Кытай/Индия

​АКШ менен Кытайдын соода-сатык согушунун чыныгы себеби

7 июля 2018 г. 20:57 1672

Кытай либералдык тартип менен анын баалуулуктарын эч качан моюндаган эмес

Президент Дональд Трамп АКШга импорттолгон кытай товарларына 34 млрд доллардык төлөм киргизди. Эки өлкө ортосундагы соода-сатык согушу тутанып келе жатат. Эки тарап тең эч бир чектөөгө баш ийбеген каршылашынын опузасына кабылган өлкө катары көрүнгүсү бар. Эки тарап тең жаңылып жатат, анткени алардын араздашуусунун тамыры өтө эле терең.

АКШ өзүнүн тышкы саясатында көп жылдар бою кытай тарапты жактап келген. Америка Кытайды Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алууну жактагандардын башында турган. Юаны менен түрдүү оюндарды уюштурган Кытайга кандайдыр бир тикелей чара көргөн эмес. Пекиндин интеллектуалдык менчик сыяктуу негизги принциптерди бузуп келгенине карабай, АКШ Кытайдын өнүгүүсүн колдоп, аны кеңири эл аралык системага ылайыкташтырууга аракет кылган.

Америка ал убакта Кытайды жаңыланууга түртүү, анын экономикасын ачык базарлар менен либералдык баалуулуктардын тегерегинде курулган эл аралык түзүмгө киргизүү максатын көздөгөн. Чыныгы маселе Кытайдын бул баалуулук системасын эч качан кабыл албаганында жатат.

Принстон университетинин профессору Аарон Фридберг бул тирешүүнү мындан бир аз убакыт мурун төмөнкүчө сүрөттөгөн: “Американын кансыз согуш аяктагандан кийинки Кытайга карата стратегиясы – соода-сатык, экономикалык өсүү менен демократиянын ортосундагы байланыш идеясына жана кишинин эркиндикке умтулуусу универсалдуу жана баш тарткыс экенине ишенген либералдык идеяга негизделген. Кытай лидерлери карманган стратегия болсо, тескерисинче, мурун да, азыр да, эң биринчи кезекете, Кытайдын коммунисттик партиясынын ички саясий аренада монополиясын сактап калууга багытталып келет”.

Либералдык өлчөм менен тартипти сыйлаган жана тез өнүккөн Кытай баары үчүн чыныгы белек болмок. Европа, АКШ жана Жапония көптөн бери түрдүү маселе боюнча тартышып келет, бирок аларды ачык базар идеясы бириктирип турат. Кытай алардын көз-карашын колдобойт. Анысы аз келгенсип, андан жийиркенгенин билдирип турат. Эки өлкөнүн ортосундагы араздашуунун негизги себеби да ушул.

Эгер Трамптын администрациясы сүйлөшүүлөрүн бул негизги принциптердин тегерегинде жүргүзсө жакшы натыйжага жете алмак. Бул маселелер боюнча Кытайдын пикирин колдогон өлкөлөр жокко эсе, Американын көптөгөн өнөктөштөрү болсо, АКШ акылга сыярлык максаттарды койсо, анын тегерегинде бирикмек.

Өкүнүчтүүсү, Трамп маселенин маңызынан алыстап кеткендей, анын ордуна эки тараптуу соода дефицити жана өндүрүштөгү жумушчу орундардын санына үңүлүп алган. Анын администрациясы да Кытайды кайра-кайра “стратегиялык атаандаш” деп атап, кытай жетекчилигинин популисттик ураандарын тастыктап келет. Мурункуга караганда катуу мамиле менен каршылашкан кытай жетекчилиги “желкеге тапанча такаган” сүйлөшүүгө барбасын билдирип, мамлекеттик ЖМКлары болсо Вашингтон Кытайдын өнүгүүсүнө бут тосуу аракетинде деп баштады. Бул жалган айып, бирок Трамптын жүрүм-туруму аны тастыктагансып турат.

Кандай болбосун, эки тарап тең өз аракеттерин анализдеп баштаганы жакшы жаңылык. Санкцияны бузду деп, катуу жапага кабылган ZTE компаниясына Трамп мөөнөт тааныды, кытай ЖМКлары болсо жабык экономиканын канчалык пайдалуу экенин талкууга алып кирди. Сыртынан албууттанганы менен эки тарап тең кооптуу жолго түшкөнүн түшүнгөнсүп турушат.

Бирок абалдан чыгуу жолу бүдөмүк бойдон калууда. Эгер маселе товар өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү менен базарга кирүүдө гана болсо, тараптар алдыга жылуу ыкмаларын таап чыгышмак. Бирок маселе андан да фундаменталдуу нерселерге такалып турат.

Кристофер Болдинг, Bloomberg, АКШ