Орусия

Путин заманбап күчтүү кадрларын кантип даярдап жатат

11 июля 2018 г. 22:05 959

Былтыртан бери Москва болочок губернатор, министр, депутат жана сенаторлорду Орусиянын академиясынын эл чарбасы жана мамлекеттик кызматынын мамлекеттик башкаруу боюнча жогорку мектебинде даярдап жатат. Ал заманбап күчтүү аткаминерлерди чыгарган ишканага айланды

Анын Москванын борборунда заңгыраган же байыркы имараты жок, ал баш калаанын түштүгүндөгү эл катары курулуштун биринде жайгашкан. Кабылдамасына калдайган бөлмө каралган неосоветтик салтты кайталабай, окуу жайдын проректору Алексей Комиссаровдун кабинети бир топ эле жупуну. Андан сырткары, Орусиядагы коллегаларынан айырмаланып, анын кесиби аткаминерлик эмес. Ал буга чейин батыштык билим алган юрист, Британиянын Кингстон университетин аяктап, автоунаа боёгун чыгарган ишкананы жетектеген. Советтик салтка ал жетектеген ишкананын ондон ашкан сөздөн куралган аталышы гана жакындап кетет. “Орусия Федерациясынын президентинин алдындагы Орусиянын академиясынын эл чарбасы жана мамлекеттик кызматынын мамлекеттик башкаруу боюнча жогорку мектеби”. Мааниси жагынан алсак ал Владимир Путиндин кадрларын даярдаган ишкана.

Дал ушул сыртынан билинбеген жерде Орусия бир нече убакыттан бери өзүнүн жогорку макамга ылайыктуу аткаминерлерин, губернатор, министр, депутат жана сенаторлорду, кыскасы, өлкө башчысы чаташкан мамлекеттик аппаратка орноштурайын деген кишилер даярдалып жатат. Президент жадаган муунду сүрүп чыкчу берилген, мекенчил, заманбап, таза, ачык, ишбилги жана акылдуу инсандар. Алексей Комиссаровдун көзүнчө биз аларды “чиновник” деп атагыбыз келбей турат. Мамлекеттик чинди сатып алып баласына өткөрүп берүү укугун мыйзамдаштырган, 1722 жылы Пётр Биринчи киргизген Макам тизмегине дал ушул түшүнүк коюлган. 1903-жылы Ленин орус эли ушундай чиновниктердин кулуна айланган дегендиктен аларды “мамкызматкер” деп атап калышкан. Бул аталыш да учурда колдонулуп, биринчиге караганда анча копол угулбайт.

Ыкчам окутуу

“Совет доорунда аларды белгилиүү бир даражада окутуп даярдашкан. Бирок СССР урап түшкөндөн кийин бул салт токтоп калган. Кээ бир жогорку макамдагы мамкызматкерлердин жетишээрлик тажрыйбасы жок. Эми бул салтты президент менен анын администрациясы кайра жанданта баштады”, - дейт Алексей Комиссаров. Былтыр анын академиясы биринчи курсуна 74 студент кабыл алган. 77 кишилик экинчи курам 13-июнда окуп баштады. Жалпысынан кырк күндүк саатты камтыган ыкчам окутуу курсу тогуз айга созулат. Алардын 51ин кремлдин администрациясы тандап алып, Путиндин “кадрдык кору” деп аталган жаш таланттардын арасына киргизген. Жеке сектордон келген калган 26сы “Орусиянын лидерлери” аталыштагы жарышты жеңип чыгышкан. Алар башкаруу тармагында беш жылдан кем эмес иштеген 200 миң талапкердин арасынан суурулуп чыгышкан.

Конкурстун финалына чыккандардын алдында сүйлөгөн Владимир Путин алардын мекенине кызмат кылуусу керектигин айткан. Ошол эле учурда, өзүнүн тегерегиндеги коёндой окшош жана айдатма бюрократтарга нааразы экенин өлкө башчысы жашырбай дайыма айтып келет. “Анын чечимдери жетишерлик тездикте аткарылбай калган учурлар бар”, - дейт жакын санаалаштарынын бири. Учурда жогорку макамдагы аткаминерлердин орто жашы 55ке жетип калган. Бул көрсөткүч жыл санап жогорулап бара жатат.

Буга 64 киши күйүп өлгөндөн кийин отставкага кетүүгө мажбур калган Кемеров облусунун мурунку губернатору Аман Тулеевди мисал келтирсек болот. Макамынан түшкөндө ал 73 жашта болчу. Ал облусту 20 жыл жетектеп, акыркы жолу 1980-жылдары Компартиянын элитасын даярдаган Коомдук илимдер академиясынын курсунан өткөн. Ага чейин анын 27 коллегасы жумушунан кетип, алардын кээ бирине паракорлук айыбы тагылган. Учурда Дагестанда төрт министр кызматына кыянаттык кылган деп айыпталып, абакта олтурат. “Учурдагы орусиялык элита узак мөөнөттүк мерчемдөөнү билбестиги, компромисс издештире албаганы, коомдук жоопкерчилигинин төмөндүгү менен өзгөчөлөнүп турат”, - дейт экономикалык стратегия боюнча мугалим Александр Аузан.

Үй-бүлөлүк жана топтук байланыштарынын жоктугу

Кремль даярдап жаткан жаш аткаминерлердин орточо курагы 37 жаш жана алардын паракорлукка каршы иммунитети бар. “Биз башка тарыхий жагдайда тарбияланып, пара алуу түшүнүгүбүз да жок”, - дейт Татарстандын 43 жашындагы байланыш министри Роман Шайхутдинов. Комиссаровдун айтымында академия “меритократия” критерийлерине жараша кабыл алат, б.а. өлкөдө калыптанган үй-бүлөлүк же топтук байланыштарды колдонуп ага өтө албайсың. “Булар бардык пикирге ачык жана ишкердик руху бар, ийгилиги сөзгө алаарлык жана өтө активдүү кишилер. Ошол эле учурда Франциянын Административдик улуттук мектебинин студенттериндей баарын билебис дешпейт”, - дейт Экс-Ан-Прованс шаарынын Ишканаларды башкаруу институтунун стратегия боюнча адиси жана бул академиянын мугалими Морис Сайас.

2017-жылы Антон Алиханов футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка акча бөлүнүп, алапайын таппай калган Калининградга губернатор болуп дайындалган. “Биз бир нече текшерүү жүргүзүп, курулуш министрин макамынан четтетип, анын ишин укук коргоо органдарына өткөрдүк”, - дейт москвалык көк жал. Ал жумушуна сапет (велосипед) менен барып, коррупцияга даттанып келген жарандарды жеке өзү кабыл алат. Алиханов академия менен байланышын үзбөй бул региондо да кадрдык кор калыптап кирди.

Кремль АКШны душман катары көрүп, окутууда англис тили талап кылынбай калганы менен, академиядагы окуу жараяны америкалык менежменттин усулдары менен жүргүзүлөт. Сабактарды МГУнун мугалимдери берип, лекцияларды Сбербанктын башчысы Герман Греф, Москванын мэри Сергей Собянин жана тышкы иштер министри Серге Лавров окушат. Академиянын чет элдик кызматкерлери да бар. Мисалы венчурдук (насыя берген тарап да тобокелчиликти бөлүшкөн) капитал боюнча эксперт “Стенфорд универститетине туруктуу мугалим статусу бар жалгыз орусиялык” Илья Стребулаев. Сезимталдык интеллект теориясын иштеп чыккандардын бири Йель универстиеттинен Дэвид Карузо да бул академияда сабак берет. Окуу аяктаганда студенттер шаар-мамлекетине жогорку макамдагы аткаминерлерди тандоо тажрыйбасын үйрөүү максатында кыска мөөнөткө Гонконг менен Сингапурга барышат. Сабактан сырткары алар автомат атып, парашют менен секирип, танктын алдынан сойлоп өтүп жана Сочидеги жети метрлик шаркыратмадан дайрага секирип кирүүлөрү керек. Мунун баары студенттердин арасында “ишеним маанайын жараткан”, аларды “адаттан сырткары татаал жумуш шарттарына” даярдаган “тимбилдиңке” кирет деп белгилейт Алексей Комиссаров.

“Биз анча консервативдүү эмеспиз жана тез өзгөрө алабыз. Мен экономикалык стратегияны түшүнүп, дүйнөдөгү негизги тенденциялардын нугунда болушум керек. Биз өрт өчүргүчтөй болуп күчүбүздүн баарын бир ишке жумшабастан ырааттуу иштешибиз керек”, - дейт энергетика министринин орун басары Анастасия Бондаренко. Ал бардык маселени өз ордунда караш керек экенин баса белгилейт.

Бул жаш гвардия мурунку муун эптеп кете албаган “жаңы технологиялар” жөнүндө көп сүйлөйт. Батышка каршы киберчабуулдарды уюштурду деп айыпташканы менен Путин интернетти колдонбогонун өзү айткан. Жеке телекоммуникациялык компаниянын мурунку мүдүрү Роман Шайхутдинов Татарстанда “4.0 элдик инпекторду” калыптаганын айтып мактанат. “Эгер кимдир-бирөө жол эрежесин бузса, ар бир жаран аны видеого тартып бизге жибере алат, күнөөкөр айыбын тартат. Натыйжада калкыбыз регионду башкарууга катышып жатканын сезет”, - дейт ал.

Роман Шайхутдинов өзүн либерал деп, кээ бир мугалимдер анын жолдошторун заманбап орусия мамлекетинин келечеги деп эсептешет. Кээ бири окутуу милдетинин чегинен чыккысы келбейт. “Бир муунду толугу менен кийинки муунга алмаштыруу өтө кооптуу болмок”, - деген ишенимде Алексей Комиссаров.

Пьер Авриль, Le Figaro, Франция