Ара жолдогу мамлекет

Арменияда эбегейсиз коррупциялык иштер ачыла баштады

20 июня 2018 г. 9:20 1096

Армениянын парламенти генерал Григоряндын депутаттык кол тийбесигин алып салды. Анын кылмыш иши жаңы бийликтин паракорлукка каршы ачкан күрөшүнүн бири гана көрүнүшү

Шейшемби 19-июнда Армениянын парламенти бийликтеги Републикачыл партиянын мүчөсү Манвел Григорянды депутаттык кол тийбестигинен ажыратты. Генпрокуратура ага каршы кылмыш ишин ачып, аны камакка алууга уруксат алды. Григоряндын иши премьер-министр Никол Пашинян 2018-жылдын 8-майында бийликке келип, арам кекиртектикке тиешеси барларга каршы ачтырган иштердин эң ириси.

Генерал Григорян аскерлердин азыгын уурдаган

Армян коому бир нече күндөн бери дүрбөп жатат. Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) генерал-дейтенант Манвел Григоряндын особнягы менен дачасындагы тинтүүлөрдүн тасмасын жарыялаган. Тинтүүдө мина, граната, тротил шашкалары, автоматтар, түрдүү калибрдеги октор сыяктуу курал-жарак кору чыккан. Бул эки жерде эле “Ролс Ройс”, “Тойота”, “Хаммер”, жол тандабастар, карда жүрүүчү унаалар, кымбат баалуу эски автолор, тез жардам жана согуштук унаалар бар 33 техника чыккан. Он миллиондогон армян драмы (1$ = 482 драм) менен жүз миңдеген накталай доллар табылган.

Бирок 2000-2008-жылдары Армениянын коргоо министринин орун басарлык милдетин аткарган генералдын турак жайларынан армяндар басып алган Тоолуу Карабак менен азербайжан армиялары ортосундагы 2016-жылдын арпелиндеги кагылышууда армян жоокерлерине жөнөтүлгөн жүздөгөн куту азык-түлүк, медициналык шаймандар, байпак, бут кийим жана ич кийимден турган аскердик формалар чыкканы армяндарды дендароо кылып салды. Уютулган ширин сүт жана консервалар салынган кутулардан мектеп окуучуларынын жоокерлерге жазган каттары табылган. Убагында согушка катышкан генералдын гуманитардык жардамды уурдаганы айдан ачыктай.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Ашот Меликяндын айтымында, Манвел Григоряндын укуксуз иштеринен мурунку бийликтин кабардар болбогону шектүү. Ал, деп эскертет эксперт, бийликтеги Республикалык партиясынын атынан депутат гана болбостон, уулун Эчмиадзин шаарынын мэрлик макамына олтургузган.

“Бара-бара генерал бул шаар менен чеке-белиндеги айылдардагы көзгө көрүнөөр бизнесинин баарын колуна алып, өзүнө жаккан тартип орноткон. Эрежелерине терс келген кишинин баарын элди каратып туруп жазалагандыктан, аны тизгиндейм деген эч ким чыккан эмес”, - дейт Меликян. Мындай иштердин бети ачылуусун, паракорлук менен күрүшүү көрсөтмөсү эмес, аны жок кылуунун узак мөөнөттүк программасы деп түшүнсө болот деген пикирде ал.

Уурдалган акчалар Армениянын бюджетине түшүүдө

Генерал Григорянга байланыштуу скандал Никол Пашиняндын өкмөтүнүн арам кекиртектик жана көмүскө экономикасы менен күрөшүүсүнүн бир эле көрүнүшү. Эң ири “Ереван сити” супермаркет чынжыры колдонуп, жылдар бою салыктан качып келген коррупциялык схемасын таап чыкканын УКК билдирген. Ири компаниялар 20% кошумча нарк салыгын төлөбөш үчүн товарларын жүздөгөн майда ишкерге каттатып, 2%дык салык гана чегерип келген. Ири бизнесмендер өкмөттү оор абалда калтырыш үчүн бааларды көтөрүүө аракет жасашкан, бирок премьер-министр калкты алардан товар албай коюуга үндөгөндө, бул арам ойлорунан баш тартууга аргасыз калышкан.

УККнын кызматкерлери жүк ташып, аларды бажыда каттаткан “Норфолк Консалтинг” компанисы бюджетке 7 млн доллар төлөбөй койгонун таап чыккан. Тергөө боюнча, ал Арменияга импорттолгон товарларды бажыдан өткөзчү эмес. Мындан салык алынбай, ошондой эле товар алып кирген ишкерлер жапа чегишкен. “Норфолк Консалтингдин” колго түшүрүлгөн жетекчилери мыйзамсыз кытып калган сумманын баарын кайтарып берүүнү милдеттеништи.

Борбордун мериясынын алдында иштеген “Ереван” фондуна да кылмыш иши ачылган. Тергөө учурунда бизнес ачкан, кыймылсыз мүлктү алып-саткан тараптар фондго каражат которуп келишкени, аларды атка минерлер сол чөнтөккө солоп жүргөнү билинген.

Армениядагы “ири тазалоо”

Саясий жана эл аралык изилдөөлөрдүн армяндык борборунун серепчиси Рубен Меграбяндын айтымында жаңы бийликтин криминал жана паракорлук менен күрөшүү ыкчамдыгы таң калтырат. Негизги соккулар мурунку бийликти бизнес менен байланыштырып турган ишкер-аткаминер, күч органдарындагы ишкерлер, текшерип уруксат берген мекемелердеги ишкерлерге урулганы өтө маанилүү деп эсептейт ал.

Учурдагы кылмыш иштери мурунку бийликтин аброюна катуу шапалак уруп жатат деп ишенет Меграбян: “Ачылган алдамчылык, кылмыш иштери жана алар тууралуу тасмалар жыйырма жылдан бери айтылып келген мекенчилдик, мамлекеттик кызыкчылык жана аң-сезим деген сөздөрдүн курулай жалган экенин көрсөттү. Анын баары нөл экени, мамлекеттик машинанын кыймылдаткычы арам кекиртектик менен колу туткактык оорусу экени билинди”.

Башталган “ири тазартуу же генералдык тазартууну” коомдун бардык катмары колдоп чыкты. “Негизги соккулар жакында урулат деген ойдомун. Алар: мурунку президенттер Кочерян менен Саргсянга, Коргоо министрлиги менен башка күч, бажы жана укук коргоо органдарына жакын бизнес-структуралар, түрдүү даражадагы салык төлөбөчүлөр”, - деп божомолдойт Рубен Меграбян.

Пашинян: “Мен макулдашууга барбайм”

Болуп жаткан окуялар боюнча түз эфирге чыккан Никол Пашинян компромисстерге барбашын минтип билдирди: “Мен эртеден кечке макамымды кантип сактап калам деп ойлонуу үчүн эмес, элдин ишенимин толук актоо үчүн премьер-министр болдум. Эл мага бул мандатты өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн орнотуп, арам кекиртектикти жойсун деп берди”. Премьер максаты болгону: “Армения паракорлуктан арылган мамлекет болушу керек”, - экенине ишендирип кетти.

Deutsche Welle, Дүйнө