Батыш

​Грузияны НАТОго эмне үчүн алгылары келишпейт?

6 июля 2018 г. 18:29 1188

Грузияны НАТОго алууну колдогондор менен ага каршы чыккандар Берлинде пикир алмашышыты. Кимисинин жүйөсү сөзгө алаарлык болгону жөнүндө...

“Грузия сөзсүз НАТОдо болот... Жыйынтыктоочу коммюникеде: Грузияны НАТОго киргизүүнү 26 мамлекеттин башчысы кепилдеп, тиешелүү милдеттерди моюндашты, деп жазылды”. Бул сөздөрдү 2008-жылдын апрелинде ал кезде Грузиянын президенттик макамын ээлеген Михаил Саакашвили айткан.

Андан бери 10 жыл өттү. НАТО 29 өлкөдөн туруп калды. Бирок альянска кирем деген мамлекеттер үчүн атайын түзүлгөн НАТОго мүчөлүк боюнча аракет мерчемине (Membership Action Plan) да Тбилисини киргизише элек. Эксперттердин айтымында, уюмга кирген кээ бир мамлекеттерге караганда Грузия Түндүкатлантикалык альянска кирүү талаптарына жакшыраак жооп бергенине карабай, мындай мамиле уланууда.

Себеп эмнеде? 4-июлда Берлиндеги Кондрад Аденауэр фондунда өткөн Грузин-герман стратегиялык форумунда дал ушул маселе боюнча “Бухарестеги саммиттен кийинки 10 жыл: Грузиянын НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү” аттуу талкуу болду.

Грузия НАТОнун талаптарына жооп берет

“Грузия-атлантикалык кеңеш” уюмунун төр агасы, мурунку коргоо министри Давид Сихарулидзе менен Мюнхендеги Бундесвер (немис куралдуу күчтөрү) университетинин эл аралык саясат боюнча профессору Карло Масал Грузиянын НАТОго кирүүсүнө байланыштуу “макул” жана “каршы” аргументтерин тартышышты.

Профессор Грузиянын акыркы жылдары НАТОго кирүү критерийлери боюнча жакшы ийгиликтерге жеткенин моюндайт. Өлкөдө базар экономикасынын тездегенин, ЖМКлардын эркиндигин, мамлекеттеги укук түзүмдөрүнүн бекемдегенин “ийгилик таарыхы” деп атады.

Эгер аны альянска алынган кээ бир мамлекеттер менен салыштырса, Грузиянын алдында Болгария менен Румыния суу кечпей калат. “Коррупция боюнча Грузия Түркиянын деңгелинде турат, - деп эсептейт ал. – Ооба, Грузияда коррупция бар, бирок НАТОго киргени менен коррупциясы аныкынан кем эмес Болгария, Румыния менен Түркия бар”.

НАТОдо мамлекеттик укук жана бийлик тең салмактыгы аксаган, авторитаризмди көздөй тайып бара жаткан өлкөлөр бар деп кошумчалайт АКШнын Украинадагы атайын өкүлү Курт Волкер. Ал мунусу менен Польша менен Венгрияга ишарат кылгансыйт.

Тбилиси “туура жерде” жайгашпай калган

Грузиянын НАТОго кирүүсүнө тоскоол болгон нерсе анын бул альянска кирүү критерийлери эмес, Орусияга жакын жайгашканы. “Грузиндер өзүнүн геостратегиялык жайгашуусунун курмандыгы болуп калды”, - деди кабагым-кашым дебей туруп Карло Масала. Бундесвердин студенттерине сабак берген профессор 2007-2008-жылдары Орусия Грузиянын НАТОго кирүүсүнө каршы экенин ачык билгизгенин эскертти. Балтика мамлекеттери альянска кирип жатканда абал башкача болгон. “Орусия анда алсыраган, - деп эстетти Масала, - Ельциндин доорунда өлкө аскердик жана экономикалык жактан чөгөлөп калган”.

Анын айтымында, кийинчерээк бир мүчөсүнө кол салынса, баары бирдей жооп беришин милдеттендирген “Түндүк-атлантикалык келишимдин бешинчи беренеси жыттанган” нерсенин баары кооптуу, ошондуктан мүмкүн эмес деген пикир НАТОдо үстөмдүк кыла баштаган. Масала Грузиянын альянска кирүүсүнүн эки болжолдуу сценарийин сүрөттөдү. Биринчиси – Москва Тбилисиге каршы гибриддик (Крымдагыдай) согуш жүргүзүп, Грузияны асты-үстү кылат. Экинчиси – НАТОго каршы бүгүнкүдөн да агрессивдүү саясат жүргүзөт.

“НАТОдо эч ким Тбилиси үчүн жан берүүгө даяр эмес, - деген ишенимде профессор. – Биз дүйнөнү өзөктүк согушка оңой эле жеткирип койчу өзөктүк куралы бар дөөлөт менен тирешкибиз келбейт”. Грузияны НАТОго алуу сүйлөшүүлөрү башталаары менен Орусия эч ким божомолдой албаган аракеттерге өтүүсү мүмкүн деген ойдо ал.

Орусияга эмне түрткү болот?

НАТОнун чечкиндүүлүгү эмес, анын чечкинсиздиги Орусиянын бүйүрүн кызытат деп жооп берди жогорудагы жүйөөлөргө Грузиянын мурунку коргоо министри.

“Бухаресттик саммиттин чечимдерин кечеңдетүү Грузияга гана эмес, НОТОго да кооптуу жана альянста биримдик жоктугун ашкерелеп турат, - деди Давид Сихарулидзе. – Дал ушул жагдай Орусияга дем берип жатат”. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки советтик аскерлер менен ар тарабынан курчалган Батыш Берлиндин абалын эске салды.

“Түндүкатлантикалык альянс өткөн кылымдын 60-жылдары Батыш Берлинди согушуп коргоп кала алмак беле? – деп сурады Сихарулидзе. – Жок, мүмкүн эмес, бирок анда баары бирдей карманган биримдик менен чечкиндүүлүк өкүм сүргөн”.

НАТОнун согуштук мүмкүнчүлүктөрү эмес, деп эсептейт ал, постсоветтик чөлкөмдө Грузия менен Украинадай демократиялык өлкөлөрдүн бар болгону Москваны жиндентип жатат, алар орусиялыктарга “диктаторсуз мамлекеттер демократиялык жол менен өнүгө алаарын” көрсөтүп турушат.

НАТО орусиялык чектерде да туруктуулукту камсыздайт

Грузиянын НАТОго кирүүсү же жок дегенде мындай жараяндын башталуусу кавказдык аймактагы бардык өлкөлөргө жакшы таасир бермек деген ишенимде Давид Сихарулидзе.

“Грузиянын бул жолдогу ийгилиги коңшу мамлекеттердеги оң жараяндарга түрткү бермек, аларды реформага шыктандырып, аймактагы кооопсуздукту бекемдемек, - деп баса белгилейт ал. – Анткени НАТО альянска киргендер үчүн гана эмес, алардын коңшуларына да тынчтык менен туруктуулукту камсыздайт”.

Ошондуктан Орусия да, деп объективдүү далил келтиргенге аракеттенген Сихарулидзе, Грузия менен Украина сыяктуу өлкөлөрдүн НАТОго кирүүсүнө кызыктар болушу керек дейт. Анткени блокко кирген өлкөлөр менен Орусиянын эч кандай маселеси жок.

“НАТОнун чечкиндүүлүгү жана биримдиги Грузия менен альянстын кызыкчылыгына гана жооп бербестен, - деди мурунку коргоо министри, - Орусияга да керек. Анткени ал бүткүл континеттеги туруктуулук менен коопсуздукту бекемдейт”.

Deutsche Welle, Дүйнө