Ислам дүйнөсү

​ЧМ 2018 – ирандык кыз-келиндердин ыңкылабы болуп бермекчи

26 июня 2018 г. 15:12 1440

Казанда финалдык ышкырык жаңырып, эси оогон оюнчулар жерге жыгылып түшкөндө, трибуналарда көз жашы төгүлүп жатты. Стадиондун ирандыктар отурган тарабында Испаниядан 0:1ге утулуп калган өлкөсүнүн командасын ыйлаган Иран аялзаты кол чабуулар менен каршылап алышты. Бирок бул өкүнүч эмес, сүйүнүч көз жаштарына окшоп турду. Арасында аялзаты кошо кирген 15 миң ирандык күйөрман өз командасын 91 мүнөт бою камчылап турган. Бул жердеги ирандык кыз-келиндин көбү стадионго биринчи ирет киришкен.

ЧМ 2018 күндөрү Иран үчүн өтө маанилүү болуп, бул оюн футболдун алкагынан бир топ эле кеңири каралып жатат. Испаниядан утулгандан кийин да финалдын сегизден бирине чыгуу мүмкүндүгүн жоготпогон бул улуттук футбол командасы катышкан оюндар тең укуктуулук үчүн күрөш сахнасына айланды. Бир нече айдан бери ирандык аялзаты стадиондорго кирүү үчүн болгон күчүн жумшап турган кези. Алар эркектердин командасы катышкан футболдук аянттарга кирүүгө укук берилишин талап кылышууда. Ирандын мыйзамы буга азырынча тыюу салып турат. Бирок эми үмүт жандангансыды.

Тегерандагы “Азади” стадионунда орнотулган чоң экрандардан Казандагы улуттук командасынын оюнун ирандык кыз-келиндер эркектер менен бирге көрүштү. Расмий маалымат боюнча ага 20 миң билет сатылган. 1981-жылындагы эркектер менен бирге трибуналарда олтуруп көргөн акыркы оюндан бери өткөн 37 жылдан кийин иран аялзаты биринчи жолу ушундай укукка ээ болду.

Бул оюн башталаарына акыркы мүнөттөр калганга чейин ирандык бийлик Казандагы матчты көргөнгө тыюу салууга аракеттенди. Матч башталаарына бир нече саат калганда эле полистер стадионго барчу жолдорду жабышкан. Ага “инфраструктура маселесинен улам” деген шылтоо келтиргенге аракеттеништи. Бирок миңдеген жараны мындай адатка каршы чыгышты. Отуруу акциялары менен тартышуулар аркылуу алар полистерге жол ачтырышты. Бул футбол күйөрмандарынын майрамынын башталышы болуп калды.

Бейшемби таң эрте Казандын жөө жүргүнчүлөр үчүн айрырган көчөөлөрү бош калды. Шаар кечээги футболдук матчтан кийин шашпай ойгоно баштады. Аскерлердин топтору күн нуруна бөлөнгөн кесилиштерди көзөмөлдөп, туристтер эстелик үчүн акыркы селфилерин кылып жатышат. Тез татым ресторандарынын алдында Шима айым, досу Амир менен бирге кофе ичип олтурушат. Бул 34 жаштагы аял күңүрт түздөгү көз айнек тагынып, эриндери боёлуп, моюнуна улуттук символикасы тартылган жоолук салынган. Шима шаршамби кечинде Казандагы стадионго киргенге мүмкүнчүлүк алган ирандык кыз-келиндин бири.

“Эбегейсиз оюн-зоок кечеси”

“Мен стадиондо эмоцияларымды көзөмөлдөй албай калдым, - дейт Шима. – Токтобостон секирип кыйкыра бериптирмин”.

Шима Орусиядагы стадионго кирээрин бир нече апта бою чыдамсыздык менен күтүп жүрүп, өспүрүм кезинен бери кыялданган максатына жеткен.

Анын айтымында ал футбол фанаты эмес, бирок өзүн бул спорттун күйөрманы деп эсептейт. Бирок учурда бул маселе жөн эле спорттун чегинен ашып-ташып турат. “Иранда да аялзатына стадионго кирүүгө уруксат берилгени сонун болуптур. Мен биз сезимдерибизди көрсөтүп, коомдун көңүлүн буруп жатканыбызы маанилүү деп эсептейм”.

Ирандагы абал кескин өзгөрүп, аялзаты мындан кийин стадионго кирүү мүмкүндүгүн алабы? Ал буга ишенет, бирок, анын ою боюнча, дароо эмес. “Мен бир нече убакыттан кийин Тегерандагы стадионго бара алам деп ишенем”, - дейт Шима.

Бирок ирандык кыз-келиндин баары эле Шимадай үмүттү эмес. “Чынын айтсам, бул жагдай Иранда кайсыл бир убакта өзгөрүп кетээрине ишенбейм. Диктаторлор өзгөрөйт”, - дейт Фарзана. Ал Казандагы жөө жүргүнчүлөргө ажыратылган көчөнүн чекесинде олтурат. Анын узун кара чачтары жайылып, жынсы курткасынын чөтүгүнөн Ирандын кичинекей желеги башпагып турат.

Тегерандын бул тургуну да Испанияга каршы оюнда биринчи жолу стадионго кирген, анын да сезимдери албууттанып ашып-ташып турат. Ал мунун кандай болоорун бир топ убакыт мурун эле элестеткенге аракет кылып жүргөн. “Натыйжада мен аны эбегейсиз оюн-зоок кечеси жана бир аз футбол деп атай алам”, - дейт Фарзана.

Сакал чаптап алган аялзаты

Фарзананын айтымында, анын Тегеранда бир нече жылдан бери эркектердин футболдук матчтарына барып жүргөн дос кыздары бар. Эркектей кийинип алышып. Ирандык кыз-келиндердин стадиондорго кирүүсүн колдогон активисттер маал-маалы менен трибунада олтурган кыздардын сүрөттөрүн чыгарышат. Алар чачтарын кыскартып, сакал чаптап алышат. Фарзана бир нече убакыт өткөн соң мындай кийим алмашыруу бүтөт деп үмүттөнөт. Бирок, анын ою боюнча, бул жакында болуп кетчү иш эмес.

Дүйшөмбүдө Ирандын курама командасы Криштиану Роналдо супержылдызы бар Португалия менен Саранск шаарында беттешет. Кандай эсеп болбосун, бул оюнду утса гана ирандыктар группасынан чыга алат. Ирандык аялзаты үчүн болсо Орусияга келип биринчи жолу стадионго киргени эле чоң утуш.

Бийликте олтурган шииттер да Ирандын мамлекеттик символикасы бар майкаларды кийип, башка күйөрмандар менен бирге кечке жуук стадионду көздөй чубаган жүздөгөн аялзатын көрдү деген үмүттөбүз. Алардын баары сүйүнгөнүнөн жылмайып, кээ бирилери бийлеп да алышкан. Кыз-келиндер үйүндө тыюу салынган нерсе бул жерде уруксат экенине кубанышат. Иранда бир нерселер өзгөрүп баштоого убакыт бышып жетилди. Календарда 2018-жыл.

Ибрахим Набер, Die Welt, Германия