Борбор Азия

​Казакстандагы бийлик өткөрүп берүү тууралуу эмне билүү керек

10 июля 2018 г. 16:03 694

Казакстандын алмашкыс президенти Нурсултан Назарбаев бийлигин өткөрүп берип жатат дегенде эң биринчи кезекте эмнелерге көңүл буруу зарыл

Казакстанда бардык нерсе бийликти өткөрүп берүүгө ишарат кыла баштады. Республиканын Конституциялык кеңешмеси тунгуч президентке Коопсуздук кеңешти өмүр бою башкарууга укук берген мыйзамын бекиткенин ата-мекендик жана чет элдик эксперттер мунун ачык белгиси деп жорушту. Андан сырткары 2020-жылы президенттик мөөнөтү аяктачу Нурсултан Назарбаевдин кийинки шайлоого катышпаарын Казакстандын Сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевдин ВВС маалымат агенттигине билдиргени да муну тастыктагансыйт.

Казакстанда президент ким болот деген чучукулак тартыла баштады

Июндун этегинде болуп кеткен бул окуялар эскперттердин бүйүрүн кызытып, Астанада мерчемделген сыяктуу көрүнгөн бийлик өткөрүп берүү кандай өтөт деген тартышууларды кайра жандантты. Ар ким өз жүйөлөрүн келтирип, президенттикке талапкерлерди атай баштады. Алардын арасында президенттин кызы Дарига Назарбаева, кичүү кызынын күйөөсү Тимур Кулибаев, ошол эле Токаев жана башка таанымал кишилер атала баштады.

Мындан улам бир нече маанилүү нерсени белгилей кетүү зарыл. Биринчиден, серепчилердин бири да эркин шайлоо аркылуу бийлик алмашуу тууралуу сөз кылган жок. Экинчиден, “Новая газета – Казахстан” басылмасынын башкы редактору Александр Краснердин айтымында, Казакстандын ичиндеги пикирлерге келгенде, бул маселени талкуулап жаткан ЖМКны бир колдун манжалары менен санап чыкса болот.

Албетте, формалдуу жагынан алганда, мамлекеттеги экинчи макамды ээлеген Токаевдин ВВСге берген маегиндеги сөзү өзгөчө орун ээлейт. Ал сөз аткаминер өлкөдөгү биринчи персонанын пикирин билдирдиби деген өңүттө катуу талкууланып жатат”, - дейт Краснер.

Казак Сенатынын төрагасы жаңылдыбы?

Казак саясат таануучу Айдос Сарым Сенаттын спикери президенттин оюн билдирген эмес деген ойдо. “Бул билдирүүдөн кийин дароо маалымат министри да, президенттин администрациясынын мурунку жетекчиси да, башка кишилер да Токаевдин сөздөрүн жокко чыгарышты. Мен Казакстандын олутту саясий оюнчулары менен жолугуп көрдүм. Аларга бул сөздү кандай баалаш керек, пландалган билдирүүбү же Токаевдин катасыбы деген суроо узаттым. Көбү анын өзүнөн-өзү эле ыңгайсыз абалга түшүп калды деген ишенимде”, - дейт Сарым. Анын айтымында Батышта мындай билдирүү чоң мааниге ээ, бирок Казакстанда эч ким бийлик алмашуу тууралуу ачык сөз кылууну каалабайт жана буга даяр да эмес, ошондуктан атайын маалымат “таштап көрүү” жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.

Политолог Нурсултан Назарбаевдин эч кимге бийлигин тапшыргысы жок деген ишенимде. “Ал мамлекетти кандай башкарыш керек экенин баарынан жакшы түшүнөм деген ойдо. Андан сырткары казак тайпаларынын бири акыры үстөмдүк кылып кетпегендей бийликти өткөрүп берүү өтө оор”, - дейт Айдос Сарым.

Бала-чакага, урук-тууганга, жыйналган байлыкка эч ким тийбегендей өткөрүп берүү негизги маселе деп толуктайт саясат таануучуну Александр Краснер. “Үй-бүлөдөн” сырткары келген ким болбосун менчиктештирүүнү “өздөрү” тарабына кайра карап чыгаары анык экенин белгилейт ал. “Астанада муну Түркмөнстан менен Өзбекстандын мисалында көрүп турушат. Эгер президент өз макамынан кетсе, ордуна келген кишини күч түзүмдөрүнүн баарынан куру жалак калтырат. Ошондуктан “үй-бүлөдөн эмес” жаңы киши башында кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүп, мыйзамды кайра өзгөрткөн соң гана бийликти колуна алат. Мунун баарын ким карап отура берээрин билбейм”, - деп ойлонот Краснер.

Батыш Казакстандагы бийлик алмашууга кандай карайт

Бирок Батышта буга башкача карашат экен дейт Айдос Сарым. Ал казак оппозициясынын өкүлдөрү менен июндун аягында Вашингтонго сапар кылып, Мамдепартамент, Конгресс, Сенат, Коопсуздук кеңеши, ири ЖМК жана “пикир фабрикалары” менен жолугушуп келген.

“Ал жакта бийлик өткөрүп берүү темасы биринчи орунда. Бул баардык жолугушууларда талкууланды. Кишилер түрдүү варианттарды карап, Өзбекстан менен салыштырып, буга байланыштуу күчтүү суроолорду узатышты. Биздин бийлик өткөрүү жөнүндө кеп кылуу эрте дегенибиз менен жолуккан эксперттин бир бөлүгү Астанадан келип жаткан ишараттарга олуттуу карашат”, - деп баяндайт Сарым.

Бирок Борбор Азия боюнча немис эксперти Михаэль Лаубш, өкүнүчтүүсү, Брюссель, Берлин жана Вена Казакстанда бийлик алмашуудан башка эле көйгөйлөр менен алек. Албетте, муну талдап олтурган бир нече “пикир фабрикалары” бар. Алардын арасында Жеймстаун фонду менен Эл аралык мамилелер боюнча европалык кеңеш (ECFR) бар.

“Январда сунушталып, июнда бекитилген Коопсуздук кеңешин өзгөртүү мыйзамы бул уюмдар тарабынан бийлик транзити катары каралды. Алардын ою боюнча Нурсултан Назарбаев түптөгөн системанын негизги элементтери менен саясий принциптер катуу өзгөрүп кетпейт. Аталган мыйзам болсо перзиденттин мындай өзгөртүүлөрдү тосуп калчу мекемелерге таасирин сактап калуу аракети катары каралууда”, - деген ойдо немис серепчиси.

Анын айтымында, Батыштын учурдагы абалын талдаганда, муну негизги бүтүм катары караса болот. “Бул регионду караган батыш саясатчылары менен акыркы айлардагы жолугушууларым да муну тастыктап жатат”, - дейт Лаубиц.

Тимур Кулибаев, Дарига Назарбаева менен “Газпромду” эмне ажыратып турат

Казакстанга кайталы. Александр Краснердин айтымында, негизги ЖМКлар бийлик транзитин талкуулабаса да, интернеттеги соцтармактар кайнап баштады. Казакстандын коопсуздук кызматынын (КНБ) качып жүргөн мурунку башчысы Альнур Мусаев Фейсбукта бир нече эскерүүлөрүн коюп, талкууга май тамызды.

“Мусаев шектүү булак катары каралса да жашыруун документтер менен тааныш. Мусаевдин билдирүүсү боюнча, Казакстандын эгемендигинин алгачкы жылдарынан бери жашыруун бөлүм иштеп келет. Ал Нурсултан Назарбаевди төңкөрүү аракеттерин алдын алып туруусу керек. Бул максаттар үчүн кишилерди Тимур Кулибаевдин атасы тандап “серый кардинал” атагып жүрөт. Президенттин күйө баласы Казакстандын банктык тармагында эң таасирлүү адам экенин, Кулибаевдер транспорт системасы, мунай чыгарууда чоң салмакка ээ экенин, бул клан менен таасирлүү аткаминерлер кол кабышта экенин эске алганда аталган үй-бүлө “тактыга” аракет кылганына олуттуу каралып жатат”, - дейт журналист.

Июндун орто ченинде Орусиялык НТВ каналынын “Секрет на миллион” берүүсүнө ырчы жана фотомодель Сати Казанова чыгып, башка өлкөнүн миллиардери жөнүндө айтып бергенинен кийин көңүлдөр ого бетер бурулган. “Анда анын катынпоздугу, мамлекеттин эсебинен кымбат нерселерге качырганы тууралуу кеп болгон. Берүүнүн редакторлору болсо бул кишинин Тимур Кулибаев экенин ачып салышкан”, - дейт Краснер.

Берүү чыгаары менен “Комсомольская правда” бул эпизодду колдонуп, Кулибаев жөнүндө материал чыгарып, ал орусиялык ЖМКларга тарап кеткен. “Маселенин кызыгы, Кулибаев “Газпромдун” акционери жана директорлор кеңешинин мүчөсү экенинде жатат. НТВ – “Газпром-медиага тиешелүү канал жана “Газпромго” көз каранды. Мындан улам кожоюдарынын бири болгон Кулибаевди ашкерелеген “буйрук” журналисттерге кандай “жогору” жактан келиши керек деген суроо пайда болот”, - деп ачыктаган журалист.

“Бул суроо Казакстандын өзүндө, Кулибаевдер менен президенттин улуу кызы Дарига Назарбаеванын ортосундагы такты талаш согушу сыртка чыгып кеткенинин белгиси, деген жооп тапты. Аткени президент отставкага кетсе, анын макамына Сенаттын спикери келет. Дал ошол Сенатта Дарига Назарбаева тактыга бир кадам калган. Маселенин кызыгы Кулибаевдердин колунда чоң мүмкүнчүлүктөр бар, бирок президенттин кызы техникалык жактан алганда макамга эң жакын экенинде жатат. Бул жагдай бүйүр кызытып, кызуу талкуу жаратууда, бирок анын көбү соцтармактарда жүрүп жатат”, - деп сүрөттөйт маселени “Новая газета – Казахстандын” башкы редактору.

Deutsche Welle, Борбор Азия