Батыш

​АВСТРИЯДА МЕЧИТТЕР ЖАБЫЛАТ

19 июня 2018 г. 13:08 654

Австриянын федералдык өкмөтү жети мечитти жаап, өлкөдөн ондогон имамды чыгармакчы. Венада пресс-конференция берген федералдык канцлер Себастьян Курц: “Биздин өлкөдө параллель коомдорго, саясий исламга жана раликал агымдарга орун жок”, - деп айтты.

Төрт мечит өлкөнүн борбору Венада, дагы үчөө башка аймактарында жабылмакчы. Сырттан каржыланды делген 40 имам текшерүүгө тартылган. Ички иштер министри Харберт Киклдин айтымында эки имамды депортациялоо чечими буга чейин эле чыгарылган. Мындай катуу чара 2015-жылы кабыл алынган ислам жөнүндө мыйзамга негизделген. Бул мыйзамдын беренелеринин бири диний коомдордун сырттан каржылануусуна тыюу салат.

Европанын эң жаш (учурда 32де) премьер-министри Себастьян Курц өткөн жылдын декабрында Австриянын элдик партиясынын (АЭП) атынан федералдык канцлер макамына дайындалган. Шайлоо учурунда берген миграцияны болушунча чектөө, өлкөдө турууга уруксат албаган башпаанек сурагандарды мамлекеттен тез чыгаруу жана радикалдуу ислам менен күрөшүү убадалары АЭПтин утуп чыгуусун камсыздаган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында мечиттердин биринде кичине балдар Биринчи дұйнөлүк согуштун көрүнүштөрүн сахналаштырганда өкмөт бир нече мечит менен диний кызматкерди текшерүүгө алган. Анда Түркия жеңип чыккан салгылашуу көркөмдөлүп, балдар ошол кездеги согуштук форманы кийип, марш тээп, түрк байрактарын булгалашкан. Балдардын бир бөлүгү курман болгон аскерлердин ролун ойношкон. “Салгылашуунун” сүрөттөрү фейсбукка коюлуп, нааразылыктар арта баштаганда өчүрүлгөн.

Учурда Австрияда иштеген 260 имамдын 60ы шектүү деп табылган. Текшерүүгө алынган ислам динаятчынын баары Австрияда маданий жана коомдук кызматташуу боюнча түрк-исламчыл ассоциацияга таандык болуп чыгышкан. Бул коом Австрияда 60 уюмду камтыйт жана түрктөрдүн мамлекеттик Diyenet мекемеси, б.а. өкмөтү менен байланышы бар. Жабылат деген мечиттин биринин имамы болсо түрктөрдүн ашкере улутчул “Боз бөрү” уюмунун таасири алдында калган деп шектелүүдө.

Учурда Австрияда 360 миң түрк жашап, алардын 117 миңи Түркиянын жараны. Эки өлкөнүн жогорку саясий даражадагы карым-катнашы чыңалуу доорунан өтүп жатат. бул жекшембиде, 24-июнда өтүүчү Түркиянын президенттик жана парламенттик шайлоосуна карата угут иштерин жүргүзүүгө Вена мэрдиги тыюу салды.

Түркиянын президенти Рэжжеп Таййып Эрдоган Австриядагы мечиттердин жабылуусу менен имамдардын депортациясын, албетте шайлоо митингдеринде колдонду. “Австриянын федералдык канцлеринин мындай кадамдары жаңы чырым жортуулдарына жол ачат деп корком, - деди бул кабарды уккан Эрдоган, андан кийин коркутуу маанайында төмөнкүчө кошумчалады - Силер ушундай кылсаңар, биз эч нерсе деп жооп бербестен карап турат деп ойлойсуңарбы? Биз да бир нече кадамга барабыз”.

Бирок австриялык өкмөт “саясий исламга” олуттуу чараларды көрмөкчү. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 160 чамасындагы жыхадчы согушуу ниетинде Австриядан Сирия менен Иракка чыгып кеткен. Жыхадчылардын көбү Чеченстандан, бир бөлүгү мурунку Югославияга кирген мамлекеттерден көчүп келгендер. Өткөн жылдын ноябрында полистер Венада 14 шектүү кишини камашкан. Алардын бири учурда бийлик жабам деп турган мечиттердин биринин имамы. Имам жаш жигиттерди жыхадга – исламдын баалуулуктарына каршы чыккан дин душмандары менен куралдуу күрөшкө чакырган.

Жалпысынан Австрияда түрк, босниялык, араб, чечен жана башка улуттардан турган беш жүз миңге жакын мусулман жашайт. Алардын үчтөн бири австриянын парламенти Бундестраттын депутаты, “жашылдар” партиясынын мүчөсү Эфгани Денмец сыяктуу Австриянын жараны. Бундестраттын өкүлү айткандай, өлкөдө Сауд Аравиясы, Түркия жана башка өлкөлөр уюштуруп жана башкарган көптөгөн диний уюм жана мечиттер ачылган. “Бул өтө коркунучтуу тенденция”, - деп ишенет Эфгани Денмец.

Ислам жөнүндө мыйзамы дал ушундай таасирди азайтуу максатында диний коомдордун чет жактан каржылануусуна тыюу салган. 2017-жылы ички иштер министри макамында турган кезинде эле Себастьян Курц: “Биз имамдарды өзүбүздүн университеттерде даярдап, сырттан келген насаатчыларды азайтабыз”, - деген. Австриялык өкмөттүн пикири боюнча имамдардын көбү түрк өкмөтүнүн кызматкери, ошондуктан “жамааттагыларга диний гана эмес, саясий да пикир берип жатышат”.

Учурдагы канцлердин ишениминде ислам тууралуу мыйзам “мусулмандардын укугун аныктап, австриялык мүнөздөгү исламдын өнүгүүсүнө жардамдашат”. Бул мыйзам мамлекеттик укукту диний укуктан жогору коюп, беренелеринде Курандын тогуз заманбап жорумун немис тилине которуну милдеттендирип, диний насаат бергенде зомбулукка чакыруунун бардык түрүнөн алыс болууга үндөйт.

Ирина Фролова, Русская Германия, Германия