Борбор Азия

​Талибан менен мамиле түзүү Борбор Азияга пайда алып келеби?

14 июня 2018 г. 12:39 700

“Талибандын” жазгы чабуулунун ийгиликтеринен улам, Афганистанга коңшу мамлекеттердин бул радикалдуу кыймыл менен мамилелешүүсү өөн учурабай баштады. Мындай мамилелер регионго туруктуулук алып келе алабы?

Афганистан бийлиги менен анын өнөктөштөрү “Талибан” жар салган 2018-жылкы жазгы чабуулдарын бастыра албай келишет. Бул чабуулдар өлкөнүн Борбор Азия мамлекеттерине чек аралаш түндүк тарабында да байкалууда. Төмөнкү окуяларды эле карап көрөлү. Майдын этегинде афган ЖМКлары Тажикстанга чектеш Тахар аймагынын Дашти-Каласынын согушкерлердин көзөмөлүнө өткөнүн жазып чыгышты. 10унан 11-июнга караган түнү талибдер Кундуз аймагындагы көзөмөлдөп өткөрүүчү жайга (КӨЖ) кол салышып, түнү бою уланган кагылышууда афган күч түзүмдөрү чоң жоготууларга учурап, кол салгандар брондолгон автоунааларды ганиметтеп кетишкен.

Буга чейин талибдер Тажикстан менен чектешкен ошол эле аймактагы башка КӨЖдөргө да чабуул коюшкан. 12-июнда Түркмөнстан менен чектешкен Фарьябды басып алышты деген кабар келген. Мындай маалыматтарга караганда, Афганистандын коңшулары “Талибан” менен өз алдынча байланыш түзүп жатканын түшүнсө болот. Бул байланыштардын туруктуулугунан серепчилер күмөн санабайт.

Талибдер менен эки деңгээлдеги байланыш

“Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин, айрыкча атайын кызматтары аркылуу, “Талибан” менен туруктуу нукка салынган байланыштары бар. Бул өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын жетекчилигинде талибдер менен мамиле түзүүнү жактаган топтор пайда болду, - дейт Заманбап Афганистанды изилдөө борборунун кызматкери (ЗАИБ) Андрей Серенко. Анын маалыматы боюнча, талибдер менен учурда эки деңгээлде байланыш кармалууда. Биринчиси – “Талибандын” Катардагы кеңсеси менен. Экинчиси – Афганистандын өзүндөгү кол башчылары жана кыймылдын көрүнүктүү өкүлдөрү менен.

“Афганистан менен чектеш Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын байланыштарын “Талибандын” Иран жана Пакистан арасындагы түзүлгөн байланыштары менен салыштырса болуп калды. Албетте, Пакистан менен тикелей салыштырып болбойт, анткени талибдердин бир нече лидерлеринин үй-бүлөөсү бул өлкөдө турат. Региондун өлкөлөрү бул байланыштарын ачыкка чыгарышпайт, бирок мындай контакттар алардын коопсуздук саясатынын шарттуу бөлүгү болуп калды”, - деп кеп улады эксперт. Анын айтымында Афганистан менен чектеш республикалардын мындай кадамдарынын негизги максаты – мамлекеттик чек араны жабуу.

“Борборазиялык Швейцария” катары Кыргыз Республикасы

“Адистер, жалпы Афганистан жана согушкерлердин тигил же бул тобу тууралуу маалыматты жыйноо боюнча, тажик күч органдары алдыда деген ойдо. Алар мындай маалыматты талибдер менен түзгөн булактар аркылуу жыйнап жатышат. Бул кабар, жарадар талибдер Тажикстандын бейтапканаларында дарыланып, соолору кээ бир тажик бизнесмендер аркылуу курал-жарак алып жатат деген, азырынча такталбаган, бирок туруктуу маалыматтарга да байланшытуу болушу мүмкүн. Мындай кабарларды тастыктаган сүрөтүн же бейтапканалардын дарегин, же канча курал алгандыгын азырынча эч ким далил катары суна элек”, - дейт Андрей Серенко.

Ошол эле убакта Афганистандан салыштырмалуу узак Казакстан жана аны менен чектешкен Өзбекстан мындай деңгээлдеги байланыштар менен чектелип калган жок дей эксперт. “Ал жакта же Астана, же Ташкентте Кабулдагы бийлик менен “Талибан” сүйлөшүп, мунасага келе алчу аянтча түзүү идеясы колдоого алына баштады. Бул деңгээлдеги байланыштар маалымат топтоо менен гана чектелбейт. Муну аталаган өлкөлөрдүн эл аралык аброюн көтөрүү саясаты деш керек”, - деген ойдо Серенко.

Анын айтымында Бишкектин тууру да кызыктуу. Кыргыз Республикасы Казакстандай эле Афганистан жана ага байланыштуу маселелерден алыс. Ошондон улам “борборазиялык Швейцария” катары афган саясатына активдүү катышып келет. Бишкекте бир туруп афган бийлигинин расмий жана атайын кызматынын адамдары, бир туруп талибдердин өкүлдөрү пайда болуп калып жатат. Бирок Бишкек азырынча мындан саясий упай топтого аракеттенген жок.

Талибдер ИГИЛге каршы

Орусиялык согуштук эксперт Лев Корольков “Талибан” менен байланыштарды өрчүтүп, пайдаланууда Орусия маанилүү роль ойнойт, ал талибдерди ИГИЛге каршы согушта убактылуу өнөктөш катары көрөт деген ойдо. “Москва – ИГИЛ Борбор Азия республикаларынын чек араларынын жанындагы тобун күчтөнтүп жатат, бирок АКШ менен Афганистандын бийлиги буга жетиштүү каршылык бербей турат – деген ойдо. Андан да өтүп, Афганистандын кээ бир саясатчылары, жергиликтүү күч түзүмдөрүнө шилтеме берип, ИГИЛдин согушкерлери жана курал-жарактар өлкөнүн түндүгүнө белгисиз тик учактар менен ташылып жатат деп айтууда. Же тескерисинче, талибдердин курчоосунда калган согушкерлерди кан майданынан алып чыгып кетүүдө”, - дейт ал.

“Ал жактагы жагдай башаламан, талибдер да бирдиктүү күч эмес. Алар өз кыймылынын ичинде келгиндерге каршы убактылуу байланыш түзүшөт. ИГИЛ болсо алар үчүн келгин”, - деген ойдо Корольков. Анын маалыматы боюнча, талибдер менен байланышты, анын арасында кээ бир техникага кошумча тетиктерди, Орусия Кытай менен макулдашып, Борбор Азия мамлекеттери аркылуу жеткирүүдө.

“Талибдер Гератта Түркмөнстандын чектерине чейин өтмөк ачканга жетишти деген маалымат бар. Алар бул өтмөктү да колдонуп жатышса керек, мен бул маалыматты тактай да, жалганга чыгара да албайм. Бирок негизги жолдор Гераттын түндүк тарабы – Жаузжан, Кундуз жана Балх аркылуу өтөт. Өзбекстандын мындай байланыштарды түзүүгө эң ыңгайлуу шарттары бар. Ташкенттин Ашраф Ганинин өкмөтү менен мамилеси жакшы болгондуктан, мындай кабарлашууну ачык да жүргүзө алат”, - дейт эксперт.

Афган президентинин талибдер менен күрөшүү стратегиясы жок

Чек араларынан ИГИЛ менен башка жихадчы топторду алыстатуу үчүн талибдерди колдонуу идеясы, Серенконун айтымында, Ашхабад менен Душанбеде каралып жатат. Өзбекстан менен Казакстандан айырмаланып, Тажикстан Афганистанды согуш талаасындагы мамлекет катары көрөт.

“Афганистанда, эмне экени белгисиз ИГИЛге караганда, “Талибан” таанымал жана түшүктүү, аныкталбаган нерсе коркунучтуу экени белгилүү. Региондо, сала коймо бут кийим сыяктуу болгон, “Талибан” менен байланыштар көңүлгө тынчтык алып келет. Бирок талибдер Амурдарьяны эч качан кезип өтпөйт деш да кыйын”, - дейт Андрей Серенко.

Анын баамы боюнча, Борбор Азиянын талдоочулары “Талибандын” Кабулдагы бийликке кайтып келишине ишенишпейт, ошондуктан аны убактылуу пайдаланууга кызыктар. Лев Корольков да Москванын “алардын балким пайдасы тиет” деген ойдо байланыш түзгөнү менен, Афганистанда талибердин саясий жана согуштук таасиринин артуусун каалабайт деп, баса белгилейт. Орусия “кандай болбосун, расмий Кабул менен жакшы мамиледе, ал жакта саясий жана экономикалык кызыкчылыктары бар” деп эскертет Корольков.

Андай болгону менен, Москва да, Борбор Азия мамлекеттери да афган президентинин талибдер менен күрөшүү стратегиясы жок экенин билишет, мындай стратегияны иштеп чыгып, күч органдары менен ишке ашырам дегенине көп болду, деп тастыктайт Андрей Серенко. “Ашраф Гани НАТОнун күчтөрүнүн кайра көбөйүүсүн күтүп олтурат. Минтип олтура берсе, талибдердин Кундуз эле эмес Кабулга чабуул коюусун күтүп алышы мүмкүн”, - дейт ЗАИБдин серепчиси.

Deutsche Welle, Борбор Азия