Орусия

​Карчарбага чейин жетебизби же Орусиянын өлгөндөрдү көмгөн фонду

16 июня 2018 г. 9:16 1277

Орусиядагы пенсиялык реформа чыныгы реформа эмес – жарандардын эсебинен мамлекеттик бюджетти толтуруу гана деген ойдо саясат таануучу Иван Преображенский

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталаарына үч саат калганда орусиялык өкмөт пенсияга чыгуу курагын жогорулаткан мыйзам долбоорун бекитти. Аны барган сайын эркектер үчүн 65ге, аялдар үчүн 63 жашка чейин жогорулатышат.

Реформа керек, бирок ал ишке ашпайт

Оболу мындай реформа зарыл экенин айта кетели. Биз немис канцлери Отто Бисмарк 1889-жылы киргизген схеманы 21-кылымда колдоно албайбыз.

Бирок кабыл алынган мыйзам долбоорун реформа деп айтуу кыйын. Адистер акыркы он беш жылдан бери сунуштап келе жаткандай пенсиялык система Орусияда орнобойт.

Схема алмашпаган соң, учурдагы демографиялык абалды эске алып, өкмөттүн бул аракетин классикалык “каржы пирамидасы” десек болот. Жаштар картаңдарды багат, бирок “өндүрүмдүү курактагы” кишилер барган сайын азайып, кары-картаң көбөйүп барат. Мындан мурунураак бир пенсионер үчүн 4-5 киши иштесе, жакында алар экиден да аз болот.

Адаттагы логика мындай схеманы өзгөртүү керек деп турат. Бирок буга окшогон көйгөйгө кептелген өлкөнүн көбү колдонуп келген бюрократтык логика да бар. Эгер жаштар азайып кетсе, кечээги картаңдарды жаш дей саласың. Арийне, бул жолду тандаган мамлекеттерде медицина Орусияныкынан жакшыраак, ошондуктан кишилер узагыраак жашайт.

Мындан сырткары, эгер схема алмашпаса, жыйырма жылдан кийин Орусияда мамлекеттик пенсиялык системаны жокко чыгарып, кароосуз калгандар менен жакырларга жөлөк пул гана бериш керек болуп калат. Бирок мунун баары учурдагы министрлер доорунда болуп кетпейт. Аларга бюджетти толтур деген маселе коюлган, ошону чечүү менен гана алек. Бардык товардын баасын арттыруучу кошумча нарк салыгын көбөйтүп, пенсиялык куракты жогорулатышты.

Өкмөт мунун реформа эмес экенин билет, бирок олуттуу өзгөртүүлөргө баруудан чочуйт. Орусиялыктардын “куйругун” улам кичинеден кертип жатышат, аяганынан эмес, көтөрүлүп кетишпесин деп. Министрлер жарандарынын көбү мындай “реформага” каршы экенин билишет.

Орусияда аял болуп төрөлүү керек

Менин карчарбама жетем деген үмүтүм буга чейин эле араң жанып калган. Эми өкмөт мунун мүмкүн эместигин даана көрсөттү.

Албетте, картайгандан улам пенсия алуу мүмкүндүгүм үлбүлдөп турат. Орусиялыктын көбү учурда 65 бешке чейин чыгат. Бирок мен керектүү стаж иштеп бере албаган болсом (анын жылын барган сайын жогорулатышууда), буга чейин эмгектик деп, азыр “сактык” деп атап калышкан пенсияга жетпейм. Мамлекет мага социалдык гана пенсияга кепилдик берет.

Аны да карчарба эмес, кабыр акчасы катары алганы турам. Анткени жаңы мыйзам боюнча социалдык карчарбаны өкмөт эркектер 70, аялдар 68ге гана чыкканда бере баштамакчы. Мен мындан улам “Мен эмнеге аял эмесмин?!” деп кыйкырып жибергим келет. Анткени биздин өлкөдө аялдар орточо эсеп менен 76 жашка жетип, эркектер болсо 66 жаштан бир аз гана ашат.

Демек, орто статистикалык орусиялык эркек пенсиялык куракка чыгып, бир жылдай карылык пенсиясын алганы менен социалдык пенсияга чыкпастан эле жарык дүйнө менен кош айтышат. Жеке өзүң үчүн атайын жыйнап, жашыраак кезде пенсияга жетүү схемасын мамлекет мындан мурун эле колубуздан алып койгон. Жаңы эрежелерде болсо анын жыты да жок.

Карчарба спецоперациясы

Эгер өкмөтү пенсиялык куракты жогорулатат деп Путин ачык айтса, март айында өткөн шайлоодо ким ага добуш берет эле? Бул акыркы күндөрдүн негизги суроосу. Экинчи суроо – өкмөт менин чөнтөгүмөн канча акча уурдап алды? Түрдүү эсептер боюнча ар бир аялзаты миллиондон ашык рубль албай калат, эркектер миллионго бир аз жетпеген акчадан кол жууйт.

Кээ бир жарандар шайлоодон кийин өкмөт чөнтөгүнө кол салаарын, албетте, түшүнүшкөн. Айрыкча бул псевдореформа көптөн бери эле ойлонулуп келген, өкмөт болгону Алексей Кудриндин долбоорун ала салган. Көпчүлүк бийлигине ишенген, азыр өзүн алданып калгандай сезип турат.

Биздин пенсиябыз – балдарыбыз

Өкмөт ушуну менен токтойбу? Андайга окшобойт. Реформаларды күтүш кыйын, анткени өлкөнүн негизги баалуулугу – туруктуулук. Буга чейинкидей эле бюджеттин жыртыктарын бүтөш үчүн калктын чөнтөгүн жукартышмакчы. Мисалы биздин больничный жана төлөм каралган эмгектин өргүүбүздөн кыскартылган каражаттар менен бүтөйт. Орусиялыктар жакында аларын да коргоп чыгууга мажбур болчудай көрүнөт.

Пенсияга келгенде, мен акылы ордундагы кишинин баарына көбүрөөк бала төрөп, аларды жакшыраак тарбиялагыла деген кеңеш берип келем. Карылыкка даярдануунун колубуздан келген жалгыз аракети ушул. Биздин пенсиябыз өз балдарыбыз. Биз буга чейин Орусия федерациябызга Сирия менен Украинада согуш жүргүзүү үчүн “жаңы мунай” болуп бергенибиздей эле, балдарыбыз да биздин жападан жалгыз капиталыбыз.

Иван Преображенский, Deutsche Welle