Батыш

НАТО кайым айтышса да биримдигин сактап калды

12 июля 2018 г. 15:40 566

Брүселдеги НАТОнун саммити араздашуу менен коштолду. Дональд Трамп өнөктөштөрүнүн коргонууга жетиштүү каражат жумшабай жаткандарын айтып, ГФРди Орусиянын алдында калган мамлекет деп атады. Бирок Альянстын лидерлери бирдиктүү декларация кабыл алышты

Брюсселде 11-12-июлда НАТОнун саммити өтүп жатат. Анын экинчи күнү Украина, Грузия жана Афганистанга арналмакчы. Алгачкы күнүндө Түндүкатлантикалык альянстын биримдиги каралды. НАТОнун генералдык катчысы Йенс Столтенберг уюмдун ичинде келишпестиктер бар экенин моюндады. Бирок жолуккандар биримдикке келе алышты. “Биз бүгүн кабыл алган чечимдер Европа менен Түндүк Америка бирге иштеп жатканын көрсөттү”, - деп билдирди Столтенберг.

Жамааттык коргонууга макулдук

Саммиттин тынч өтпөөрү башынан белгилүү болчу. АКШ президенти Дональд Трамптын өткөн жылдын май айында кесиптештеринин коргонууга аз каражат жумшап жатканы үчүн жемелегени Брюсселдин эсинен чыга элек. Андан да жаманы, Трамп НАТОнун жамааттык коргонуу принцибин жактаарын тастыктабай кете берген. Муну баары күткөн.

Бирок бул жолкусунда альянстын 29 мамлекетинин башчылары бирдиктүү декларация кабылдашты. Анда алардын бирине кол салуу – баарына кол салуу болуп эсептелет деген негизги принцип тастыкталды. Андан сырткары саммиттин катышуучулары НАТОнун башкаруу түзүмүнө дагы 1200дөн ашык кызматкер алынып, куралдуу күчтөрүнүн согушка даярдыгын жогорулатуу чечимин чыгарышты. Декларацияда Орусияга олуттуу көңүл бурулуп, анын “саясий максаттарга жетүү үчүн коркутуп, күч колдонгон кастык аракеттери альянска чакырык таштап, евроатлантикалык коопсуздук менен эрежелерге негизделген эл аралык тартипти бузуп жатканы” айтылган.

Декларацияда 2014-жылы Уэльсте кабыл алынган максат да тастыкталган. Анда НАТОнун бардык мамлекеттери коргонуу чыгымдарын ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) 2 пайызына жеткирүүнү макулдашкан. Андан бери көп нерсе өзгөрдү: көп жылдан бери кыскартып келе жаткан чыгымдарын Альянстын бардык мүчөлөрү арттыра баштады. Бул жылы сегиз мамлекет жогорудагы ченге жетет же ага болушунча жакындайт.

Бирок Трамп Уэльстеги чечимди башкача карайт. Ал 2024-жылга чейин эки пайызга аракеттенүү эмес ага жетүү шарт деп түшүнөт. Саммитке келе жатып ал НАТОнун көп мүчөлөрү ИДӨсүнүн эки пайызын төлөгөндү бул жакка кой, коргонууга “бир нече жылдык төлөмдөрүн карыз болуп калышкан” деген. Трамптын эмне жөнүндө айтканы сыр бойдон калды, анткени мүчө өлкөлөрүнүн эч кимиси НАТОнун бюджетине карыз эмес экени билинди.

Германия ОФнын көзөмөлүндөбү?

11-июлдун таңында абал ого бетер курчуду. Столтенберг менен нанүштө маалында Трамп Германияны Орусиянын “барымтасында” деп айтты. “Германия толугу менен Орусиянын көзөмөлүндө, анткени ал мунай-газынын 60-70 пайызын Орусиядан алат”, - деди АКШнын президенти. Чын эле ОФ Германия федеративдик республикасына (ГФР) көп газ сатат, бирок анын үлүшү 40 пайыздын тегерегинде. Ооба, коргонууга сарпталган каражаттарда ажырым бар. НАТОнун маалыматы боюнча Вашингтон ага ИДӨсүнүн 3,5 пайызын чегерет, Германия 1,24%. “Биз силерди Орусиядан коргойт деп күтөсүңөр, бирок өзүңөр Орусияга миллиарддаган доллар төлөп жатасыңар”, - деп белгиледи Трамп. Ал эң нааразы болгон нерсе – Балтика деңизинин түбү менен өтчү “Северный поток-2” газ түтүгү.

Столтенберг сукпатташын дал ошо Трамптын пикири НАТОнун коргонууга коротчу чыгымдарын арттыруусуна түрткү болду деп жоокалаткысы келди. Бирок АКШнын президентин бул факт да, европалык мамлекеттер менен Канада коргонууга 266 млрд доллар кошумча каражат жумшап жатканы да тынчтандыра албады.

ГФРдин канцлери Ангела Меркель көп күттүргөн жок. Саммитте ал СССР көзөмөлдөгөн ГДРде жашаганын эскерди. Андыктан Берлин учурда “эркин саясат жүргүзө алаарына” сүйүнгөнүн билдирди. ГФРдин тышкы иштер министри Хайко Мас болсо кийинчерээк: “Биз Орусиянын да, АКШнын да барымтасында эмеспиз. Биз эркин дүйнөнү кепилдегендердин бирибиз жана муну уланта бермекчибиз”, - деп толуктады.

Германиянын өкмөтү акыркы күндөрү НАТОго кошкон салымына дайыма басым жасап келет. Ал коргонууга короткон каражатын 2024-жылы ИДӨсүнүн 1,5 пайызына чыгармакчы. Бул он жылда 80 пайызга арттыруу дегендик. ГФР Альянстын миссиялары менен операцияларына сан жагынан алганда көптүгү экинчи орунда турган аскер жиберип келет. Андан сырткары Европанын ичинде куралдуу кошундарды тескөө максатында дагы кошумча ачылып жаткан эки башкаруучу түзүмдүн бири Германияда жайгашмакчы.

“Укмуш” мамилелер

Андан кийин Меркель менен Трамп эки тараптуу жолугушуп, күтүүсүздөн ЖМКлар менен сүйлөшкүлөрү келди. Ортосунда кандайдыр бир араздашуу билинбейт. Андан да таң калыштуусу, Трамп Меркель менен мамилесин “аябай-аябай жакшы”, АКШ менен Германиянын карым-катнашын “укмуштуудай” деп атады. Немис канцлери Трамп менен сүйлөшкөнүнө кубанып турду. “Биз өнөктөш экенибиз жана мындан нары да кызматташа берээрибиз маанилүү”, - деп кошумчалады ал.

Лидерлер соода-сатык, коргонууга чегерилген каражат, миграция маселелерин талкуулашты. Алар “Северный поток-2” жана 16-июндагы Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусун да кеп кылышкан. Бирок бул темалардын маңызын ачыкташкан жок.

Тараптардын кайчы пикрилер боюнча бир бүтүмгө келе албаганын жыйынтыктоочу декларациясы да тастыктап турат. Анда “Северный поток-2” жөнүндө сөз жок, бирок мунай-газ бир нече тараптан алынышы керектиги айтылган. Бул маселе көбүнчөсү “улуттук бийликтин” карамагында калса да “мүчө өлкөлөр менен алардын өнөктөштөрүнүн саясаты менен коопсуздугунда олуттуу натыйжаларга алып келип коюусу мүмкүн” экени белгиленген.

Сонун мамилелерди тастыктаары менен Трамп адатынча Твиттерди колго алган. Өлкө башчылары негизи маселенин бири Орусия болгон кечки тамакка жөнөшкөндө АКШнын президенти: “Германия Орусияга газ менен энергия үчүн миллиарддарды төлөп жатса НАТОнун эмне жакшылыгы калды?.. АКШ Европанын коопсуздугу үчүн каражат жумшаганы аз келгенсип соода-сатыкта миллиарддарды жоготууда. ИДӨнүн эки пайызын 2025-жылга чейин эмес, дароо төлөөлөрү керек”, - деп жазган.

Трамптын коргоо үчүн эки эмес төрт пайыз жумшоо керек деген оюн кесиптештери колдогон жок. Журналисттер бул тууралуу сураганда Столтенберг буга чейин берилген убадаларга үңүлүүнү сунуштады. “Келишпестиктер, талашып-тартышуу, өзгөчөлүктөр бар. Бирок НАТО чечим кабыл алды жана биз натыйжаларга жетүүдөбүз”, - деп жыйынтыктады генералдык катчы.

Deutsche Welle, Брүссель|