Батыш

​“Трамптар” мигранттарды кантип жаман көрсөтүүдө

25 июня 2018 г. 13:49 449

Өткөн кылымдын таарыхына көз жүгүртсөң түркүн диктатор табууга мүмкүн. Түрдүү коомдун түзүлүштөн саясий себептерден улам өз жарандарын жапырт жок кылган канкор режимдер пайда болгон. Тарыхы, экономикалык деңгээли, диний салттары жол бербечүдөй көрүнгөн өлкөлөрдөн да коммунисттик, фашисттик жана уруучулук идеология өнүп чыккан. Буга бай Германияны, жарды Руанданы, буддисттик Камбожжаны, православдык Орусияны мисал келтирсек болот.

Бирок бул режимдердин бир окшоштугу бар болгон. Камбожжаны изилдеген француз окумуштуу аны “коомду жиктештирип, жактырылбаган мүчөлөрүн жок кылуу илдети” деп атаган. Өзүнчө этникалык топко, экономикалык класска же саясий канатка каршы болобу, мындай илдеттин пайдубалы атайын ойлонуп табылган терминдер менен түптөлгөн.

Жектөө сөздөрү тигил же бул этникалык азчылыкты бөлүп чыгып, ага тиешелүү сапат жана мүнөздөмө берген. Кээ бир учурларда бул мүнөздөмөлөр толугу менен ойлоп табылып, жектелген топ сөз менен гана белгиленген. Мисалы коммунисттик Кытайда режим душмандарын “каралар” деп атап, досторду “кызылдар” деген. Орусиялык большевиктер баарына “эл душмандары” күнөөлүү дешкен. Камбожжанын кызыл кхмерлери 1975-жылы шаарлардан сүрүлүп чыккан “17-апрель кишилерин” жок кылышкан.

Жектелген топко тиешелүү терминди тамга катары баскан үгүт машинасы аны адамдык сапаттардан ажыраткан. Советтер Союзунда Ленин ак сөөктөргө “мурункулар” деген тамга басып, революция убагында алардын кишилик абийири менен ар-намысы жок деп эсептелген. Нацисттердин лидери Адольф Гитлер менен советтик башчы Иосиф Сталин андан да ашкере кетип, жектелген жарандарын “мите” жана “зыянкеч» деп аташкан. Плакаттарда аларды бит кейпинде сүрөттөшкөн.

Мындай тамга басуулар эмнеге алып бараарын жакшы түшүнгөн Батыш демократияларында акыркы жарым кылымда мындай лексикага тыюу салынган. Бирок учурда ал кайра колдонула баштады. Албетте, мен президент Трамп менен анын европалык пикирлештерин Ленин менен Гитлерге теңеген жокмун. Бирок алар “коомду жиктештирип, жактырылбаган мүчөлөрүн жок кылуу илдетин” кайра жандандырышты, мунун натыйжасы көпкө күттүрбөйт.

Президент качкындар, мыйзамсыз мигранттар менен МС-13 каракчылар тобун бир термин менен атай баштады. Адатта аларды бириктирип, бир топ катары атаганы капыстан айтылган сөз эмес. Трамп курмандыкка чалынчу топту белгилеп, ага бир нече мүнөздөмө берип келет. Көбү айтылган мүнөздөмөгө төп келбесе да, алардын баары кылмышкер, зөөкүр жана канкор. АКШнын президенти алардын жүздөрүн карартып, адам катарынан чыгарып жатат. “Демократтар, - дейт твиттинде ал, - биздин өлкөнү МС-13 сыяктуу жугуштуу илдет каптап кетүүсүн каалашат”. Ал кишилерди бит жана башка мителерге теңеп жатат. Эки апта мурун Трамп МС-13 бандасын “айбандар” деди, мунусунан ал конкреттүү каракчыларды айтканы же аларга кандайдыр бир окшоштугу бар кишинин баарын атаганы белгисиз бойдон калды.

Трамп мындай иште жалгыз эмес. Италиянын жаңы ички иштер министри Маттео Сальвини жакында Италиянын кээ бир аймактарында “маасалык тазалоо” өткөрөөрүн айтып жиберди. Ал “сыгандар”, “чоочундар” жана “уурулукка үйрөтүлгөн балдарды” бир топко бириктирип салды. Европанын чыгышына көз чаптырсак, венгр премьер-министри Виктор Орбан андан да ашып түштү. Ал Венгрияда жок чет элдик мигранттар менен жарандарын коркутуп бийликке келди.

Мен бул лидерлердин бири массалык өлтүрүүнү ниеттенип турат деп ойлобойм. Алардын максаты башка: кандайдыр бир топту аныктап, анын айланасына ишарат коюп, жарандарын ал кишилер менен коркутуу. Мындай топ таптакыр жок болсо да интернеттеги соцтармактар алардын санын апыртып жиберээри бышык. Андан соң “мигранттардын анклавдары” жана “кылмыштуулук толкундары” менен үркүтүп, шайлоочулардын добушун алса болот.

Мындай тактика акыры кишилердин өлүүсүнө себеп болот. АКШ менен Мексиканын чегинде энелерди бала-чакасынан айырган чек арачылар мындай зөөкүрлүккө ажосунан мерестикке алып баруучу терминдерди кайра-кайра уга берип даяр болуп калышкан. Кошуна турган аялдын колунан бийлик ымыркайын жулуп жатса көбү каршы чыкканы менен америкалыктардын үчтөн бири башкаларга карата мындай мерестикти кабыл алат. Кандай болбосун, көбү мындай терминдерди бири-бирине күңкүлдөп таратканга даяр. Кээ бириси болсо андан да бетерленип, Орегон штатындагы аял сяктуу, мигранттарды атыш керек дегенге же Фокс ньюс каналына келген эксперт айым сымал, бул балдарга боор оорутуп кереги жок, анткени алар америкалык балдар эмес дешке чейин барат.

Бул акыры жакшылыкка алып барбайт. Эртеби-кечпи калк мындай алдамчы терминдерге көнүп, иммиграциянын чыныгы көйгөйлөрү талкууланбай калат. Алдыңда зөөкүрлөрдү гана көрсөң, иштөөгө же жашоого уруксат берүүнү талкуулагың келмек беле? Согуш жана куугунтуктан жапа чеккен чыныгы качкындарды алдын ала кылмышкер катары кабылдасаң европалык миграциялык кризисти чече алмак белең. Чындыкты жомоктоштуруп терминдер менен ойноп, шайлоого колдонсоң болот, бирок туура чечим чыгарып, тиешелүү чараларды көрүү мүмкүн болбой калат.

Энн Эплбаум, The Washington Post, АКШ