Ислам дүйнөсү

Фетхуллах Гүлен: Эрдоган түрк калкын жаатташтырды.

4 июля 2018 г. 3:03 5286

Аты Египет менен сиңишкен, Араб дүйнөсүнүн кадыр барктуу Ал-Ахрам Ал-Араби журналы Фетхуллах Гүленден экинчи жолу интервью алды. Анда Фетхуллах Гүлен Түркиядагы акыркы абал, 24-июндагы шайлоо, Кызмат кыймылынын учурдагы абалы тууралуу суроолорго жооп берди.

(Июнь 2018)

- Кызмат кыймылынын Түркияда жана Түркиянын сыртында максатка жеткен иштеритууралуу айтып бересизби?

- Бул кыймыл ар бир адамды баалап, айырмачылыктарды бир жаңжалдын себеби катары эмес, баалуулук катары көрүп, ким кандай болсо ошондой кабыл алып, муну өзгөчө жаштарга жалпы адамзаттык баалуулуктарды билим берүү аркылуу түшүндүрүп, ишке ашырган адамдардын коомчулугу...

Билим берүү мекемелери, бейтапканалары, кайрымдуулук жана диалог фонддору “Курани макулиет” (Куран талабы) түшүнүгүндөгү адамдардан турат. Көпчүлүгү мусулман болушу жана диний булактардан азыктанышы боюнча исламий кыймыл болгону менен, бүт адамзатка кучак жайып, кызмат кылууну максат кылат. Бул кишилер азырга чейин 160 өлкөдө ар башка улуттарга жана ар башка ишенимдерге ээ адамдар тарабынан жылуу кабыл алынып, иш алып барууда.

Түркияда бийлик жаптыра электе эле жүздөгөн билим берүү мекемелери менен ондогон ооруканалары өз жемишин берип турган. Ушунун баары саясий себептерден улам жабылды. Бирок бул кыймылга жан дилин бергендердин жүрөгүнөн аны өчүрүп салуу мүмкүн эмес, буюрса.

Дүйнөдө болсо жалган жалаа жабуу, пара сунуштоо жана эки тараптуу мамилелерди колко кылуу аркылуу кай бир өлкөлөрдө максатына жетишти. Тактап айтканда, бул кыймылды ал өлкөлөрдөн жок кыла алышты. Бирок жалпысынан батыш дүйнөсүндө жана Жакынкы Чыгышта, Эрдогандын кысымына карабай эл аралык укукту сыйлаган Египет сымал өлкөлөрдө кызмат кыймылыиш-аракеттерин улантууда.

Түркиядагы куугунтук менен зулум бул кызмат Түркиянын гана эмес, бүтүндөй дүйнөнү кучагына алган кызмат экенин көрсөтүп турат. Адамзаттын орток баалуулуктарын ишке ашырууда өзүнө жүктөлгөн милдетти аткаруу алардын тагдырына жазылган.

- Сиздин кызмат түшүнүгүңүз Түркиядагы Нур жамаатынан (кыймылынан) таасирленгенин билебиз. Кызмат кыймылы менен Нур жамаатынын ортосундагы окшоштуктар жана айырмачылыктар эмнелер?

- Бедиүззаман (Саид Нурси) менен таанышууга мүмкүнчүлүгүм болбоду. Бала кезимде көп уккан сахабалардын жашоосун Эрзурумда кезимде анын окуучуларынан көрдүм. Бедиүззамандын илими, билими жана динге кызмат кылууда өзүн толук багыштаганы мени аябай таасирлентти. Анын эмгектери менин алгачкы жана жалгыз илхам булактарым болбосо да, өзгөчө орду бар экенин айта алам. Нур кыймылында кызмат кыймылына алгачкы жылдарынан баштап колдоо көрсөткөндөр болгондой эле, макул болбогон жана кызмат кыймылынын иш-аракеттерин сындаган мүчөлөрү да болду. Алар Рисалеи-Нур китептеринен башка китептерди да окуганыбызды сындашты. Жатакана, мектеп, оорукана жана университет сыяктуу мекемелерди ачышыбызды да сындашты. Рисалеи-Нурдан башка китептерди басып чыгарууну туура көрүшпөдү. Дагы бир маанилүү пикир келишпестик - саясий партиялар менен мамиле кылууда болду. Алардан кээ бир топтор AP/DYP партияларына, жакынкы тарыхта болсо АКПга толугу менен колдоо көрсөтүп саясатташып кетишти. А биз саясий партиялар менен принциптердин негизинде гана мамиледе болуп, көз карандысыздыгыбызды сактадык. Анткени менен, Түркияда дин жана дин тутунгандар куугунтук көрүп турган машакаттуу мезгилде Бедиүззамандын Нур кыймылынын алдыңкыларын ар дайым сыйлап келдим.

- Сизди социалдык исламдын (саясий эмес ислам) өкүлү катары мүнөздөшөт. Сиз бул мүнөздөөнү кабыл аласызбы?

- Мен өзүмдү эч бир нерсенин жол башчысы (лидери) катары көрбөйм. Өзүмдү эч качан катардагы мусулмандан өйдө көргөнүм жок. Алла Таала мени катардагы бир кулу катары көрсө, мен үчүн ошол бакыт. Бул кыймылдын мүчөлөрү эл арасына бир өрнөк катары чыгып, жашоосун ушуга арнашты. Дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнөн байкоочулар өзүнчө сереп салып, кээде туурап да көрүштү. Социалдык Ислам деп эмне айтылганы жатканын билбейм. Бирок биз өз жашообузда мусулман катары диндин негизги баалуулуктарын кылдат тутунуп жашаганга аракет кылуу менен бирге, коомдук жашоодо да ар кимдин өз жашоосун башкаларга таңуулабай, башкалардын эркиндигине шек келтирбей жашашы керек деген принципке ишенебиз.

Ислам динин мечитке камап коюу туура эмес болгондой эле, аны саясий идеология катары көрүп, көрсөтүп, саясий максатта колдонуу да ислам динине чыккынчылык! Мусулмандар, жогорку адамзаттык баалуулуктарды бөлүшкөндөрдүн бардыгы менен коомуна жана адамзатка кызмат кылса болот, кызмат кылышы да керек. Ошол эле учурда ар биркишини кадырлашы керек жана аларды кандай болсо ошондой кабыл алышы керек.

- Кызмат кыймылынын азыркы абалын жетиштүү деп ойлойсузбу? Келечек үчүн иш-аракеттерин дагы кантип жакшырта алат?

- Бүгүнгө чейинки Алла Тааланын бизге буюрган жакшылыктарына шүгүр кылабыз. Алланын берген нематтарына жетиштүү деңгээлде шүгүр кыла албай калуудабыз деп ойлойм. Азыр болуп жаткан кыйынчылыктар өзүбүздү өзүбүз эсепке тартып, өз ички сыпаттарыбызга, абалыбызга, кылган иштерибизге баа берип, жаңыланууга мүмкүнчүлүк экенине ишенебиз. Мажбурий түрдө дүйнөгө таралуу аркылуу Түркияга туташкан киндикти кесип, жалпы адамзатка кызмат кылган дүйнөлүк кыймылга айланууга түрткү болду деп ойлойбуз.

- Кызмат кыймылы азыр алышып жаткан күрөштүн негизи эмнелер?

- Бул кызмат пайда болгондон бери эле башынан ар кандай сыноолор өттү десек жанылышпайбыз. Түркияда 1960-1970-жылдары анархия балээси өкүм сүрдү. Миңдеген жаштар бири-бирин өлтүрдү. Кийин 1980-жылы бир төңкөрүш болуп, андан баары таасирленди. Анан Тургут Өзал премьер-министр болгондо бир жеңилдеди жана дүйнөгө ачылды. Бирок 1990-жылдары Түркия кайрадан артка кетти. Динчилдерге кысым күчөдү. 1999-жылы кудум бүгүнкү күндөй жалган жалаа жабылып, кылмыш иши козголуп, сотторго ар кандай кысым болгонуна карабай акталып чыктык. Эми ал убактар артта калып, салыштырмалуу эркиндик жана демократиялык процесстер орун алды. Бирок бул да узакка созулбады. Демократия жана эркиндикти жайылтуу убадасы менен бийликке келген бүгүнкү жетекчилер бийликти өз колуна алаары менен мурда убада кылган демократиядан баш тартып, бул кыймылды курал катары колдонууга аракет кылды. Анткени менен биз “макул” болбой коюп, тилектери таш капканда жалган жалаа жаап, ар кандай оюндар менен жок кылууну көздөштү.

15-июлдагы театрды да ушул үчүн мерчемдеп, ишке ашырышты. Театр дегенде, албетте өмүрү кыйылган жарандарыбыз үчүн кейийм. Алла Таала мээримине бөлөсүн, артында калган тууган-уругуна кайрат жана сабырдуулук тилейм. Бирок медиа күчүн колго алуу менен дүйнөдө эч ким ишенбеген сценарийге түрк калкын ишендиришти. Бизге коюлган жалааларды шылтоолоп тарыхта болбогон зулумдукту кылышты. Он миңдеген дарыгер, мугалим, студентти аял-эркек, кемпир-чал дебей, эч бир укуктук далил, документ көрсөтпөй туруп кармап, темир тор артына киргизип, карандай күч колдонуу менен зулумдук кылышты. Ур-токмокко алуу менен күнөөсүн мойнуна алдыртып, кол койдурушту. Жада калса кош бойлуу аялдарды, жаңы төрөгөн энелерди ымыркайлары менен бирге түрмөгө камашты. Камактагы оорукчандардын дарысын да бербей туруп жазыксыз өлүмүнө көз жумушту. Мунун баары жөн эле айтылган курулай сөз эмес. Буларды Бириккен Улуттар Уюму жана башка укук коргоо уюмдары айтып чыгышты. Түркияда калган миллионго жакын жабырлануучуну коомдон алыстатып, Пайгамбарыбызга (САВ) жасалган бойкот сыяктуу коомдон бөлүп ташташты.

Саясий бийлик ээлери Түркия ичинде кылган кара өзгөйлүгүн башка мамлекеттерде да улантып жатышат. Дипломаттар биринчи милдети катары Кызмат кыймылынын мектептерин Маариф фондуна өткөрүүнү, же аларды биротоло жаптырууну көздөп калышты. Ал жерлерде иштеген кызматкерлерди эл аралык укуктарды тепсөө менен учакка салып Түркияга жиберип жатышат.

Бирок, бул зулумдуктун баары алар таптакыр эсепке албаган бир нерсеге себеп болду. Дүйнө коомчулугу, кызмат кыймылын дагы да жакындан таанып калды. Ислам динин саясат үчүн колдонгондордун катарында эмес экенибизди көрүштү жана сый-урматы артты. Бул чынында оор болгону менен, Алла Тааланын жакшылыгы деп ойлойм.

- Эрдоган менен ортоңуздагы пикир келишпестиктен кийин Кызмат кыймылына колдоо көрсөткөндөрдүн, же кыймылдын ичиндеги мүчөлөрдүн санында азайуу болдубу?

- Бул кыймылды жакындан тааныган жана катарлаша жүргөндөрдүн арасында кээ бир кишилерди гана эске албаганда, андай деле олуттуу азайуу болгон жок. Бирок биз менен аз мамиледе болгон кишилер жогорудан келген кысымдардын, коркутуулардан улам жым болуп, же бир топ убакытка алысыраак болуп турууну тандашты. Бир топту (жамаатты) мамлекеттик масштабда күнөөлөп жаткан учурда алардын бул абалын туура эле кабыл алыш керек.

Түрк өкмөтү балким кээ бир өлкөлөргө тилин өткөрө алгандыр. Кээ бирине пара сунуштады, кээ бирин коркутту, ортодогу мамилелерди шантаж катары колдонуп, мектептерди жаптырды, же Маариф фондуна өткөрүүнү ишке ашырды. Бирок, Америка, Европа, Австралия, Египет, Нигерия, Кения, Түштүк Африкага окшогон акча менен сатып алалбаган укуктук өлкөлөрдө пландары ишке ашпады. Бактыга жараша Түркиянын кысымы менен куугунтугу дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө кызмат боюнча позитив ой-пикирди пайда кылды. Кээ бир батыш өлкөлөрү болсо Түркиядан качкандарга колдоо көрсөттү.

Зулумдуктунн да жетээр чеги болот тура. Саясатчыларды да доору убактылуу. Демократиялык жол менен бир күнү кетишет. Бирок сүйүү жана ыктыярдуулукка таянган бул кыймыл, кудай буюрса, мүмкүн болбогон жерлерде жүрөк менен, мүмкүнчүлүк болбогон жерлерде мекемелери менен ишин уланта берет.

- Чын ыкласыңыздын жыйынтыгында мектептер, ооруканалар жана маданий борборлор ачылды. Бул уюмдар көп кишилерди агартты. Иш-чаралар уланып жатабы азыр, же мурдагыгага караганда шарттар өзгөрүп кеттиби?

- Кудурети чексиз Алланын ыраазычылыгы үчүн адамзатка кызмат кылуу диний жактан да, адамгерчилик жагынан да милдет саналат. Негизги принциптер белгилүү жана өзгөрбөйт. Адамдардын гармонияда жашашы, ынтымак ырашкерликте болушу, ар бир адамга толеранттуу мамиле кылуу бири-бирин сыйлаган дүйнө үчүн эң биринчи билим берүү жана башка да тармактарда аракет кыла берүү керек. Бирок убакыт жана шарттарды эске алуу менен бул кызматтын формасы, форматы өзгөрүшү мүмкүн.

- Ар кимди болгонундай кабыл алып, салабаттуулук менен тең салмакты кармап кызмат кылуу эң маанилүү өзгөчөлүк. Эрдогандын бийликти биротоло колго алышынан кийин Түркияда салабаттуу жана тең салмактуу саясат жүргүзүү мезгили бүткөнүн айтса болобу?

- Тилекке каршы, бүгүн Түркияда бул баалуулуктарды эске алган саясат жок. Ал курман болду. Кызмат кыймылы Түркияда салабаттуулуктун үлгүсү эле. Эрдогандын акыркы жылдары жүргүзүп жаткан жаатташтыруу саясаты радикализмди алдыга сүрөдү. Диний мекемелер саясатташты. Дин жана диний билим берүү саясаттын куралы болуп калды. Адамдар бир-бирине душман болду. Коомго келтирилген бул жараны айыктырууга көп жылдар керектелет.

Кызмат кыймылынын ыктыярчыларына токтолчу болсок, алар ушундай чеги жок зулум жана басымга карабай мыйзам үстөмдүгүнө жана ар кандай зордук-зомбулукка барбоо принцибинен тайышкан жок. Аларга зулум кылгандарга да адилеттүүлүктөн башка нерсе каалашпайт.

- Сиз ортодогу айырмачылыктарга каршы толеранттуу болуп, Ислам дини менен башка дин тутунгандардын ортосундагы диалог боюнча өзгөчө үлгү сунуштап, ошону менен өрнөк болуп келатасыз. Сиз кандай ойлойсуз, ушул башка диндегилер менен диалогдо Кызмат кыймылы коомчулукка өзүн толук тааныта алдыбы?

- Мусулмандар азчылыкта болгон Батыш өлкөлөрүндө Кызмат кыймылы диалогго жана ынтымакта жашоого ынтызар экенин көрсөтө алды. Кызмат кыймылынын ыктыярчылары батышта Ислам дининин жана мусулманчылыктын чыныгы үлгүсүн көрсөтүү аракетинде жана азыркы учур менен исламдын арасында эч кандай карама-каршылык жок экенин өздөрүнүн кыймыл-аракеттери аркылуу чагылдырууда. Алар мусулмандар боюнча Батышта калыптанып калган терс пикирлерди сындырышты. Бирок муну мусулмандар көпчүлүктү түзгөн өлкөлөр үчүн айтуу кыйын. Түркияда 1990-жылдары диалог кызматтарын Исламды бузуу, же баш ийүү сыяктуу түшүнүп, ар кандай сөз айткандар болду. Акыркы мезгилде болсо Эрдогандын бийлиги Кызматты сырткы күчтөрдүн, Ватикандын, же ЦРУнун, МОССАДдын бир пешкасы көрсөтүүнү аракет кылууда. Бийликке жакын топтор да мусулман өлкөлөрдө ушундай пропаганда кылышты жана ушундай аракет кылышууда. Ошондуктан мусулман өлкөлөрдө өзүбүздү толук тааныта алдык деп айта албайм.

- Мурда Түркия шаарларына барганыбызда ИШИМчилерди көрчү эмеспиз. Кызмат кыймылын Түркиядан жок кылуу ИШИМге окшогон террордук топтордун өлкөдө кеңири жайылуусуна себеп болду деп ойлойсузбу?

- Акыркы мезгилде укук коргоо органдарында иштеген көптөгөн терроризм боюнча адистер саясий себептер менен жумуштан айдалып, кээ бирлери түрмөгө камалганын массалык медиа каражаттары менен эл аралык байкоочулар белгилеп жатышат. Эрдогандын бул аймактагы куралдуу радикалдык топторго ар кандай жолдор менен колдоо көрсөтүп, алар аркылуу бул аймакта күчкө ээ болгусу келгенин да жазды дүйнө медиасы. Ушул себептен улам акыркы учурда ИШИМ сыяктуу террордук топторду жана алардын күйөрмандарынын Түркияда кенен жүргөнүн айтса болот.

- Террор жана ИШИМ сыяктуу топтордун болбошу үчүн эмнелерди кылыш керек?

- Бул маселе боюнча мусулмандарга да, күчтүү мамлекеттерге да жана эл аралык уюмдарга да чоң иш түшүүдө. Мусулмандар башта терроризм боюнча Батыш өлкөлөрүнүн тышкы саясатынкүнөөлөй бербей, өздөрүнө да бир карашы керек. Көптөгөн жаштарыбыз ал террористик топторго эмнеге кошулуп кеткенин ойлонушубуз керек. Жаштарга сапаттуу билим берүүдө диний билим берүү да берилиши керек. Билим берүү программаларында жалпы адамзаттык баалуулуктарды, адам акысын жана эркиндиктерин түшүндүрүүмусулман катары биздин чоң милдетибиз. Күчтүү мамлекеттер болсо террор көйгөйүн аскерий, же чалгындоо чаралары менен эле чечүүнү эмес, саясий, экономикалык жана социалдык жактан да чечүү жолдорун издеши керек. Ошого жараша да иштерди аткарышы керек. Өздөрүнүн өлкөсүндө жашаган мусулмандардын да коомго интеграция болуп кетиши үчүн аракет кылышы керек жана тышкы саясатта өздөрүнүн жарандарынын жашоосуна берген маанидей, башка өлкөлөрдүн да жашоосун эске алып, иш жүргүзүүсү керек.

Бириккен Улуттар Уюму жана Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык уюмдар да адам укуктары менен эркиндиктерин дүйнөнүн бардык жеринде коргой тургандай чараларды көрүп, өз калкына зулум кылып, адам укуктарын тепсеген бийлик ээлерине керектүү санкцияларды киргизсе болот.

- Эрдоган менен пикир келишпестиктин негизи эмнеде? Болбосо, бир топ адистер Эрдоганды сизге берилген окуучусу деп айтышчу эле.

- Мени жана бул кыймылды жакындан тааныгандар жакшы билет. Эрдоган эч качан окуучум болгон эмес. Эң башта динди саясатка курал катары колдонуу маселеси жана башка маселелер боюнча чоң пикир келишпестиктерибиз бар.

Мугалим-окуучу мамилесин мындай кой, Эрдоган менен эч качан жакынболгон эмеспиз. Болгону бир канча жолу көрүшкөнбүз. Жолдошторубуз алардын демократия, адам укуктары жана эркиндиктери боюнча убадалары үчүн жаран катары анын партиясына колдоо көрсөтүшкөн. Аларга чейин демократия үчүн, Европа Биримдигине мүчөлүккө жетүү үчүн аракет кылган башка партияларга деле колдоо көрсөтүлгөн. Бирок Эрдоган өзү да, партиясы да бул баалуулуктардан, берген убадаларынан 180 градус бурулган соң, биздин аларды колдообуз мүмкүн болбой калды.

Пикир келишпестиктин дагы бир маанилүү себеби - дүйнөдө билим берүү иштерин ийгиликтүү аткарып жаткан Кызмат кыймылы Эрдогандын өзүн “Дүйнө мусулмандарынын лидери” көрүүсүн колдобогондугунда жатат.

Мына ушундан улам азыр мамлекеттин бүт мүмкүнчүлүгүн колдонуп, дипломаттарды жана чалгындоо кызматын толугу менен дүйнөдөгү кызматтын билим берүү мекемелерин жабуу же “Маариф” фондуна өткөрүүгө, ал жерлердеги Кызмат ыктыярчыларын Түркияга кайтартып, түрмөгө камоого аракет кылууда.

- Кээ бирлери кызмат кыймылы негизинен улутчулдукка, либерализмге жана демократияга таянганын, Эрдоган болсо континенттерди кучагына алган Ислам халифатын курууга таянганын айтышат. Бул сөздөр канчалык туура деп ойлойсуз?

- Мен дагы, бул кызматка ыктыярчы болгондор дагы Батыш менен өздөшкөн идеологияларга таянуу менен иш баштаган жок. Биздин таянганыбыз дайыма Пайгамбарыбыздын (САВ) жашоосунда көрсөткөн үлгүлөр жана ошол эле учурда биз глобалдык баалуулуктар деп ишенген ислам баалуулуктары болду. Ар бир адамды баалоо, мыйзам алдында бирдейлик (теңдик), аялзаттын коомдук жашоодо өз ордун табуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, мамлекеттик жетекчилерге мыйзам үстөмдүгү жана жарандардын ой-пикирин эске алуу – муна ушулардын баары исламдык жана глобалдык баалуулуктар болуп эсептелет. Бул принциптерибиз үчүн кээ бирөөлөр бизди башкаларга окшоштурушу мүмкүн. Бирок биздин таянган булагыбыз жогоруда айткандай белгилүү эле.

Эрдоган болсо өзүн дүйнө мусулмандарынын лидери катары сезгени сүйлөгөн сөздөрүнөн жана кылык-жоруктарынан байкалып, Түркия мамлекетинин ресурстарын жеке өзүнүн аты үчүн колдонгону көрүнүп турат. Ал аз келгенсип айланасындагы желдеттери да аны дүйнө лидери катары жарыялап салышты.

- Батыштагы кээ бир саясий чөйрөлөр менен партиялар Ихван кыймылын (Мусулман агайындар) террордук уюм катары көргүсү келет. Сиз буга кандай дейсиз?

- Ихвандын ичинде террорго жана зомбулукка аралашып кеткен адамдар болушу мүмкүн. Европа менен Америкада ушундай көз карашты айткандар болгон. Биз алгачкы күндөн баштап эле ар кандай террордук топторго, террорго каршы бекем позициябыз бар. “Мусулман террорист боло албайт. Террорист чыныгы мусулман боло албайт”. Ошондуктан исламий топтор террор менен зордук-зомбулукка каршы бекем позицияда турушу керек. Болбосо Ислам дининин асыл баалуулугун тепсеген жана чыккынчылык кылган болот.

Бирок эч качан зомбулукка аралашпаган, динге чын ыкластан кызмат кылган ислам топторун жалпылап терроризм менен байланыштыруу да туура эмес. Болбосо, террорго каршы болгон кээ бирөөлөргө акыйкатсыз мамиле жасалып, мындай (мыйзамсыз) мамиленин айынан радикалдык кыймылдардын кучагына салып берилгендей эле болот.

-Түркияны эч бир душманы жок абалдан эч бир досу жок өлкөгө айландырган Эрдоган эмнеге кандай көйгөй болбосун сизди күнөөлөй берет ?

- Ооба, эч бир душманы жок мамлекетти эч бир досу жок өлкөгө айландырды. Себеби, айлана-чөйрөдөгү өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишип, ар кандай куралдуу, радикал топтордун жардамы менен ал өлкөлөрдү башкарам деди. Өзүн Орто Чыгыштын лидери жана Ислам дүйнөсүнүн халифасы катары көрүп, ар кимдин ишине кийлигишти. Биз болсо мунун эч бирин туура көрбөдүк. Мына ушундан улам бизди душман көрүп отурат. Анан ар бир терс иште күнөөнү Кызматка оодарып, өзүнүн саясий максаттарына жетүүгө аракет кылууда. Мисалы, 2013-жылдагы коррупциялык операциянын шылтоосу менен бүт сот системасын саясатташтырып, шал кылып таштады.

Мамлекет жылдап-жылдап даярдаган полициядагы кадрларды жумуштан айдап, укук коргоо органдарын иштебей турган абалга жеткирди. Ири медиа мекемелерин өз тарапташтарына өткөрүүнү колго алды. Кээ бирлерин мамлекеттик чоң ишканалардын рекламалары менен бакты, кээ бирөөнө тендерлерди берди, кээ бирлерин болсо коркутуп- үркүтүп кыңыр иштерди медиага чыгарттырбай, үн чыгарбай турушун камсыздады. 15-июлдагы окуяны шылтоолоп Куралдуу Күчтөргө эң чоң зыян кылды жана өзүнө баш ийдирди. Кыскасы, Эрдоган мамлекеттик органдарды саясий кызыкчылыктары үчүн колдонуп, элди мурда эч болбогондой жаатташтырып салды.

Жогорудагылардын баарын легитимдештириш үчүн душман керек эле. Кызмат кыймылы анын саясий амбициясына курал болбой койгондо Кызматты душман катары жарыялады. Муну менен өзүнүн электоратын жандуу кармагысы келди. Азыр да ар кандай терс окуяларда дагы деле Кызматты жамандап келүүдө. Себеби, канчалык жалаа жаап, зулум кылса да эч бир каршы жооп берилбесин жана кызмат адамынын жеңин түрүп, жаман ишке барбасын жакшы билет.

- 2016-жылдын 15-июлундагы окуя тууралуу оюңуз кандай?

- Окуя болгон күнү нааразы болдум жана мага тагылган айыптарды четке кактым. Эрдоганды эл аралык комиссия түзүүгө чакырдым. Эгер ал комиссия мени айыптуу деп тапса, анда мен билетимди алып, Түркияга барайын деп убада бердим. Бул сунушума жооп дагы беришпеди. Бул алардын көп нерсени жашыргысы келгенин көрсөтөт. Мага жапкан жалааларына дүйнө боюнча ишенишпеди. Мен 15-июлдагы төңкөрүш аракетин Эрдоган аралашкан ир театралдык оюн депойлойм. Чындык, кудай буюрса, өз убакыты келгенде билинет.

- Эмне себептен Батыш өлкөлөрү менен Америка Эрдогандын адам укуктарын тепсешине жана миңдеген адамдарды түрмөгө камашына үн катпай жатат?

- Батыш менен Американын Түркиядагы адам укуктарынын бузулуусуна көрсөткөн реакциясы күтүлгөндөн аз болду. Такыр эле үн чыгарбады дей албайбыз. Депутаттары, сенаторлору, министрлик өкүлдөрү жана ЕвроБиримдик ичиндеги мекемелер пикирлерин айтып жатышты. Бирок бул сөз жүзүндө эле калды. Чара көрө алышкан жок. Тилекке каршы, мамлекеттер ортосундагы мамилелерде кыска мөөнөттүү кызыкчылыктар алдыга чыгат. Европанын Сириялык качкындар боюнча тынчсыздануулары, Американын болсо Түркия менен стратегиялык мамилеси маанилүү. Негизи, Түркиянын Сириялык качкындарга кучак жаюусу Эрдогандын жеке чечими эмес, Түрк калкынын жалпы мамилеси ушундай.

Маселеге коопсуздук жагынан караганда, Эрдоган Түркиядагы бүтүн демократиялык мекемелерди өзүнө багындырып, бул аймакты көйгөйлөрдүн очогуна айландырууда. Бир жагынан аскерий жана чалгындоо тармагында кызматташып, бир тараптан зордук-зомбулук жана террорун уланта берген саясатын жүргүзүүдө. Демократиялык укуктук мамлекеттен алыстаган Түркия бул чөлкөмдө туруктуулуктун жана тынчтыктын үлгүсү эмес, радикализм жана чыр-чатактардын очогу болууга талапкер. Мунун мисалдарын да көрүүдөбүз.

- Түркияга кайтууну ойлойсузбу?

- Түркия кайрадан демократиялык жана укуктук мамлекет болсо кайтууну каалайм. Бирок качан мындай болоорун айтуу мүмкүн эмес. Кыска убакытта үмүт кылууга да негиз жок. Бирок, жалган жалаа уланышы мүмкүн, зулум уланбайт. Кудурети чексиз Кудайдын буюрганы болот. Момун-мусулман эч качан үмүтүн үзбөйт. Биз да үмүтүбүздү үзбөдүк, үзбөйбүз дагы.

- Салабаттуулук менен акылга сыярлык түшүнүктүн үлгүсү Эрдоган эмес, сизсиз. Буга карабай, эл аралык коомчулук эмнеге кызмат кыймылын Эрдогандан жана АКПнын куугунтугунан коргой албай жатат?

- Мамлекеттер өлкөлөр арасындагы мамилелерде жалаң стратегиялык кызыкчылыктарын коргоонун амалында болушат. Белгилүү бир чекке чейин бул нерсеге макул болсо болот. Бирок, Түркия тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй адам укуктары тебеленүүдө. Кызмат ыктыярчылары БУУнун геноциддин аныктамасына туура келген мамилеге дуушар болууда. Алла үчүн жардам кылган, кайрымдуулук мекемелерине курмандык берип, кедей-кемабагалга эттин, азыктардын жетишин каалаган, муктаж студенттерге стипендия берген ж.б адамдардыкармап, түрмөлөрдө күч колдонуп, куугунтуктап жатат. Бейкүнөө адамдардын бешене тери менен жылдап тапкан мал-мүлкүн, фирмаларын ээлеп, колунан тартып алышууда. 150 миң мамлекеттик кызматкер бүт укугунан ажыратылып, адилетсиздик менен жумуштан алынды. Алар менен үй-бүлөлөрү ач калуусуна өкүм чыгарышты. Ушундай куугунтук менен зулумдук болуп жатканда Түркиянын тарыхый досторунан, стратегиялык союздаштары болгон өлкөлөрдөн катуураак үн чыгышын күттүк эле. Эч бир үн катпады дей да албайбыз. Мамлекет жетекчилери менен парламент мүчөлөрү жетекчилик деңгээлинде тынчсыздануусун айтып, укуктук талаага кайтууга чакырган лидерлер болду. Бирок булар таасир берүүчү чараларга айланбады.

Дагы бир жагынан караганда, бир топ өлкө Эрдогандын эки тараптуу мамилелерди соодалашуу менен шантаж кылуусуна баш ийишпеди. Ал өлкөлөрдөгү кызмат ыктыярчыларына жана мекемелерине тийиштирбеди. Түркиядагы куугунтуктан качып келген качкындарга эшигин ачышты. Египет, Швеция, Норвегия, Германия, Канада, Австралия жана башка бир топ өлкө колдоо көрсөттү. Буларга да ыраазычылык билдирип коюу керек.

- Эрдогандын доорунда парламенттик системадан президенттик башкаруу системасына өтүүнү кандай баалайсыз?

- Дүйнөдө түрдүү башкаруу системалары бар. Бирок маанилүү болгону – бийлик бутактарынын бөлүнүүсү, мыйзам үстөмдүгү жана адам укуктары менен эркиндигинин принциптеринин гарантияга алынып сакталуусу. Түркия өтүп жаткан башкаруу системасында бул принциптер сакталганына6 же сакталаарына күмөнүм бар.

- Кезексиз шайлоо боюнча пикириңиз кандай? Бул шайлоо Эрдогандын 2029-жылга чейин калуу амалыбы?

- Акыркы жылдары ишке ашып жаткан ар бир саясий кадамды Эрдогандын бийликтин жалгыз ээси болуу кыялы менен байланыштыруга болот.

- Сириянын бөлүнүп кетүү ыктымалдыгын карап туруп Түркияда алавит жана күрт тектүү калктын болушу менен Түркиянын бүтүндүгү кооптуу абалга кептелбейби?

- Сирия маселеси боюнча мурда бир канча жолу пикиримди айткан элем. Суннит араптар, нусайри калкы, күрттөр жана мусулман эмескалктын да өкүлдөрү катышкан башкаруу системасы Сирия үчүн ишенимдүү, туура чечим болмок. Анүчүн керек болсо демократиялык башкарууга этап-этабы менен өтүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек.

Оппозиция азыркы бийлик катышкан эч бир башкаруу формасын кабыл албасын медианы караган балдар айтууда. Бирок азаптуу жашоо жана жоготуулар дагы уланбашы үчүн “эң жакшысы болбосо да, жакшы жактарына макул болуу” принциби менен аракет кылуу керек деп ойлойм.

- Эрдоган менен АКП 2029-жылга чейин бийликте калат деп ойлойсузбу? Же түрк шайлоочулары ойлорун өзгөртүшү мүмкүнбү?

- Түрк шайлоочулары ойлорун албетте өзгөртүшү мүмкүн. Бирок азыр шайлоолор адилеттүү өтпөйт. Медиа кол алдында, сот кол алдында, капитал дагы кол алдында. Бул шарттарды эске алганда түрк шайлоочусунун чындыгында эмне ойлоп жатканын билүү кыйын.

- Эмнеге Эрдоган болгон күчү менен Египет мамлекетине зыян берүүгө аракет кылууда деп ойлойсуз?

- Себеби өзүн бүтүн Ислам дүйнөсүнүн лидери катары көрүүдө жана көрсөтүүгө аракет кылууда. Калкы мусулман өлкөлөрдү ар кандай жолдор менен өз таасирине алууга аракет кылууда. Буга макул болбогон жана ички иштерине кийлигиштирбеген өлкөлөргө жана алардын лидерлерине каршы ар кандай иш аракеттерде болуусу да ошол себептен.

- Бүтүн Орто Чыгыш чөлкөмү тынчтыкка суусап турган убакта Египет мамлекети менен Египет калкынын абалын кандай дейсиз?

- Египеттин Ислам дүйнөсүндө өзгөчө орду бар. Тарыхта цивилизациялардын бешиги болгон бул жер Ислам тарыхында дагы маанилүү адамдар чыккан жана илим ордолорунун мекени болгон. Орто Чыгыш келечеги үчүн Египет өзгөчө жана маанилүү ордун сактап келүүдө. Египеттин ички тынчтыгы жана туруктуулугу бул чөлкөм үчүн өтө маанилүү.

- Эрдогандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болууну каалоосу жана Орусиядан S400 ракеталарын сатып алуусунолуттуу деп ойлойсузбу?

- НАТО кансыз согуш жылдары Түркиянын коопсуздугу үчүн маанилүү роль ойногон. Ошол эле учурда Түркиянын демократиялашуусуна да НАТО мүчөлүгү үчүн жасалган кадамдар жардам берди. Бул жерде НАТО мүчөсү болгон демократиялык жана укуктук мамлекеттерден Түркия үлгү алды. Бирок Эрдогандын бул демилгеси ошол союзга зыян берет. Бул жерде Эрдогандын чын ыкласын билүү өтө кыйын. Себеби, аябай көп жалган айтты. Чындап каалап жатабы, же АКШдан, же Европадан бир нерсе өндүрүп калуу үчүн коркутуп жатабы, аныбиле албайт экенбиз.

- Исламий билимиңиз үчүн ата-энеңиздин ролу аябай чоң экенин билебиз. Бул тууралуу эмне айта аласыз?

- Биринчи Куранды үйрөткөн мугалимим апам болгон. Эрте жашыман бүт Куранды жаттатты. Ал учурда өкмөттүн тыйуу салганына карабай, айылдагы балдарга үйдүн жанындагы жашыруун эшиги бар малканада Куран үйрөтөт эле. Анын бул аракети мага аябай таасир калтырган. Атамдан сахабалар жана Ислам аалымдары жөнүндө көп нерсени үйрөндүм.

- Көп эмгектериңиз бар. Азыркы учурда жазып жаткан жаңы китептериңиз барбы?

- Азыр “Чаглаян” журналына макала жазуудамын. Жаштар болсо кээ бир баяндарымды (лекцияларымды) терип, китеп кылып жатышат. Аларды редакциялап турам.