Жорум

ЖРТДАН 110 БАЛЛ АЛА АЛБАГАН ҮМҮТСҮЗ 20 МИҢ ЖАШКА ЭМНЕ БОЛОТ?

21 июня 2018 г. 7:53 10663

Менин оюмча, жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) эч качан жоюп салбаш керек. Себеби, бул жогорку окуу жайга (ЖОЖ) өтүүдө коррупцияга бөгөт коюунун бирден бир жолу жана сапаттын жогорулашына өбөлгө. Бул тест өзүнүн натыйжалуулугун 2002-жылдан бери тастыктады. ЖРТны алып салуу — коррупциялашкан ЖОЖ ректорлорунун жана жетекчилердин эле чөнтөгүн толтурат.

Акыркы күндөрү коомдун көз жаздымында калып кеткен маселе бар. Бул тема популярдуу футбол чемпионаты же чуулгандуу коррупция, Бурулайдын өлүмүнчөлүк талкууланбашы мүмкүн. Бирок 20 миңдей үй-бүлөнү кызыктыргандыктан маанилүү.

14-июнда КР Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТ жыйынтыгын жарыялады. Маалыматка ылайык, ЖРТнын негизги тестине жалпы 45607 адам катышып, 29049 адам кыргыз тилинде, 16558 адам орус тилинде тапшырган. Тарых сабагынан 24963 адам, биологиядан 14309, химиядан 10 922, математикадан 10 624, англис тилинен 9674, физикадан 5541 адам тест берген. 2018-жылы ЖРТ катышуучуларынын орточо баллы 119,4 болуп, 2017-жылга салыштырмалуу 2 баллга көтөрүлдү. Орточо балл 2017-жылы – 117,8 балл; 2016-жылы – 115,4; 2015-жылы – 114,9; 2014-жылы-104,9 болгон. 110дон жогору балл алып, ЖОЖдорго тапшыруу укугуна ээ болгондор 26 180 адамды же тесттин катышуучуларынын 57%ын түзсө, 110 баллдык барьерди өтө албагандар 19427 адамды (же жалпы катышуучулардын 43%!!!) түзгөн.

Медиа бул тема боюнча айсбергдин суу үстүнөн көрүнгөн тарабын чагылдырды. Коомчулук ЖРТда эң жогорку балл алган 59 окуучу жөнүндө гана сөз кылды. Алардын 32си кыз бала болсо, 27си эркек бала. Жогорку балл алган же алтын серфтификатка ээ болгон 59 окуучунун 43ү Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүсү, 16сы гана региондордон. Тактап айтканда, Ош шаарынан — 4, (калкы эң көп Ош облусунан бир да алтын сертификат жок!), Ысык-Көл облусу – 3, Нарын облусу – 3 (үчөө тең Ат-Башы районунан), Талас облусу – 2,Чүй облусу – 2, Жалал-Абад жана Баткен облусунан 1ден окуучу алтын сертификатка ээ болду.

Бишкек шаары менен региондордун ортосунда ажырым абдан чоң экени байкалат. Каршы аргумент айтылышы мүмкүн. Ал мындай – республика боюнча мектептер 4 категорияга бөлүнөт: 1) Бишкек шаарындагы мектептер; 2) областтык борбордогу жана чакан шаарлардагы мектептер; 3) айылдык мектептер жана 4) бийик тоолуу аймактагы мектептер (2006-жылы ушул категория да кошулган). Бүгүнкү күнгө чейин 5000дин айланасындагы гранттык (бюджеттик) орундун 60-67% айылдык мектеп (Бишкек шаарынан башка) бүтүрүүчүлөрүнө берилип келет. Тагыраагы, 2017-жылдагы статистика боюнча 4561 бюджеттик орундан 1) 821и (21,7%) Бишкек шаарындагы мектеп бүтүрүүчүсүнө; 2) 664ү (17,9%) областтык борбордогу жана чакан шаарлардагы мектеп бүтүрүүсүнө; 3) 2171и (46,3%) айылдык мектеп бүтүрүүчүсүнө; 4) 867си (14,1%) бийик тоолуу аймактагы мектеп бүтүрүүчүсүнө жана 38и Казакстан, Тажикстан, Орусия сыяктуу өлкөдөн тапшырган бүтүрүүчүлөргө бөлүштүрүлгөн. Мурдагы жылдарда да ушундай квота сакталган.

Алтын сертификатты мектептердин деңгээлинде карай турган болсок, Бишкек шаарындагы №61 физика-математика мектеп-лицейинин окуучулары 12 алтын сертификат менен алдыга чыккан. Бишкектеги №70 мектеп-гимназия – 6, Бишкектеги «Айчүрөк» лицейи (Сапат) – 4, АУЦА-Билимкана-3, Таластагы«Манас Ата-Сапат» балдар лицейи — 2, Ч.Айтматов балдар лицейи (Сапат) -2 , Караколдогу Х.Карасаев лицейи (Сапат) – 2 ж.б.у.с уланат.

№61 мектептен алтын сертификат алгандар кантип көп чыгат деген суроого бул мектептин илгертен келген калыптанган окуу процесси жана ЦООМОдо (Тестти түзгөн мекеме) иштегендер ушул мектепте да сабак беришкендиктен кааласа каалабаса окуучуга таасири болору айтылып келет. Ал эми билим берүүнүн флагманы Сапат билим берүү мекемесинин лицейлеринин окуучулары жалпысынан 14 алтын сертификатка ээ болушкан.

Негизи, жарыш болгон жерде баары ийгиликтүүлөрдү сүйлөшөт эмеспи. Бишкекте же шарты жакшы мектепте окуган окуучунун жогорку балл алышы нормалдуу көрүнүш. Бирок Нарын облусунан тоолуу Ат-Башы районунун 3 башка мектебинен 3 окуучунун алтын сертификат алышы чынында алкышка татыктуу!

ЖРТ – татыктуулардын социалдык-экономикалык статусу же жашаган жерине карабай ЖОЖго бюджеттик негизде окуй алышына чоң өбөлгө жана кепилдик. Тестти уюштурган мекеме: “Бул тест мектепте алган билимди толук өлчөбөйт, бирок баланын ЖОЖдо окуп кетүүсү үчүн логикалык ойлонуусу, речтик ойлонуусун өлчөгөн жана адилеттүүлүктү сактаган инструмент”, - деп белгилейт. Макул болбой коюу мүмкүн эмес.

Жогорудагылар медалдын бир тарабы эле. Эми медалдын башка тарабына келели. Баланын билимдүү же билимсиздигин ЖРТ баллына карап шарттуу баалай турган болсок:

0-60-109 балл – эң төмөн деңгээл;

110-149 балл – канааттандырарлык деңгээл;

150-199 балл – жакшы деңгээл;

200-249 балл – жогорку деңгээл.

Буга карап туруп, 2009-жылдан бери ЖРТда 110 баллдан аз алгандардын (саны жана % өлчөмү) тенденциясы төмөндөгүдөй:

ЖРТга 2009-жылы 33579 адам катышып, 110 баллдан аз алгандар 13491 (40%) түзгөн.

2010-жылы 30269 адам катышып, 110 баллдан аз алгандар 12680 (41%) ,

2011-жылы 39525 адам катышып, 110 баллдан аз алгандар 17470 (44%),

2012-жылы 55546 адам катышып, 110 баллдан аз алгандар 26034 (46,8%),

2012-жылдан баштап 110 баллдан төмөн алгандар ЖОЖго окуй албайт деген эреже киргизилген.

2013-жылы 52777 адам катышып, 110 баллдан аз алгандар 24969 (47 %),

2014-жылы 53200 адам катышып, 110 баллдан аз алгандар 28654 (53,8%)

2015-жылы 53048 адам катышып, 110 баллдан аз алгандар 20751 (39%)

2016-жылы 52039 адам катышып, 110 баллдан аз алгандар 19671 (37%)

2017-жылы 48449 адам катышып, 110 баллдан аз алгандар 15909 (32,8)

2018-жылы 45607 адам катышып, 110 баллдан аз алгандар 19427 (42,5%)түзгөн.

Быйыл ушул 20 миңге жакын баланын ЖОЖго окуу кыялы да ишке ашпайт.

Бир жылда 11-классты орточо 60-65 миң окуучу бүтүрөт экен. Быйыл т.а 2018-жылы 9-классты бүтүргөндөрдүн саны 93 874 болсо, 11-классты – 59 463 окуучу бүтүргөн. Акыркы жылдары 9-класстан кийин кесиптик-профессионалдык лицейлерге тапшыргандар көбөйүп баратканын адистер белгилешет. 9-класс бүтүрүүчүлөрү менен 11-класс бүтүрүүчүлөрүнүн санынын ортосундагы айырма ошол себептен. ЖРТга былтыры же мурдагы жылдары мектепти бүтүргөндөр катышканын эске албаганда деле 60 миңдей бүтүрүүчүнүн 14 миңдейи ЖРТга катышкан эмес. 14 миң деле аз сан эмес. Албетте, келечегин бир гана ЖРТга байлабай же баары эле жогорку билимдүү болууну туура көрбөгөндөр да бардыр. Болгону, болжолдоого мүмкүн. Алардын кээ бири кесиптик-профессионалдык лицейге же чет өлкөдөгү ЖОЖго окуйттур, же Москвага барып иштейттир…. А бирок жогорку билим алам деп 45607 адам тапшырып, анын 20 миңдейи 110 баллга жетпей ЖОЖго өтүү үмүтүнөн да кол жуушу маанилүү көйгөй эмеспи? Бул билим берүү сапаты төмөндүгүнүн белгиси эмеспи?

Окуучулардын билим деңгээлин өлчөгөн эл аралык абройлуу PISA (The Programme for International Student Assessment) сынагына кыргыз окуучулары 2006 жана 2009-жылдары катышып, 65 өлкөнүн ичинен 65-орунду алган. Кийинки жылдары бул сынакка катышуудан бийлик тарабынан баш тартылган. 2018-жылдын 16-мартында министр Г. Кудайбердиеванын “PISAга сөзсүз кайтабыз” дегени үмүт берет. Рейтингде акыркы орунду алсак дагы PISA аркылуу билим берүү системабыз эмнеден өксүп жатканын жана кандай өзгөрүү болуп жатканын ар 3 жылда өтчү бул сынак аркылуу анализ кылууга мүмкүн болот.

Маселеге кайтсак, ЖРТны акыркы 10 жылда катышкандардын 15% жакшы деңгээлде (150-199 балл), орточо 2-3% (200 баллдан жогору) жогорку деңгээлде тапшырыптыр. Мындай айтканда 100 баладан 2-3 бала эле жогорку баллы менен мактана алат.

Дагы кайталайм, ЖРТны эч качан алып салбаш керек. Бул ЖОЖго өтүүдө коррупцияны алдын алган бирден бир ыкма. Бул тест өзүнүн эффективдүүлүгүн 2002-жылдан бери тастыктады. ЖРТны алып салуу өлкөдөгү 56 ЖОЖ ректор жана жетекчилердин эле жеке чөнтөгүн толтуруп, коррупцияны арттырат (Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык өлкөдө 31 мамлекеттик, 19 жеке менчик жана 6 чет элдик ЖОЖдун филиалы бар). Кыргызстандагы ЖОЖдор план боюнча жылда 17-18 миң окуучу кабыл ала алат. Сырттан келген чет элдик жана сырттан (дистанциондук) же экинчи жогорку окуу менен дагы 17 миңдей кабыл алынат. Бирок ЖОЖдорду толтуруш үчүн же 20 миң окуучунун психологиясы бузулбасын деп эле 110 баллдык барьерди алып салуу да туура эмес. ЖОЖдо окуш үчүн кандайдыр бир деңгээл керек…

ЖРТдан 110 балл алалбай калгандардын басымдуу бөлүгүн айыл жергесиндеги абитуриенттер түзөт. Шаарда ЖРТга даярдык курстарын кеңири, бирок айылда ЖРТга даярдык курсу барбы? Айылда шарт барбы? Шаардагылардын көпчүлүгү 110 баллды өткөн үчүн контракттык негизде болсо да ЖОЖдо окуу мүмкүнчүлүгү бар. Бишкек шаарынан тапшыргандардын негизги тесттен орточо баллы 130 жана жогору балл. Ал эми айылдык (региондор) мектептердин орточо 109-110 балл болгондуктан алардын ЖОЖдо окуу мүмкүнчүлүгү жана үмүтү да жоголот.

110 баллдан өтпөй калгандардын психологиялык абалын “ЖРТдан өтпөй калдым, эми эмне кылам? Жогорку билим алууга укугум жокпу? Ата-энеме кантип айтам? Москвага кетсемби? Досторумдун алдында кантип жүрөм?” – сыяктуу суроолор менен сүрөттөөгө мүмкүн. Чет өлкөдөгү кээ бир мамлекеттерде ушундай абалдан улам бүтүрүүчүлөрдүн өз жанын кыюуга чейин барган окуялары катталган.

Бул макалада 110 балл ала албаган 20 миңге жакын баланын сапатсыз билимин тастыктап эле койбой, алардын жашоодон үмүтүн өчүрбөштүн жолун жогорку мамлекеттик деңгээлде кароо керек экенин айткым келди. 20 миң бала деген 20 миң үй-бүлө, ар бир ата-эне кызын же уулун жашоодо өз жолун таап кетишин каалайт. Ал үчүн мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында адаттан сырткаркы чараларды көрүү керек. Негизи, билим берүү системасын оңдош үчүн мугалимдердин моралдык да, социалдык да статусун (мотивациясын) көтөрүү зарыл. Тактап айтканда, биринчи кезекте мугалимге көңүл бурулушу керек. Өнүккөн өлкөлөр билим берүү системасын мына ушинтип трансформациялап гана өнүгүптүр.

Мектепти бүтүрүп, келечектеги кесибин тандап, кыял куруу алдында турган мындай жаштарга кантип үмүт берүү керек? Бул абдан олуттуу маселе эмеспи? Жаштардын келечекке ишенимин арттырып, ар тараптуу өсүшүнө жардам берүүгө башкача өңүттөрдөн карап, жол көрсөтүү үчүн кеч калбадыкпы?