Ара жолдогу мамлекет

​Эрдоган утту: Түркияда демократия утулду

26 июня 2018 г. 12:06 1241

Түркия тарыхий тандоо кылып, президент менен парламентин шайлады. Оппозицияны оор келечек күтүп турат

Түркияда жаңы доор башталды. Президент Режеп Тайып Эрдоган жеке бийлигин бери дегенде 5 жылга бекемдеди. Жаңы ыйгарым укуктары ага өкмөт менен сотторду түз дайындап, өлкөнү президенттик токтомдор менен башкарууга жол ачат.

Ал жетектеген Адилет жана өнүгүү партиясы (АӨП) 2015-жылкы парламенттик шайлоодо жеткен 49,5 пайыздан 42,5 пайызга чегингени менен Эрдоган президенттик жарышта көпчүлүктүн добушун алды.

Эрдогандын жакшы натыйжасы

Ооба, шайлоонун жыйынтыгы Эрдоганды чоң утушка жеткирди. Бирок бул тең ортосунан экиге бөлүнүп калган өлкөдөгү чоң жеңиш. АӨПтүн тарапкерлери майрамдап жаткан кезде, коомдун экинчи жарымы шайлоонун жыйынтыгына терең нааразы. Алар мындай натыйжаны Түркиядагы буга чейин өкүм сүргөн демократиянын бүткөнү деп эсептешет.

Түрк оппозициясы абалын бир топ түзөп алды, бирок бул жетишкендик демократияны коргоп калууга жеткен жок. Шайлоо убагындагы мыйзам бузуулар айтылганы менен АӨП өзүнүн жеңишин жар салып, шектүү ийгилигин эмне болуп кетсе да коруйт. Мунун баары 2017-жылы өткөрүлгөн референдумга окшоп турат, анда шайлоочулардын добушундагы бир аз гана артыкчылык конституцияны реформалоого жол ачкан.

2018-жылдын 24-июнундагы добуш берүү ал референдумдун натыйжасын түздөп кетүүгө акыркы мүмкүнчүлүк ачмак болчу. Бул Туркиянын демократиясынын акыркы жутуму катары бааланган. Андыктан оппозициялык партиялар менен өздөрү коргоп келген баалуулуктарга добуш берген жарандар өлкөсүнүн өзгөргөн тагдырына ыкташуунун жаңы жолдорун караштырууга мажбур.

Дүйнө Түркияга таңыркап турат

Эл аралык коомчулук мунун баарына кунт коюп карап турат жана карай бермекчи, себеби мамлекетибиз маанилүү өнөктөштүктөргө кирет. Ошол эле убакта Анкаранын Батыш менен, айрыкча Европа менен алакалары барган сайын татаалдашмакчы. Өзүнүн кеңейтилген ыйгарым укуктарын мыйзамдаштырып алган Эрдоганга айрыкча европалык саясатчылардын ыкташып кетүүсү оорго турат.

Буга чейин түрк ажоосу бул кеңири ыйгарым укуктарын, 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин улам узартылып келе жаткан, “өзгөчө кырдаал” алкагында колдонуп келген.

Эгер Евробиримдик (ЕБ) Түркияга жакындоо жараянын расмий түрдө токтотом десе, мунусу Түркиянын демократияга умтулган калкынын жарымынын эрки менен эсептешпөө болуп калат.

Бирок ЕБ Анкара менен жакындаганын токтотпосо, Брюссель бирдиктүү Европанын пайдубалынын баалуулуктарын кадам-кадам бузуп келе жаткан мамлекет менен мамиле түзүүнүн жаңы ыкмаларын караштыруусу шарт.

Дүйнө лидерлеринин Түркиянын шайлоолорунун натыйжаларын уккандан кийин кармаган паузасы мамилелер кылдат каралып жатканына ишарат кылгансыйт.

Ал арада шайлоодон кийин Эрдоган жеңин түрүп экономикалык абалды түзөтүүгө аракет кылуусу зарыл. Аткени шайлооону утуп алуу жарым иш болуп калды. Акылга келген бардык ыйгарым укукту өзүнө менчиктеп алган президент үчүн да экономиканын көйгөйлөрүн чейүү оорго турат.

Седа Сердар, Deutsche Welle, Түркия