Орусия

​Орус жаштары батышка качууда

9 июля 2018 г. 16:01 726

Жакшыраак шарт менен көбүрөөк эркиндикке умтулган жетиштүү билими бар орус жаштарын Германия менен АКШ кызыктырат

Михаил Леонов бул жолдо ийгиликке жеткендердин бири. Анын чөнтөгүндө Британияга чейин билет бар жана ал бир ай ичинде Шотландиядагы жатак мектепте окуп баштайт.

“Менин ал жакта калуу ниетим бар, бирок АКШга да өтүп кетсем болот”, - дейт Москванын түштүгүндө жашаган 16 жаштагы өспүрүм.

Михаил Леоновдун жагдайы мындай ниети бар бир топ жаштыкынан артыгыраак. Анын жатак мектебин каржылап бергенге дарамети жеткен ата-энеси бар. Бирок аныкы сыяктуу, Батышта жашап, ал жакта тамырлап калайын, деген ниетин ага муундаш жаштардын көбү багып келет.

Жакында жүргүзүлгөн коомдук сурамжылоодо 18-24 курагындагы орусиялык жаштардын 31%ынын чет өлкөгө көчүп кетүү ниети бар. Бул акыркы беш жылдыктагы эң жогорку көрсөткүч.

Бул цифраны апыртылган деп айта албайсың, анткени маалыматты Орусиянын жетекчилиги менен жакшы байланышы бар мамлекеттик коомдук сурамжылоо борбору (ВЦИОМ) жыйнап, талдап чыккан.

Мында жаштардын кыялы гана жөнүндө кеп болбогону көрүнүп турат. Көчүп кетем дегендердин бешинин төртөөсү чет өлкөдө орношуп алуунун жолдорун караштырып баштаган, үчөөнүн экиси кыялына жетүү үчүн чет тилин үйрөнүүдө.

Орусия калкын толугу менен алганда, сурамжылоо боюнча, ар онунчу кишинин көчүп кетүү ниети бар. Бул 14 млн жаран дегендик.

Көчүп кетүү ниетин ташыган орусиялыктар жактырган өлкөнүн үчөө Батышка таандык. Он алты пайыз жаран Германияны, 7%ы АКШны, 6%ы болсо Испанияны тандап алган.

Акыркы жылдары канча орусиялык мекенин таштап кеткени тартыш маселе, аны санап чыгуу оңойго турбайт.

Бир нече жыл мурун кабыл алынган, кош жарандыгы жана чет өлкөдө жашап калуу кагазы бар жарандарынын мамлекеттик каттоодон отүүсүн милдеттендирген мыйзам маселенин канчалык экенин ортого чыгарган.

Gazeta.ru. интернет булагы: “Мындай орусиялыктар алты миллион экени билинди”, - деп жазган.

1990-жылдар кайтып келүүдө

Совет биримдиги урап түшкөндө, экономикалык көйгөйдөн качкан орусиялыктар менен мурунку биримдикке кирген республикалардын жарандарынын толкуну чет жакты көздөй каптаган.

Расмий маалыматтар боюнча 1990-жылдардын этегинде Орусиядан, орто эсеп менен алганда, жылына 200 миң киши чет өлкөлөргө көчүп чыккан. Бирок 2000-жылдардагы экономикалык өсүш бул тенденцияны өзгөртүп, 2007-2011-жылдары 50 миңге жетпеген жаран көчүп кеткен.

Акыркы жылдардагы экономикалык кризис жана катаалдашкан саясий жагдайдан улам эмигранттардын саны кайра өсө баштаган. Кремль болсо мекенчил сезимдерди гана кубаттоо менен алек.

Мындан улам чет өлкөгө чыгып кеткен же Батышка кетүү ниети бар жарандарга толук ишенүү мүмкүнбү деген талаш-тартыш күч алды.

Өткөн аптада Gazeta.ru. интернет басылмасы мындай жарандарды “келечектеги көзкамандар” же “мекенди сатууга талапкер” катары караса болобу деп сурамжылады.

“Жок” деген жооп алынды, анткени эмиграция кайтпас жолго түшүү мүнөздө болбой калган. Совет доорунда чыгып кетүүгө уруксат алуу эбегейсиз зор болгондуктан, мындай кагазды алгандар мекени менен кош айтышууга мажбур болушкан. Азыр андай эмес дейт анализ кылгандардын бири.

“Эмиграция адамды мекенинин эшигин тарс жаап кетүүгө түрткөн совет мезгилиндеги мүнөздөн чыккан, ошондуктан жаштардын жоопторун киши чыдагыс орусиялык турмуштан качуу деп жоруу туура эмес”, - деген ВЦИОМдун кызматкери Борис Львов Interfax агенттигине.

Агенттик, Владимир Путиндин доорунун экономикалык жана саясий сенектигинен чарчагандыктан, жакшы билими бар орусиялыктардын кетүү ниетинде саясий да себептер бар экенин белгилеген:

“Бул ниеттер ушул бойдон турмушка ашат дегенчелик эмес болгону менен өлкөдөгү саясий жана коомдук реалдуулукту чагылдырып турат”.

Поуль Ларсен, Jyllands-Posten, Дания