыз ЖМКлары менен жарандык коомду учурдагыдан да активдүү колдоосу шарт. Балким муну ишке ашыруу шайлоого чейинкиге караганда оорго турушу мүмкүн. Бирок ЕБ жумшак күч саясатына ишенсе, аны дал ушул Түркияда колдонуусу зарыл. Бул мамлекетти эсептен чыгарып салууга болбойт.

Марк Пьерини, Carnegie Moscow Center, Орусия