Ара жолдогу мамлекет

​Израиль эмнеге АКШдан алган 38 млрд доллар үчүн нааразы?

15 июня 2018 г. 15:04 1335

Май айынан бери АКШнын Израилге берген жардамынын тегерегиндеги ызы-чуу токтобой келет. 2016-жылы Барак Обаманын администрациясы Израилге он жыл ичинде (2019-2028) согуштук муктаждыктары үчүн 38 млрд доллар беребиз деп макулдашкан. Келишимде эки гана шарт коюлган: Израиль бул каражатка америкалык өндүрүм менен кызматты гана сатып алат жана АКШнын конгресинен кошумча жардам сурабайт.

Израиль эгер согуш эле башталып кетпесе, он жыл ичинде Конгресстен акча сурап кайрылып тажатпайм деген өзүнчө кат да жазып берген. Бирок капшыттан кирчү жолдор калып калган. Мисалы, террорчулардын жер алдынан казган тоннелдери менен санариптик коопсуздук үчүн акча сураса болот.

Башында израилдиктер жылына 4,5 млрд доллар бергиле деп сурашкан, бирок акыры 3,8ге келип токтошкон. Келишим ушул жылдын этегинде күчүнө кирет. Анткени менен ал израилдиктеринин көптөрүнүн көөнүнө жакпай калган.

Жаңы келишимге чейин жылдык америкалыктар берген жардамдын 26,3 пайызын (816 млн доллардын терегеринде) өз өндүрүмүн сатып алууга жумшай алчу. Андан сырткары дагы 13%ын аскердик муктаждыктар үчүн күйүүчү май сатып алууга жумшаса болчу. Бул жылга чейин Конгресс Израилге жылына 3,5 млрд доллар чегерип келген.

Эми жылда берилчү сумма көбөйгөнү менен шарттары өзгөргөн. Израиль америкалык эмес өндүрүмгө акча чегерүүнү алты жылдын ичинде кыскартып, америкалык акчага күйүүчү май сатып алууну биринчи жылдан эле баштап токтотушу керек.

Согуштук экономисттердин эсеби боюнча, өлкөнүн аскердик өндүрүшү 22 миңге жакын жумуш ордунан ажырап, Израиль бир топ ооруксунуп калмак. Ансыз да жумушсуздугу күч, 40 пайызы өлкөнүн чеке белинде жайгашкан 140 ишкана жабылып калуусу күтүлүүдө.

Серепчилер чакан жергиликтүү инновациялык компаниялар жабылса, ири согуштук компаниялар алардын идеялары менен жаңы технологияларын албай калат дешет. Натыйжада ири компаниялар аргасыздан Израилден чыгып кетүүгө мажбур болушат.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Израилдин парламенти өкмөтүн келишимдин шарттарын өзгөртүүгө түртө баштады. Депутаттар президент Трамптын администрациясы көнүп, акчаны ички өндүрүм сатып алууга уруксат берет деп үмүттөнүүдө. Бирок бир тарабынан караганда, бул сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аякташына шек бар. Анткени Трамптын саясаты эң биринчи кезекте АКШнын жана америкалык өндүрүштүн кызыкчылыгына жан үрөөгө негизделген.

Израилдиктер келишимдин шарттары так кармалса, өлкөсүнүн аскердик өндүрүшү катуу сокку жээрин Трампка жеткиргиси келет. Израиль түздөн-түз 816 млн доллар гана жоготпостон, кыйыр түрдө дагы 1,3 млрд долларга чыгымга учурап, 700гө жакын согуштук өндүрүм чыгарган ишкана аксап баштамакчы.

Андан сырткары, Израилдин оппозициялык партияларынын мүчөлөрү, ички өндүрүм сатып алынбай калса, кырдаал курчуп кеткен учурда өлкө өз куралдарын чыгара албай, толугу менен АКШнын жардамына муктаж болуп калат. Мамлекеттик аэрокосмикалык технология өндүрүү компаниясынын башкы каржы мүдүрү аэрокосмикалык тармак жок болот, ошондуктан келишимден чыгуу керек дейт.

Башка адистер бул келишимди Израиль байланып калган баңгизаттай болот деп салыштырышып, андыктан эртерээк өзгөртүү зарыл дешүүдө. Учурда F-151 учагы жетиштүү болсо да, Израиль саясий кызыкчылык үчүн F-31 сатып алууга мажбур. Израилдин Трамптан келишимдин шарттарын жеңилдетүүнү сурануудан башка реалдуу планы жок.

Азия мамлекеттерине өз куралдарын сатуу чара болуп бере алмак. Бирок мында да маселе чыккан. 2000-жылы Кытайга радар сатам дегенде АКШ бул келишимди токтотуп салып, израилдиктер миллиард доллардык чыгымга учурашкан. Андан кийин өлкөсүнөн америкалык эмес куралды да сатууну чектеген меморандумга кол коюуга мажбур болгон. Ал меморандумдагы тизмеде АКШ менен макулдашпай туруп курал сатууга мүмкүн болбогон 23 мамлекет каралган.

Ошол эле убакта саткан куралын израилдиктер согуш талаасында сынап бергенден келип чыккан маркетинг мүмкүнчүлүктөрүн америкалыктар жакшы пайдаланып келет. Эгер америкалыктар израилдиктерге кандайдыр бир курал берсе, ал, демек, сатып алууга татыктуу заманбап нерсе. АКШнын ал куралын кийин башка жерлеге сатуусу жеңилдейт. Албетте, Израилди бул кыжырлантат. Кээ бир израилдиктер 38 млрд доллар менен америкалыктар оңой кутулуп жатат дешет.

Тигил тарапта америкалыктар да өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы досуна айраң таң. Белекке берилген жылкынын тишине каралмак беле.

Израилдиктердин көбү АКШнын жардамысыз жашап кетээрине ишенишпейт. Америкалыктар болсо башка өлкөлөргө берген эл аралык жардамынын учасы менен казы-картасын жыл сайын Израилге тартып жатканын кайра-кайра айтып келет.

Илья Плеханов, ИноСМИ, Орусия