Ислам дүйнөсү

​Келечек аптадагы түрк шайлоосу: Атайын кызматы Эрдоганга каршы иштеп жатабы?

18 июня 2018 г. 15:35 1118

Түрк президенти Режжеп Таййып Эрдоган өзү жана партиясын бийликтен кетирем деген негизги оппозициялык партиянын митингдерин Улуттук чалгындоо мекемесинин (УЧМ) кызматкерлерине аңдытып жатканын айткан. Эрдогандын негизги атаандашы Мухаррем Инже: “Артымдан аңдыткан УЧМ кызматы, 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракети тууралуу кабарды жездесинен уктум деген адамга (Эрдоган), менин митингим жөнүндө кабар жеткириптир”, - деп мазактаган.

Мындан Түркиянын атайын кызматы бир адам жана анын партиясы үчүн кызмат кылып калганы ачык билинди. Мамлекеттин ички жана сырткы коопсуздугун камсыздоосу керек болгон УЧМ бийликтин атаандаштарынын митингдерине келген он миңдеген адамды аңдып калган.

Бул окуя тууралуу Нью-Йорктогу көз карандысыз журналист Адем Явуз Аслан: “Ооба, бул түрк атайын кызматынын жалгыз иши. Анткени биз адаттагы атайын кызмат тууралуу сөз кылган жокпуз. УЧМ Эрдоган үчүн эң маанилүү мекеме. Акыркы он жылдын бюджетин карасак, бөлүнгөн каражат эбегейсиз арткан жалгыз уюм – УЧМ. Бардык ишти чалгындоо кызматына тапшыруу диктаторлукка оогон мамлекеттердин негизги өзгөчөлүгү. Ошондуктан Эрдогандын сөзүнө таң калбай эле коюш керек. Ал болгонун болгондой эле айтты”, - дейт.

Учурда түрмөдө жаткан журналист Мехмед Барансу бул тууралуу жазып чыкканда УЧМдин кодулоосуна кабылган. Барансунун изилдөөлөрү боюнча түрк атайын кызматы 2012-жылдан бери Түркиядагы ар бир маселе УЧМдин көзөмөлүнө берилген.

“Мен муну өз башыман өткөрдүм, - дейт Адем Явуз Аслан. – Бир убакта операция болуп, түрдүү дары-дармек ичкем. Андан бир аз өтпөй, Эрдоганга жакын бир адам өзүнүн интернеттеги башка ысымга ачкан дарегинен мени коркутуп, колдонгон дарыларымдын аталыштарын жазган”.

Мындан улам чалгындоо кызматы ушунчалык майда-барат маселелерден бери кийлигишип аңдыган мамлекетти күчтүү мамлекет катары карап албаш керек. Тескерисинче, бул жагдай мамлекетти башкаргандардын алсыздыгынан, башка саясий же коомдук күчтөрдөн катуу корккондугунан кабар берип турат.

Атайын кызматтын башына өз адамын алып келген саясий авторитет бардык нерсени көзөмөлгө алдым деп ойлобошу керек деген пикирде Kronoshaber.com сайтынын журналисти Доган Эртугрул. “Ар бир мамлекеттин чалгындоо кызматындагыдай эле түрк УЧМында да түрдүү топтор бар. Алардын ар бири өзүнчө максат коюп, ошого жараша иштейт. Мындан сырткары Эрдогандын түрк чалгындоо кызматына алып келген Хакан Фидан канчалык анын кишиси деген да суроо турат. Анткени бул кызмат оппозициялык бир партия экинчисине 15 депутатын өткөрүп берип, шайлоодогу 10 пайыздык тосотту аттап өтөөрүн кантип билбей калды? Фидандын Эрдоганга каршы материалдарды топтоп жүргөнү, заманы келгенде аларды колдоноору сыр эмес, буга чейин бир нече жолу айтылган чындык”, - дейт.

“УЧМдын башчысы мындай кадамдарга бараарына да таң калбаш керек, - деп оюн улайт Доган Эртугрул – Анткени атайын кызматыңа бардык саясий авторитеттердин үстүнөн иштегенге уруксат берсең, анын өзүңө да компромат топтооруна кайыл болууң зарыл”.

Бул маселеде Адем Явуз Аслан да Эртугрул менен бир пикирде. Анын айтымында, атайын кызматтын түрдүү иштер менен алек болгон топтору бири-биринин кайсы маселе үстүндө иштеп жатканын билбеши шарт. “Ошондуктан адал-арамына карабай, көзү көрүп, колу жеткен жердин баарынан акча тапканга аракет кылган Эрдогандын түбүнө УЧМ жетээрине бөркүмдөй ишенем. Анткени ага жана жакындарына жүз миллиондогон доллар пара берген ирандык ишкер Реза Заррабдын АКШга эс алууга барганда кармалып калышы мүмкүн экени тууралуу маалыматты да атайын кызматы Эрдоганга берген эмес”. – дейт Нью-Йорктук журналист.

Эрдоган утулуп калуудан канчалык коркот

Өткөн аптанын этегинде Таййып Эрдогандын Стамбулдун махалля (квартал) башчылары менен өткөргөн жыйналышы Интернетке жайылып кеткен. Анда түрк президенти: “Жолдоштор, ХДП (күрддөрдүн) партиясына каршы партиябыз башкача иштеш керек болуп калды. Муну сыртта сүйлөбөйм. Бул жерде силер менен гана сүйлөшөм... Бул ишти башталаары менен бүтүргүлө. Алар барьерден өтпөй калганы биздин ишибизге жарап берет. Силер кимдин ким экенин жакшы билесиңер, ошого жараша ищтешиңер шарт”, - деп сүйлөгөнү жазылып калган.

Эрдогандын бул сөздөрүн талдаган Доган Эртугрул айтылган кеп көп тараптан коркунучтуу деген ойдо. “Жалпы журттун ажосу махалля башында турган мамлекеттик чиновниктердин алдына чыгып, оппозициялык партияны барьерден өткөрбөй коюуну адаттагы бир нерсе сыяктуу сунууда. Мурунку шайлоодо 10 пайыздык барьерден өтүп, миллиондогон добуш топтоп 60-70 депутат чыгара алчу, ошол эле убакта күрд калкынын маселесин чечүүдө сүйлөшүү тарабы болгон партияны парламенттен чыгарып салууга үндөп жатат. Экинчиден, өз партиясына бекем байланган күрд шайлоочусун өз партияңа кантип добуш бердиртесиң. Эрогандын сөзүнүн төркүнөндө ачык эле коркутуу жатат. Шайлоо сандыгын көзөмөлдөөчү кишилерге түрк президентинин “Бул ишти башталаары менен бүтүргүлө” дегенинде, шайлоо сандыгынан кандай натыйжа чыкса да Эрдоган айткандай “туураланышы” керек деген маани бар”.

Бул фактыга күрд партиясынын лидери Салаатдин Демирташ менен ондогон депутаты түрмөгө солонуп, буга чейинки шайлоодо жеңип алган акимияттарын Эрдогандын партиялаштары тартып алганын кошсок, түрк бийлигинин бул шайлоодо утулуп калуудан канчалык коркуп жатканы чыгат.

24-июндагы түрк шайлоосу кандай натыйжаланат?

Түркия жараны 24-июндагы президенттик жана парламенттик шайлоодо биринчи жолу өзү каалаган жерден добуш бере алат. Туруктуу демократия орногон мамлекеттерде мактоого алаарлык мындай ыкма бул шайлоодо Эрдоган жана анын партиясы үчүн мыйзамдаштырылганы айдан ачык.

Түрк серепчилери шайлоону толугу менен көзөмөлдөп, каалашынча добушту уурдап алууга өзүнө болушунча шарт түзсө да бийликтин марага биринчи жетпей калуудан коркуп жатканы үмүттөндүрөт дешет. Бул жагдай тарапташтарынын арасында ага жана партиясына каршы иштеп койчулар бар деп Эрдогандын коркуп жатканынан кабар берет.

Учурдагы Түркияда добушту ким бергени эмес, аларды ким санаганы маанилүү деген ойдо Адем Явуз Аслан. “Буга чейинки шайлоолордо болгондой, добуштардын 90 пайызы шайлоодон кийинки сутка ичинде билинет, калганы кечиктирилет. Сандыктардан бийлик каалабагандай найтыйжа чыкса, атайын тандалган прокурорлор менен соттор террорго жардам берүү кинеси менен шайлоону көзөмөлдөгөн миңдеген мамлекеттик кызматкерди камакка алууга даяр турат”, - дейт журналист.

Режжеп Таййып Эрдоган калп айтуу рекордун улам жаңыртып кетип бара жаткан өлкө башчы. Айрыкча бул шайлоодо тилин болушунча агыты. Анын Түркиянын ири шааарларындагы митингдерде бул жерге биз аэропорт, университет курдук деген сөздөрү текшерилгенде, алар Эрдоган партиясы менен бийликке келээрден 10-15 жыл мурун салынганы билинип жатат. Бирок аны кудай көргөн исламчыл-улутчул түрктөр “ажобуз айга төрт тараптуу жол салды десе ишенебиз” абалында экени белгилүү.

Бул арада Таййып Эрдогандын негизги атаандашы Мухаррем Инже: “Митингдеримде мен ага “урматуу Эрдоган” деп кайрылам, ал мага “Мени кара, Мухаррем” дейт. Ии, сени карадым, Режжеп, эмне болду”, - деп түрк президенитинин өлкө саясатын канчалык төмөн түшүрүп жибергенине көңүл бурдурду.

Ошондуктан Түркиянын 24-июнда өтчү шайлоосун “Ии, Режжеп, билгениңдей тайраңдап көрчү” шайлоосу десек жаңылбайбыз. Бирок андан кийин эмне болоорун эч ким так божомолдой албайт.