Орусия

​Орусия – стартаптардын империясыбы?

23 июня 2018 г. 15:01 725

Учурда өтүп жаткан дүйнөлүк футбол чемпионатын албаганда биз Орусия жөнүндө көбүнчөсүн Батыш менен тирешкени, Жапония менен жер боюнча араздашуулары жана муз үстүндө көркөм бийлөө сюжеттерин көрүп келебиз.

Бирок акыркы убактарда бул эбегейсиз аймакты камтыган мамлекеттин булуң-бурчтарында пайда болуп жаткан стартаптар (кыска мөөнөттө жакшы кирешеге жеткен жаңы бизнес-үлгүсү) жөнүндө сөз боло баштады. Чет элдик стартаптардын көйгөйлөрү тууралуу эскерилгенде, адатта АКШ, Кытай жана бир нече азия өлкөлөрү айтылып, Орусия көз жаздымда калтырылууда.

Жаңычылыктар шаары – Сколково

Орусиядагы инновацияларды эскергенде, дароо акылга келген жер – Сколково.

Бул, 2010-жылы Дмитрий Медведевдин демилгеси менен пайда болгон, илимий технологияларга багытталган шаарча. Ал Москванын чет жагында, өз аталышын алган айылдын жанындагы 400 гектар жерди ээлейт. Аймагын салыштырганда, Сколково жапондордун борбору Токионун Диснейлендинен эки эсе чоң аянтка ээ.

Бул кеңири жерде “Центр инноваций Сколково” деп аталган бизнес-инкубатор жайгашып, 2017-жылы анын алдында 1800 стратап иштеген. Мындан сырткары бул шаарчага иштин пайда-зыянын ишкер менен бирдей моюндаган венчурдук инвесторлор жана ири компаниялардын илимий-изилдөө лабараториялары келген. Жапонияны алганда Панасоник (Panasonic) менен Фанук (Fanuc) кирген. Андан сырткары эң заманбап медицинаны изилденген бейтапкана жана Сколково илимий-техникалык университети түптөлгөн (Scoltech). Кишилер, каражаттар жана технологиялар бир жерге топтолуп, стартаптардын өнүп кетүүсүн шарттаган атайын экосистема түзүлгөн.

Дүйнөдө Сколкового окшогон эки гана жер бар: Бостондогу Кембриждик инновациялык борбору жана Париждин алдындагы Station F. Кээде Сколковону “Силикон өрөөнүнүн” орусиялык көчүрмөсү деп атап келишет. Бирок бул жерде бардыгы нөлдөн түптөлгөн. Стартаптарга ар тараптуу экосистеманы түзүүгө мамлекеттин бел байлаганы жагынан алсак, ал Сингапурдун тажрыйбасына жакындап кетет. Компаниясында жаңы түптөлүп жаткан бизнеске инвестиция чегерүү менен алекетенген United Managers Japanдын кызматкери Юсуке Отсубо айымдын айтымында, орусиялык Сколково инновациялык борборуна кириш үчүн эксперттик комиссиясына арыз бериш керек. Эгер арызыңыз кабыл алынса, мамлекеттен илимий изилдөөңүздү уюштурууга 5-6 миллион рубль ала аласыз. Ишканаңыз өнүгүп, түптөлүп баштаса, бизнесиңизди бутуна тургузууга мамлекет дагы 6 млн рубль грант берет.

“Чакан стартаптар үчүн мындай колдоо системасы аябай пайдалуу”, - дейт Отсубо айым.

Сколководон сырткары Москва жана Санкт-Петербург сыяктуу шаарларда да стартаптар пайда болууда. Буга, көбүнчөсүн Москва шаарында сапеттерди (велосипед) ижарага берген, “Велобайк” компаниясын мисал кылсак болот. “Делойт-СНГ” компаниясында иштеген Ватару Такахасинин айтымында, жолдун кооптуулугунан улам, мындан бир нече жыл мурун эле сапеттер көп колдонулчу эмес.

Бирок “Велобайк” пайда болоору менен жагдай өзгөрдү. Компания 2017-жылы сапеттерди операторсуз ижарага берген 380 станцияны иштеткен, андан буга чейин алардын кызматын 200 миң киши колдонгон. Былтыр сентябрда сапеттерди ижарага берген дүйнөнүн эң ири кытайлык Ofo фирмасы менен өнөктөштүк келишими түзүлүп, иш бир топ кеңейет деп күтүлүүдө.

Орус инженерлери дүйнөнүн көңүлүн бурууда

Орусия дегенде, анын кишилик ресурстарын да айта кетүү керек. Орусиялык стартаптар катуу жанданганына байланыштуу орус инженерлерине башка өлкөлөрдө да кызыгуу арта баштады.

Deloitte Tohmatsu Venture Support компаниясында венчурдук инвестициялар менен алектенген Якко Райяниеми: “Совет доорунда эле мектептерде математиканы окутуу жакшы жолго коюлган, ошондуктан учурда көптөгөн адистешкен инженер-техникалык кадрлар бар”, - дейт.

Программалоо боюнча эл аралык студенттик олимпиадада (ACM-ICPC) орусиялык катышуучулардын ийгиликтери да муну тастыктап турат. Ага программалоо менен эсептөө техникасы жакшы өрчүгөн алдынкы мамлекеттердин улуттук тандоо конкурстарынан жеңип чыккан студенттер катышат. Бул кылымда өткөн 18 жарыштын 12синде Орусиянын студенттери жеңип чыгышкан. Быйылкы жарышка 111 мамлекеттен 3098 университет жана 54 446 киши катышып, кайра эле Орусиянын студенттери жеңишке ээ болушкан.

Көп өлкөнүн бизнесмендери менен алака түзгөн жапон ишкери Обури менен аргасыздан макул болосуң. Ал: “Мен АКШнын Силикон өрөөнүнө көп барып турам. Силикон өрөөнүндө бир нерсеге күчтөрү жетпей баратса орустарды жардамга чакырышат”, - дейт. Дал ушундай. Мындан сырткары, адистиги жана өз алдынча ой жүгүртүү жагынан бир орус инженери беш индустан артыгыраак деп айтылып келет.

Forbes, АКШ