Борбор Азия

​Исаков парламент менен өкмөттүн президенттик аппаратка ийилип бергени үчүн күнөөлүү

28 июня 2018 г. 23:20 3365

Жылуулук энергия борбору (ТЭЦ) боюнча кылмыш иши алкагында айыпталып жаткан мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов суроолорго жооп берген

- Сиздин Сапар Исаковду коргойм дегениңиз коомчулукта талкуу жаратты. Эмнеге мындай чечимге келдиңиз?

- Сапар Исаков мен иштешкенге үлгүргөн жалгыз премьер-министр. Ал Кыргызстандын “Ачык өкмөт” кызматташуусуна кирүүсүн демилгелеген. Андан сырткары, мени Жол коопсуздугу боюнча комиссиясына да чакырган. Мен уга билген кишини саясатка бышып жетилди деп эсептейм. Ал угуп иш алып барчу, жарандык коомго кулак салып, ЖМК менен коомчулукка ачык болчу.

Башка да себептерим бар. Бийлик алмашкандан кийин, жаңы бийликтин өзүм билемдигине, анын тоң моюндашып бара жатканына каршы туруу да мен үчүн кызыктуу.

Эски бийликтин каталарын чукуп чыгуу мени кызыктырбайт, себеби бүгүн да эч нерсе өзгөргөн жок. УКМК, прокуратура, соттор кайра эле адилетсиз көрсөтмөлөрдү аткарууга өттү. Аны менен жогорку бийлик ортосунда жазылбаган келишим бар. Саясий куугунтук уюштуруп бергендиги үчүн бийлик алардын элдин жонунан кайыш тилүүсүн көрмөксөнгө салат. УКМК, прокуратура менен соттор элди сааган коммерциялык бирикмеге айланганы жогорку бийлик үчүн да ыңгайлуу.

Оппозиция менен саясий атаандаштыктын жоктугу үчүнчү себеп. Чектелбеген президенттик бийликке каршы турууга өз салымымды кошкум келет. Мен адвокат-философмун, каршы чыгуум менен кылтакка түшкөнө калган президентке маанилүү ишараттарды жолдоп атам. Бирок ал жарандык коомду укпай жатат.

- Сапар Исаковду ТЭЦти жаңылантуу иши боюнча айыптап жатышат. Бул кинеде канчалык негиз бар?

- Коррупция – кылмыш эмес, ал коомдук көрүнүш. Сапар Исаковго эч бир кине тага алышкан эмес. Далил жыйноо менен баш оорутпаш үчүн паракорлукка айыптай салуу опоңой. Эгер кызматтык кыянаттык же пара алуу бар болсо, аны далилдеш керек.

Айыптоодо укуктук логика жок. Тергөөчүлөр аны бул маселелени тескеген деп айыпташкан, бирок анын ыйгарым укуктары чектелген эмес, Исаков ал укуктарынын сыртына чыккан эмес. Ал эмнени бузган?

- Сапар Исаков парламентте ТЭЦ боюнча келишимге кандай тиешеси бар экенин айткан. Ал президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн башкарып турган кезинде Кытай эл республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзинпиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик зыяратын уюштурган. Андыктан эки тараптуу сүйлөшүүлөргө, анын ичинде ТЭЦти жаңылоого КЭРдин берген гранты боюнча иш кагаздарын даярдоого жооптуу. Бул маселеде анын ролу канчалык?

- Кытай тарап менен макулдашуу долбоорун Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү даярдаган. Ал бул тууралуу 2013-жылы 2-декабрда чыккан №649-өкмөттүк токтомго кол койгон. КЭРдин Эксимбанкы менен насыялык макулдашуу боюнча мыйзамдын долбоору парламентке келген. 2013-жылдын 11-декабрында Бишкектин ТЭЦин жаңылоо насыясы жана гранты боюнча макулдашууну Жогорку Кеңеш бекиткен. 23-декабрда ага президент кол койгон.

ТЭЦти жаңылоого аткаруучуну (подрядчик) кытай тарап өзү табат деген чечимди ал кездеги саясий элита бирге кабыл алган. Муну 2013-жылдын 31-октябрында: “ТВЕА долбордун жалгыз аткаруучусу болду” деген расмий нота далидеп турат.

2013-жылдын 11-сентябрындагы келишимде ТВЕА менен контракттын шарттарына Жантөрө Сатыбалдиев жооптуу экени деп жазылып турат. Андан кийин долбоор менен Жоомарт Оторбаевдин өкмөтү алектенип, Техника экономикалык негиздемеси (ТЭО) даярдалган. Темир Сариевдин убагында жабдуулар алынып, эскилери чыгарылып, башка техникалык жумуштар башталган. Сооронбай Жээнбеков ТЭЦти жаңылоону аяктап, 2017-жылы 7-июнда кабыл алуу акты жазылган. Сапар Исаков премьер-министр болгондо ТЭЦти жаңылоо менен алектенген эмес.

2013-жылы 11-сентябрда Жогорку Кеңеште келишимди жактырган 91 депутаттын арасында учурдагы чакырылыштан Асылбек Жээнбеков, Канат Иманалиев, Максат Сабиров, Өмүрбек Текебаев, Төрөбай Зулпукаров, Кожобек Рыспаев, Сайдулла Нышанов, Бахадыр Сулеймановдор да болгон. Депутаттын дээрлик баарысы ошол кездеги пикирлерине кайчы мамиле кылууда, ратификациялоо видеосуна карасаң, алардын кызыл тилге салып келишимди жактаганын көрөсүң.

Келишим боюнча каражаттарды Каржы министрлигине которуу каралган эмес, акчалар Эксимбанктан түз эле кытайлык ТВЕА компаниясына которулган. Демек, “кымбаттатылган” баалар боюнча ызы-чуу маалыматтык провокация гана. Ал кээ бир аткаминерлер, алардын арасында Сапар Исаков да сатып алууга же кандайдыр бир коррупциялык схемаларга катышкан деген коомдук пикир жаратуу максатын көздөйт.

Мен коргогон киши ал кезде премьер-министр да, энергетика министри да, депутат да болгон эмес. Бардык документтер боюнча ал президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы катары өз ыйгарым укуктарынын алкагында иш жүргүзгөн.

- Бирок Сапар Исаковду келишимди кабыл алууга эмес, ТВЕАнын кызыкчылыгын түрткөнүнө (лобби) айыптап жатышпайбы...

- Айыптоонун ар бир пункту туруктуу кылмыштуу коррупциялык топ болгон деген курулай дооматтар менен толтурулган.

- Эки бөлүмдүн башчысы – Сапар Исаков менен Нурсулуу Ахметованын президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон кызматтык каты тууралуу көп сөз айтылды. Ошону ТВЕАны түртүү деп баалап жатышкандай. Ал эмне болгон кат?

- Ыйгарым укуктарынын алкагында Сапар Исаков президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана мониторинг боюнча бөлүмдүн башчысы Нурсулуу Ахметова менен бирге өзүнүн тикелей жетекчиси Алмазбек Атамбаевге өлкөнүн энергосекторуна инвестиция тартуу керектиги тууралуу аналитикалык кат даярдаган. Ал жерде кызыкчылык түртүү кеби жок. Катта Исаков Атамбаевге энерготармактын абалы начарлап бара жатканы, суунун азаюусу, ТЭЦтин жүктөмгө чыдабай, керектүү жылуулук жана кубат чыгара албай калуу коркунучу бар экени баяндалган. Ал ТЭЦти жаңылоого кызыктар компаниянын баары тууралуу кабарлап, бааларды келтирип, бардык компания менен бааларды төмөндөтүү боюнча сүйлөшүү зарыл экенин белгилеген. Ал кандайдыр бир компанияны сунуштаган эмес.

Компанияны кытай тарап тандаган, бул тууралуу КЭРден келген бир нече расмий нота бар. Кытай жардамдашып, долбоорду кантип ишке ашыраарын өзү чечкен.

- Сиз бир нече жолу Сапар Исаковдун иши – бул саясий каршылаштарын куугунтуктоо дедиңиз. Эмнеден улам ушинтип эсептейсиз?

Иштин баштапкы материалдары менен таанышып, айыптоодо укуктук логика көрө алган жокмун. Коррупция менен күрөшүмүш болуу кампаниясында Сапар Исаков эң ыңгайлуу фигура. Коомчулуктун сүрөөсү, кээ бир кишилердин табалоосу менен ЖМКларда, парламентте, соцтармактарда аны паракор көрсөтүп жатышат.

Аны отургузаардан мурун депутаттар ишенбестик билдирип, президент алардын чечимин колдоду. Исаков парламентти “саясий өлүмтүк” деди. Андан кийин, менин оюмча, “кол бала” премьер-министрди дайындашты.

Мен Сапар Исаковду коргоп баштангандан бери тергөөнүн кетирген каталарын көрүп, анын саясий куугунтук жана саясий атаандаштарды жок кылуу иши экенине барган сайын көбүрөөк ишене баштадым.

Тергөөнүн кыянаттыгы апачык көрүнүп турат. Айыптоо сотко тапшырылбаган кайдагы бир “оперативдүү маалыматтарга” шылтоо кылып келет. Сот ага ишенип, далил талап кылбайт. Соттук угуулар менен тергөө укукту одоно бузуу менен коштолуп, Сапар Исаковго гана коркунуч алып келген жок. Мындай жөө жомок оперативдүү маалыматтарга таянып, ар бирибизге кылмыш ишин ачса болот.

Негизги документтерге кол коюп, чечим кабыл алгандар жооп берүүлөрү керек.

ТЭЦти жаңылоого Энергетика министрлиги тикелей катышкан. Негизги жоопкерчилик Осмонбек Артыкбаевде. Ал мыйзам долбоорлорун даярдап аларды жактаган кезде коомчулуктун катышуусун камсыздаган эмес. Өкмөт да, парламент да коомдук талкуу жүргүзгөн эмес.

Мындан сырткары ЖКнын профилдик комитеттеринин жетекчилеринин жоопкерчилиги каралуусу зарыл.

2013-жылдын 11-сентябрында Кожобек Рыспаев ЖКнын жылуулук-энергетикалык жана кендерди колдонуу комитетинин чечимине кол коюп, карыз алуу келишимин жактырган. Долбоор Энергетика министрлиги менен “Электр станциялары” ААК тарабынан ишке ашырылган. Бардык документтер боюнча сүйлөшүүлөрдү Сапар Исаков эмес, ошолор жүргүзгөн.

Исаковду айыптоо төмөнкүчө жазылган: “2013-жылы макам ээлеп туруп, президенттик аппараттын башка мамлекеттик институттардан үстөмдүк мүнөзүн, өз макамы менен ал кездеги саясий кырдаалды өз кызыкчылыгына колдонгон”.

Бул болбогон жүйөө. Сапар Исаков үстөмдүк системасын курууда айыпталып жатат. Андай болгон күнү да, ал айыптоо беренеси болуп бербейт. Үстөмдүк системасын ийилип бергендер орнотот, ал кезде парламент менен өкмөт ийилип берген. Сапар Исаковго ушундай айып тагылган.

Kaktus.media

Материал орусчадан которулган. Түп нускасы бул шилтемеде