Ара жолдогу мамлекет

Кыргызстан-Грузия сапары - 1: вино жана аялзаты

7 июля 2018 г. 14:17 1230

Июль айында бир нече күн Грузияда болдук. Бул зыярат тууралуу кыска макала сериясын жазалы деп чечтик. Биринчисин назарыңыздарга сунабыз.

Грузияда вино культу бар экени баарына маалым. Мусулман болуп, ичимдикке каршы болсок да грузиндердин жүзүмдөн жасалган бул спирттик ичимдикке эмне себептен катуу байланганы кызык болду.

Грузиндер өздөрүн “картвели” деп, мамлекетин “сакартвело”, б.а. картвелилердин өлкөсү деп аташат экен. Төрт күн жүрүп, катуу кызып алган бир гана картвели көрдүк. Шаркыратманын жанында тотугушун ар кимге таңуулап, сүрөткө түшкөндөн алган акчага вино эмес жанындагы соодагерден чача (винодон самогондой тартылган күчтүү спирттик ичимдик) алып ичкен жигит экен.

Виного келсек баарына маалым болгондой, ал кызыл же ак деп айырмаланат. Грузиндердин тою биз акыркы убакта катуу сындап жаткан кыргыз тоюнан да ашып өтүп кетет экен. Бир күн же түн толугу менен кетчүдөй көрүнөт. Канчалык узак тост сүйлөсөң ошончолук жакшы экен. Анткени салт боюнча бири тост сүйлөп жатканда, баары ага кулак салып, ал сүйлөп бүткөндө гана вино ичишет. Тойлордо ак гана вино ичилет, себеби анын алкоголу төмөн, андай болсо да мас болуп калбаш үчүн майлуу тамак көп жешет. Ошондон улам окшойт, биз көргөн отуздан жогору курактагы карвелинин 70-80 пайызы толмоч келишет экен.

Картвелилердин тоюна конок болгон кишиге байкатпастан мүйүздөн жасалган ыстакан толо вино карматып кетишет имиш. Аны жерге койсоң төгүлөт, төгүп салсаң үй ээсинин кечиргис душманы болуп калат экенсиң. Мүйүзгө 250 граммдан 3 литирге чейин ичимдик сыят. Ашказаныңа батпаса жатып алып шимирип, ичегиңе чейин айдайсың дейт улуттук той-торопону түшүндүргөн гид-кыз.

Караштырып көрсөк, ак винонун алкоголунун эң азы 11% экен. Ошондуктан биздин тойлордо ичип жаткан, кызыткан, бирок мас кылбаган кымызыбыздан эки-үч эсе күчтүү келет. Виного жакын башка улуттардан айырмаланып, картвелилер ага суу кошуп ичүүнү туура көрүшпөйт.

Бизди төрт күн бою алып жүргөн Лика карындаштын айтымында, Грузиянын жаштары ата-бабасынын он сааттаган тою менен винону литирлеп ичкен салтынан узак. Чын эле ошондой окшойт. Жыйырма курагындагы жаштардын көбү арыкчырай тартып, винодон көрө, грузин эл бийлерине жакын экен. Жаштар эс алган паркта сахна орнотулуп, үн күчөткүчтөр коюлуп, улан-кыздар чыгып топ-тобу менен картвелилердин жалындуу бийлерин коюшат экен. Сахнага атайын улуттук кийим менен эмес ар кимиси күнүмдүк кийимдери менен чыга беришет экен.


Түрдүү туристтик компаниялар биригип, кечкисин биздин Бишкекетеги Ала-Тоодой тойкананы ижаралап үстөлдөрдү узуун-узуун бириктирип, ар компания өз кардарларын чогуу олтургузат экен. Биз менен поляк, украин жана латыштар чогуу болушту. Баары пенсияга чыккандар, көбү аялдар экен. Кыргыздан башканын баары вино ичип олтурушту. Кызып алып улан-кыз картвелилердин бийине берилип кол чабышып, өз улутунун жана дүйнөлүк хиттер коюлганда атайын аянтчага өтүп бийлеп, чер жазышты.


***

Грузин тарыхында аялзаты чоң орун ээлейт экен. Төртүнчү кылымда грузин падышасы Мириан менен анын жубайы Нанону ыйык Нино чокунтуп христиан кылыптыр. Картвелилердин биринчи шаары жана алгачкы борбору Мцхетада коргон менен курчалган бул аялзатына арналган кечилканага бардык.

Лика карындаштын айтымында, мусулмандар кыйнап христиандыктан чыгарганга аракет кылган айым-кечил Шушаникке Тбилисинин эң байыркы чиркөөсү арналган. Мусулмандардын кечил айымды кыйнаганына ишенбей тиешелүү булактардан текшерип көргөнүбүздө V кылымда жашаган ханыша Шушаникти перс шахына барып анын кызына үйлөнүп, отпарастыкты кабыл алган өз жубайы Варскен алты жылдан ашык кыйнап өлтүргөнү белгилүү болду.

Квартелилердин көз-карандысыздыгын талашкан Тамара ханышаны бүткүл дүйнө эле тааныйт болуш керек. Тбилисинин тоолорунун биринде анын бир колуна вино куюлган кесе, экинчи колуна кылыч кармаган бакыйган айкели орнотулган.

Биз кыдырып таанышкан картвелилердин эң күчтүү жеке менчик медиа-холдингинин радио кызматын алтымыш жаштагы Тамара айым жетектеп келет. Ал бизди компаниянын китеп чыгарган басмаканасы, маркетинг бөлүмү, гезит, радио жана телекөрсөтүүлөрүн даярдаган борбору менен тааныштырды. Баарында жамааттынын 80-90 пайызы кыз-келиндер экен. Жаштары орусча таптакыр билбейт же чала-бучук эле түшүнүшөт. Алар менен биздин ортобузга калбатоне Тамара котормочулук кылып жатты.

Жыйырма жаш курактарындагы жардамчысы менен маркетинг бөлүмүнүн башчысы: “Силердин аялзатыңар кайда?” деп сурап калды. Биз кыргыз аялзаты коңшулардыкына караганда бир топ эле эркин, унаа башкаргандын отуз пайызына жакындап турат, өкмөт менен парламентте квота каралган, эмки келчү топто жарымы аялзаты болот деп, акырында темага жараша анекдот да айтып кутулдук. Бирок коомубуздун тең жарымы активдүү турмушка чектелүү гана таасир берип жатканы ойлондуруп калды.

Лика карындаш, шашканына карабай Батуми менен Тбилисинин ортосундагы чакан айылда гана тандырга жабылган бал, корица жана мейиз кошулган “назуки” нанын, учак майданына бизди Алматыга салып жибериш үчүн жеткирип бара жатып, жигитине таштап өттү.

Грузиядагы биринчи сааттарыбызда бизди коноктогон турфираманын кожойкеси Виолетта айымдын кеңсесиндеги кыздарды көрсөтүп, капыстан тамаша сыяктуу айтылган: “Бизде сулуу кыздар да көп, ала кетсеңиздер болот” дегени жана Лика карындаштын жигитине өзгөчө камкордугу, Грузияда да турмушка тың жигиттер тартыш экенинен кабар бергенсийт.

Уландысы болот...