Ислам дүйнөсү

​DW: Түркиянын парламенттик шайлоосу Эрдогандын тагдырына кандай таасир берет

22 июня 2018 г. 12:58 2468

Режжеп Таййып Эрдоган Түркияда акыркы 16 жылда өткөн шайлоонун баарын утуп чыккан. Бирок бул аптадагы кезексиз добуш берүүдөн кийин парламентте басымдуу көпчүлүктү ала албай калышы мүмкүн. Буга экономикалык кризис себеп болмокчу.

24-июнда Түркияда кезексиз парламенттик жана президенттик шайлоолор өтөт. Сурамжылоолор боюнча 45тен 55 пайызга чейин киши добушун учурдагы ажосу Режжеп Таййып Эрдоганга бермекчи. Бирок, эксперттердин баамында, Эрдоганга добуш берчү шайлоочу мындан бир топ эле аз болушу мүмкүн.

Sonar коомдук пикир институтун негиздеген Хакан Байракчы өлкөдө учурдагы бийлик коркунуч манай орноткондуктан, кеминде 10 пайыз жаран алдыдагы шайлоодо кимге добуш берээрин социологдорго айтпайт. Байракчынын ою боюнча, сурамжылоодо алар чындыкты айтпагандыктан, шайлоонун натыйжасы соцкызматтар берип жаткан маалыматтан таптакыр башкача чыгышы мүмкүн.

2017-жылдын апрелинде өткөн референдумда парламенттик республикадан президенттикке өтүү жактырылган. Бул жекшембиде шайлоочулар ким президент болоорун жана кайсыл партиялар парламентке кирээрин чечишет. Бул добуш берүү, акыркы 16 жылда өткөн бардык шайлоону жеңип келе жаткан, Эрдогандын саясий тагдырындагы эң оор күн болмокчу.

Эрдогандын эң начар шайлоо компаниясы

Эрдоган 2002-жылкы парламенттик шайлоонун утуп чыккандан бери бирге келе жаткан “Адилет жана өнүгүү партиясы” (АӨП) да бул татаал күнгө даярданып жатат. Коомдук пикирди изилдеген Metropoll институнун негиздөөчүсү жана башчысы Эзер Сенкар 25 жылдан бери Режжеп Таййып Эрдогандын саясий карьерасына көз жүгүртүп келет.

“Ал буга чейинки бир да шайлоо кампаниясын быйылкыдай начар өткөргөн эмес”, - деп эсептейт Эзер Сенкар. Анын айтымында, учурдагы түрк лидеринин келечекке карай стратегиясы менен жаңычыл ою калган эмес. Сенкардын баамында, шайлоочуларынын алдына чыгып сүйлөгөн Эрдоган чарчап чаалыккан жана кайдыгер киши сыяктуу көрүнө баштады.

“Ал буга чейинки элдин алдына чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө мынча ката кетирчү эмес”, - деген эксперт, Эрдогандын бийлигин сактап калышына күмөндүү карайт. 16 жылдан бери бийликте келе жаткан түрк лидеринин эң чоң ийгилиги өлкөнүн экономикалык өсүүсү болгон. Акыркы 15 жылда түрк жаранынын жылдык кирешеси 3500 доллардан 10 000 долларга чыгып, бардык жерде курулуш байкалат.

Түркиянын экономикалык көйгөйөрү тереңдеп барат

Учурда түрк экономикасы чабалдап турат. 2016-жылдагы ишке ашпаган аскердик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген өзгөчө кырдаалдан бери түрк лирасынын куну 30 пайызга төмөндөп кетти. Чет элдик инвестициялар тез тартылып, дүйнөлүк каржы базарлары түрк экономикасынан чочулап турган кез.

Диний ишенимге шылтоо кылып Бобордук банкынын насыя пайызын арттыруусуна каршы чыгып келген Эрдоган, инфляцияны ооздуктап, улуттук валютанын арзандоосун токтотуу үчүн үстөктүн жогорулоосу менен макул болгондой.

“16 жылдан бери биринчи жолу Эрдоган ийгиликтери менен мактана албай турат, ал экономикасын башкара албай калды. Билим берүү жана саламаттык сактоодогу көйгөйлөр артып барат”, - деп белгилейт Сенкар. Түркиянын эли экономикалык кризисти жон териси менен сезе баштады. Ошондуктан алардын көбү Эрдогандын шайлоо кампаниясына кайдыгер карап калды.

Түрк оппозициясынын үмүтү

Аналитик Гүлфем Сайдан Санвер шайлоочуларга өз идеяларын жеткирүүсү Эрдоганга барган сайын оорлошуп бара жатат деген ойдо. Ал учурунда бийликтеги АӨП партиясынын ийгиликтерине байланыштуу изилдөөсү үчүн Америкалык саясий кеңешчилердин ассоциациясынын Pollie Award сыйлыгын алган.

Эрдогандын бир гана актёр – ал өзү гана катышкан саясий оюнга киргендиги, өз партиясынын ичинде да ага болгон колдоону азайтты деп эсептейт Санвер. “Партиясынын съезддеринде сүйлөгөндө ал дайыма жалгыз. Ал өз партиялаштарына да ойлору менен идеяларын жеткире албай калды”, - деп эсептейт Гүлфем Сайдан Санвер.

Ал арада “Элдик республикалык партиянын” (ЭРП) президенттикке талапкери Мухаррем Инже сурамжылоолорго караганда рейтингин 30 пайызга чейин көтөрө алды. Оппозициянын бул шайлоодо жеңип чыгаарына ишеними да, мүмкүндүгү да жогорулады. “Эрдоган улутчул консерватор шайлоочулардын коркууларына ойноого аракеттенүүдө”, - деп түшүндүрөн Санвер. Ошондуктан акыркы сөздөрүндө Ирактын түндүгүндөгү күрддөргө каршы согуштук операцияга бараарын айта баштады. Мунусу менен ал шайлоочуларын бийлик алмашуу коптуу деп коркутуп, жеңишке жетүү мүмкүдүгүн арттыруу аракетинде.

Түркияда күчтүү президенттик система ишке ашпай калабы?

Акыркы сурамжылоолорго караганда Эрдогандын биринчи турда жеңип чыгуу мүмкүндүгү жогору. Бирок анын АӨПүнүн “Улуттук кыймыл партиясы” менен түзгөн альянсы жакшы добуш ала албай, парламенттеги көпчүлүктөн кол жууп калышы мүмкүн.

Шайлоо алдында төрт оппозициялык партия Эрдоганга каршы альянс түзгөн. Эгер алар парламенттин көпчүлүгүн калыптап калса, Эрдоган жогорку мыйзам чыгаруу органынын колдоосунан кол жууйт. Мындай болсо, түрк оппозициясы чочуп турган, диктатурага жакын күчтүү президенттик система Эрдогандын кыялында гана калат дешет эксперттер.

Эгер АӨП парламенттик көпчүлүктөн ажыраса, Эрдоганды оор күндөр күтүп тураарына Гүлфем Сайдан Санвер да макул. Өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери ал өлкөнү токтомдору менен башкарып келе жаткан. “Эгер бийликтеги АӨП парламенттик көпчүлүк болбой калса, Эрдоган бийлигинин бир бутагынан ажырап, президенттик башкаруу алсыздашат. Ал эффективдүү президент боло албай, парламенттик бийлик менен эсептешип калат”, - деп жыйынтыктады эксперт.

Deutsche Welle, Дүйнө